Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Жардамчынын колдоочусу бар


Бүгүнкү баяндама "Дело №…" гезитиндеги макалалар менен болмокчу.

Гезиттин бир бурчунда «Айтматовдун ааламы» деген кенедей маалымат жүргөнү болбосо, башка көлөмдүү эч нерсе жазылган жок. Бул алакандай кабарда «Чыңгыз Айтматовдун ааламы» деген китептин бет ачары Бишкекте болгону, китеп 2008-жылы жарык көргөн 8 томунан алынып түзүлгөндүгү, автору Кыргыз техникалык университетинин профессору Замира Дервишева экендиги кабарланган.

Китеп «Адам», «Турмуш», «Балдар», «Сүйүү», «Бийлик», «Согуш» деген аталыштардан турат. Орус тилинде жарык көргөн китеп 300 нуска менен жарык көргөн.

«Дело №…» гезити жаңы санын «Кыргызстанда менттердин согушу башталдыбы?» деген баштема менен ачты. «Погончон интригандар» деген рубриканын алдындагы Вадим Ночевкиндин 3 бет макаласы Ички иштер министрлигинин жашыруун жыйыны тууралуу тасманы кимдир бирөө интернетке салып жибергендиги баяндалган.

Өткөн жылы Ички иштер министрлиги 14 млн. 738 миң сомдук финансы бузууларга баргандыгы, 2011-жылы милицияга 5 млн. сом демөөрчүлүк жардам берилсе, анын 910 миң сомун Бишкектин Свердлов райондук күзөт бөлүмү "Мерседес S-500" автомашинасын сатып алууга жумшаганы, тендерсиз сатылып алынган бул машина кийин ошол кездеги министр Зарылбек Рысалиевдин өзүнө бекитилип берилгени, башка дагы финансылык көптөгөн мыйзам бузуулар болгону, министрликти текшерүүгө алган ведомстволор аралык комиссия генерал Зарылбек Рысалиевдин жоопкерчилигин кароо жөнүндө маселе койгондугу, бул маселе кийин такыр башкача чечилгени, ошондон эки күн өткөндөн кийин Жантөрө Сатыбалдиев Рысалиевди Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы кылып дайындаганы жазылган.

«Депутаттан дагы анын жардамчылары коркунучтуу» деген ат менен жарык көргөн макалада 8-декабрдын таңында, таңкы саат төрттүн тегерегинде Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде катуу авария болгону, «Тойота Лендкрузер» маркасындагы машинасы жинди болгондой ылдамдыкта келатып кызыл жарыктан өтүп барып жүүргүнчүлөрдү ташып бараткан «Мерседес» үлгүсүндөгү микроавтобусту сүзгөнүн, анын шоопуру, 25 жаштагы Жоробек уулу ошол эле жерден жан бергенин, ичиндеги эки жүргүнчү 26 жаштагы Аманбаев менен 28 жаштагы Орозов ооруканага жетери менен үзүлгөнүн, дагы төрт жүргүнчү ушул кезде оор абалда жатканын жазып чыкты.

Таң атпай Жип минип келаткан адам, ошол аварияны көрүп тургандардын айтымында, өлгүдөй мас болгон, бирок "мастын коргоочусу бар" дегендей, авариядан ал эч нерсе болгон эмес, болмок турсун Жакыпов ооруканага ичиндеги арагын текшергени алып барган жерден качып кетип, он эки саат бою издетип жүрүп, жашынган жеринен таап келип камакка алышкан. Ал «Ата Журт» партиясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун 25 жаштагы Таалайбек Жакыпов аттуу жардамчысы болгон.

Гезит муну менен бирге дагы бир депутат Ирина Карамушкинанын шоопуру дагы бир кишини сүзүп өлтүргөндүгү үчүн эмдигиче жоопко тартылбай, соту Чубактын кунундай чубалып келатканын эске салды.

Гезит Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин күтүүсүз пайда болушуна арналган макаланы окурмандарга тартуу кылды. Макалада Камчы Көлбаев «эмне үчүн алынып келгени, ал «күч органдары тарабынан алынып келдиби же өзү келдиби?» деген суроолор жоопсуз калып жаткандыгы, болгону ал жаңырган жылдын 8-январына чейин же бир ай Улуттук коопсуздук комитетинин абагында болору кабарланды.

«Дело…» гезитинин бүгүнкү санында «Эч кандай кыямат кайым болбойт» деген аталыш менен макала жарыяланды. Мындай маалыматты атайылап күргүштөтүп, массалык маалымат каражаттары аркылуу таратып жаткандар болорун, ишенчээк адамдардын аң-сезимин чакчелекей кылып, өтпөгөн нерселерин өткөрүп аларын, көздөгөнү акчадан бөлөк эч нерсе эмес экендигин жазып чыкты.

Егор Орловдун макаласы жакында эле чоң чырдын бутасына айланган Нурлан Мотуевге байланыштуу окуянын айланасында болду. Макалада "Менин күнөөм жок, ал кыз өзү келген" деп Мотуев айтса, "ал "порядочныймын" дегенинен мен келесоо ага ишенген болчумун" деп Алия деген кыз айтып атканы келтирилген.
XS
SM
MD
LG