Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Чачылганды жыйнап...


Гезиттер башкы көңүлдү шайлоо, саясат тууралуу макалаларга бурду.

Улуу комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгына арналып өткөрүлгөн комузчулардын республикалык кароо-сынагы Бишкектин Улуттук филармониясында болуп өткөнү жөнүндө алакандай кабарды “Жаңы агым” гезити гана баспаса, калган гезиттердин баары саясат жана башка темалар тууралуу жазышты.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстандын экономикасы туңгуюкта деп айтууга болбойт. Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенине 1 жыл болду” деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, журналист Азимжан Ибраимовдун президенттин ишмердигин талдоого алган макаласын жарыялады.

Айрым эксперттердин айтымында, Кыргызстан Европа-Азия багытындагы ири логистикалык борборго айланарын, бирок 20 жылдан бери чачылганды жыйнайын деп аткан президенттин аракетине бут тосуп аткандар да болуп жатканын, буга карабастан Атамбаев жакында өз жарлыгы менен Экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзгөнүн айтылат.

Ушул эле санга “Башкы прокуратура “мародерлук” боюнча иштин токтотулушуна, Равшан Сабировдун акталышына макул эмес” деген жана “Түлеев жана анын командасынын сегиз операциясы" деген макалалар жарык көрдү.

“Алиби” гезити 27-ноябрь күнү Бишкектин “Достук” мейманканасында жалпы кыргыз тилдүү гезиттердин баш редакторлору, белгилүү саясатчылар чогулган тегерек үстөл өтүп, анда бүгүнкү күндөгү журналистиканын абалы, жакшы жактары жана кемчиликтери жөнүндө сөз болгону жана учурдагы саясат тууралуу айрым баш редакторлордун жана саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Жылдыз Жолдошеванын, Өмүрбек Абдрахмановдун, Чолпон Султанбекованын, Равшан Жээнбековдун, Токтайым Үмөталиеванын, Жылдыз Муслимованын айткан ойлорунда кеп болду.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Шайлоо деген “Ар-намысыңа” карабайт” деген макаласын тартуулады.

Бул санга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин “Биз эл ишенип берген добушту коргоп алабыз” деген маеги да басылды.

“Жаңы агым” гезити бул санын “Бизде адам өлтүргөндөр менен сотка уурдагандар бирдей жазалант” деген баштема менен ачты.

Журналист Зайырбек Ажыматовдун бул макаласында 26-ноябрда Медет Садыркулов баштаган үч кишинин өлүмү боюнча Бишкек гарнизондук аскер соту чыгарган өкүмгө жабырланган тарап да, айыпталган тарап да канааттанбаганын, жабырлануучулардын адвокаты Леонид Лужанский өкүмдү жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко кайрыларын билдиргенин белгиледи. Эмне үчүн мындай болду?

Адвокаттын нааразылыгына макул болгон журналист чынында жаза жеңил болуп калганын, анткени кылмышты катардагы адамдар эмес, мамлекеттик кызматта иштегендер жасаганын, андыктан эки эсе жазаланса туура болмогун, Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу делген үч киши кесилип, кесиле тургандардын көбү мунапыс менен кутулуп баса беришкенин белгилеп: “анда азыркы бийликте отургандар да кылмыш жасап коюп, мунапыс менен кутулуп кете берсе болот экен да?” деген суроону койду.

Журналист Кудурет Тайчабаровдун макаласы “Көмүр сатуунун сырлары” деп аталды.

“Де-факто” гезити “Карусель. Таза шайлоо мифке айланганда” деген макала менен бул санын ачып, өткөн шайлоого байланыштуу бир катар материалдарды басып чыкты.

Ушул эле санда журналист Мирлан Дүйшөнбаевдин “Саясый фиаско, “көзү ачылган” Текебаев, унчукпас бейөкмөтчүлөр жана “утопия” аралы...” деген макала да шайлоо тууралуу.

Аткаминерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн адамдары кантип дос болуп жүргөндүгү Байрак Бектеналиев аттуу автордун макаласында баяндалды.
XS
SM
MD
LG