Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эл тагдыры


Гезиттер өлкөнүн ички турмушундагы окуяларды чагылдырууга басым жасашты.

“Пресс.kg” гезитиндеги журналист Айзада Абазованын макаласы “КСДП–байлардын, “Ата Журт” чиновниктердин кызыкчылыгын көздөйбү?” деген макаласын тартуу кылды.

Айзада макаласында: “Акаев 15 жыл жегенди Бакиев балдары менен 5 эле жылда жеп койду. Эми Атамбаевди Бакиев менен Акаевдин тагдыры күтүп турат” деп көзү ачыктык кылууга өттүк. Мындайда кыргыз “оозуңа таш!” дечү беле. Атамбаевди тигил экөөнүн тагдыры күтпөй эле койсун. Муну биз президентти эзилип жакшы көргөндөн эмес, тек гана, президенттердин андай тагдыры өз баштары менен кетпей, элдин тагдыры менен тыгыз байланышта болорунан улам, элибиз үчүнчү жолу ушундай тагдырга туш болбосун дегенден улам айтып жатабыз. Бийликтин жакшы жагын да көрүш керек го акыры. Мурдагы “өлтүрүп кетти”, “журналисти 21 жерине бычактап кетти”, “өрттөп жиберди” деген түрү суук сөздөр бүгүн “камалды” менен алмашып, канча жылдан бери элдин ыйманын учуруп, ырыскысын жеп, бирок жазаланбай тайраңдап келген чоңдордун камалып жатканы карапайым калкка майдай жагып турат” деп жазды.

Автор андан ары партиялардын ички катмарын талдоого алып, кыргыз парламентинде эл өкүлдөрү эмес эле бизнесмендер менен чиновниктердин өкүлдөрү отурганын, ал эми чыныгы карапайым калктын өкүлдөрү чынында эле парламентте жокко эсе экендигин кеп кылды.

“Айат” гезитине жазган макаласында журналист Балбак Түлөбаев президент сунуш кылган “Жол картасы” чыныгы кыргыздын “жол картасы” болуп калды, ошондуктан муну бардыгыбыз колдоп, улам-улам кубалашып, бири-бирибизди кетсин дей бербей, иштиктүү топ түзүп, Баш мыйзам менен мамлекеттик түзүлүштү реформалоону тез арада башташ керектигин белгилеп, 10 беренеден турган сунушун киргизди.

“Башымда акылым, колумда калемим турганда мен булардын абийирин ачам” деген ат менен Нурлан Мотуев маек курду.

“Учур” гезити “Кыямат-кайым” тууралуу улуу астрологдордун, олуялар Нострадамустун, Ванганын жана башкалардын айтып кеткендерин, белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековдун маегин тартуулады.

Маегинде Мелис Карырбеков элди дүрбөлөңгө салып жаткан Маянын календарын түшүнбөй тургандыгын, Мая эли өзү жашоодон жок болуп кеткен эл экенин, коомдо баягы “птичий грипп” менен дүрбөлөңгө түшүргөндөй элдин кайгысынан да акча жасаган шылуун бизнесмендер толо экенин, керек болсо адамзаттын акыл-эсин башкаргандар жалпы коомчулукту алаксытуу үчүн согуш чыгарып, кыргын салып келгенин, андыктан жашоо бүтөт деген Маянын календарына ишенбестигин айтты.

Ушул эле “Учур” гезитине депутат Каныбек Осмоналиевдин “Кыргызстан диний секталардын полигонуна айланды” деген маеги жарыяланып, ал эртең жок бүрсүгүнү же 15-декабрда муфтийди шайлоо болорун, бул өтө жооптуу маселе экендигин эске салды.

“Кыргыз гезиттеринин биримдиги” бирикмесинин төрагасы Бабырбек Жээнбековдун “Ак үйдүн айдактамалары” деген аталыштагы макаласы жарыяланып, анысында ал журналисттер Бакыт Орунбеков, Үсөн Касыбеков, Каныбек Иманалиев жана президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду сынга алды.

“Асман преss” гезити бул санын “Көлбаев кимге керек?” деген макала менен ачып, Дубайдагы Көлбаев менен Анапияевдин Мекенине келери бир жыл мурда эле сөз болгонун, коомчулукта Зарылбек Рысалиевдин кызматтан кетирилиши да Көлбаевдин келишине көрүлгөн камкордук катары айтылып жатканын белгилеп: “мурдагы бийлик өзүнө керек болгондо уюшкан кылмыштуу топтун башчыларын пайдаланып алып, кереги жокто ыргытып салчу эле, бул ирет да ошол көрүнүш кайталанган жатабы?” деп кабатыр болду.

Жусупжан Жээнбековдун маеги “Ош окуясына тиешеси барлар өз жазасын алышат” деген аталыш менен тартууланды, бирок ал басымды өзү жетектеп жаткан Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциялыгынын иши тууралуу кеп кылды.

“Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун: “Уулумду ресторанга чакырып, атаңызга кызмат берели дешиптир” деген маеги басылды, маегинде Жээнбеков Көлбаев өзү келгенин, бир айдан кийин Анапияев келерин, жакында Анапияевдин интервьюсу “Алиби” гезитине чыгарын, булардын баары бийликтин макулдугу менен келип жатканын айтты.
XS
SM
MD
LG