Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кеп эсептегичтеби же эсеп жегичтеби?


Гезиттер өлкөнүнүн ички турмушундагы көйгөй маселелерге көңүл бурду.

«Алиби» гезити Темирбек Алымбековдун «Эштек, эсептегичиң алмашат», Болотбек Таштаналиевдин «Арча-Бешикке бала бакчанын кереги жокпу?», Дайырбек Меймановдун «Сохтогу жаңжал - өзбек бийлигинин провокациясы» деген макалалары менен бүгүнкү санын ачты.

Темирбектин макаласы Энергетика маселесининен кеп козгоп, улам бийлик алмашкан сайын электр тогун эсептегичтер да алмашып келатканын, депутаттар муну коррупцияга каршы күрөштүн бир түрү катары көрсөтүп жатышканын, бирок миң эсептегич койгон күндө дагы сөөгүнө чейин коррупцияланган бул тармакты эсептегичтер менен оңдойбуз деп капталын жегендердин сөзүнө карапайым калк анча ишенбей турганын, анткени 16 жылда тарифтик баа 10 жолу көтөрүлгөнү менен энергетика тармагы баягы эле ордунда турганын кеп кылды.

Болотбек мырза Арча-Бешик айылында 100-150 миңдин тегерегинде киши жашарын, бул санга Баткен, Нарын, Талас шаарларынын калкынын санын кошкондо да жетпестигин, анан ушул конушта эмдигиче бала бакча деген жоктугун, мектеп жетпестигин, булардын ордун жегичтер небак сатып ийишкенин, бул тарапты карап койгон бийлик жоктугун жазды.

«Фабула» гезити журналист Баратбай Аракеевдин «Эски «запчастар». Апас Жумагулов жана башкалар» деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Автор сайы жешилип, буралбай калган бурамаларды улам майлап алып колдонуп келе жаткан өңдүү жаңы бийлик буга чейин элге «эмнелери» менен жакшы таанылган кадрларды кайра-кайра коё бермей адатын таштабай келатканын сөзгө алды. Буга Ички иштер министрлигиндеги кадр алмаштырууну саясатын мисалга тартып, «Бул тармакта жакшынакай иштеп жаткан профессионал жана тайманбас генерал Зарылбек Рысалиевди кызматынан алып, анын ордуна буга чейин эч бир кызматта тыңдыгы, иш билгилиги билинбеген Шамил Атахановду алып келишти. Ошондой эле мурунку иштеринде кыйындыгы көрүнбөгөн Болот Абакировду Мелис Турганбаевдин ордуна министрдин орунбасары кылды. Муну эң эле туура эмес иш болду деп милийсалардын өзүлөрү айтып жатышат. Абакиров ким да, Турганбаев ким, мыктынын ордуна ортозаарды тандаган эмне деген чечим? Баса, ИИМ жакты чаңдатып жаткан Рысалиевди жарабайсың деп айдап салган, кийин Жантөрө Сатыбалдиевдин колтугуна кирип алган Жеңиш Жакыпов дешет. Анын шыбыры менен азыркы министр Атаханов нечен бир азаматтарды кетирип жаткан кези. Баарынан кызыгы Бакиев бийлиги тушунда ага жанын берип кызмат кылган, аны менен кошо жешкен чиновниктер азыркы бийликке кирип алышты, парламентке толуп алышты» деп жазды.

«Фабуланын» бул санында ошондой эле Айбек Шамшыкеевдин «Атаханов эмне себептен 3,5 млн. сомду жеген Максат Момуновду кызматка алды?» деген макала басылды. Макалада Атаханов министр болуп келери менен ИИМге Жаныш Бакиевдин жакындарын жанына топтой баштаганы эмнеден кабар берет?» деген суроону койду.

«Кыргыз туусу» гезити «Чек арадагы эл тагдыры эмне болот?» деген баштеманын алдында Элдик Курултай тарабынан өткөрүлгөн талкуунун катышуучуларынын айрымдарынын ойлоруна орун берди. Маселен Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Баткендин үчтөн бир бөлүгү Тажикстанга өтүп кеткенин, Акаев эйфорияда жүрүп алса, Бакиев Соктон Риштанга коридор берген меморандумга кол коюп бергенин, мамлекет шарт түзө турган болсо Бүргөндүгө лейлектиктер менен баткендиктер үчүн чоң айыл курса болорун, ошондо газсактоочу жай өзүнөн өзү эле Кыргызстандыкы болуп каларын айтты.

Ушул эле гезитке «Көркөм өнөр жаатындагы акыйнек» деген теманын алдында эки –«Искусство институту оор абалда» деген жана ага жооп берген «Ректордун ордун алуу үчүн жалаа жабуу керекпи?» деген макалалар жарык көрдү.

Президент Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Жээнбековго, өкмөт башчысы Сатыбалдиевге 119 кишинин атынан 12 киши кол койгон кат «Ысык-Көл фонду облуста калсын, өз алдынча иш жүргүзсүн» деген ат менен тартууланды.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимовдун «Өнүгүүнүн «жол картасынан» жаралган ойлор» деген макаласы жана стратегиялык өнүгүү боюнча өз ойлорун кошкондордун пикирлери да ушул макаланын алдына жарыяланды.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин кен байлык маселесине арналган макаласы «Жер астында жаткан кен байлык эмес, иштетилген кен байлык» деген ат менен жарык көрдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG