Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Комиссиялардын өлкөсү


Гезиттер өлкөнүн ички саясый турмушун ар тараптан чагылдырган материалдарды жарыялашты.

Бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити айтылуу саясатчы Адахан Мадумаровдун “Революция жасоого умтулгандар – курсак тойгузууну гана ойлогон азаматтар” деген аталыштагы маеги менен жаңы санын ачты.

Адахан Мадумаров Кыргызстан азыр койчусу көп мамлекетке айланганын, ким эмнеге жооп берери белгисиздигин, өкмөт башчысы Сатыбалдиев эки министрге сөгүш жарыяласа, ага макул болбой комиссия түзүлгөнүн, акыл-эстүүмүн деген бир дагы мамлекетте мындай болбосун, Кыргызстан шайлоолор менен комиссиялардын өлкөсүнө айланганын белгиледи.

Мадумаров ошону менен бирге эле Конституцияны өзгөртмөйүн абал мындан да жаман болорун, төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштырганга негиз түзүлүп калганын, ажо пенделикке берилип, ушуну байкабай жатканын, пенделикке берилген адамдын көзү көрбөй, кулагы укпай каларын, бирок Ак үйдү аңтарып, Көк үйдү көңтөрүп кетмейди токтотуп, бир максатка биригип, революцияны көкүрөктө жасашыбыз керектигин, күрөштү конституциялык жол менен жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Ушул эле санда Өмүрбек Суваналиевдин “Атамбаевди шоопурунан башка колдобойт”, УКМКнын мурдагы төрагасы Марат Иманкуловдун “Дүйшөбаевге окшогон шылуундар мамлекетти жарга такашты” деген, депутат Исмаил Исаковдун “Токон Мамытов жыландын башын кылтыйтты” деген жана “Келдибековдун жубайы Аиданын клиникасы наристелерди өлтүрүп алып, басып коюшат экен” деген маектери бар.

“Пресс.kg” гезити Бакыт Молдалиевдин “Ал-тын! Кимдерди алып тынар экен?” макаласында “Кумтөрдүн” эң алгачкы учурун, “Сиабеко” деп аталган компаниянын жетекчиси Бриштейнди, 16 тонна алтындын жоголушун, Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмүн эске салды.

Жумаш Назаровдун макаласы “Бизнеске айланган революция” деген ат менен жарык көрүп, 7-апрелден кийинки Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, Бекназаров менен 16 млн. сом тууралуу сөз кылды. Бул санда депутат Өмүрбек Текебаевдин “Текебаев Оштун мэрин президент сунуш кылсын деген норма киргизди деген каралоо, ортого от жаккысы келгендердин чыгарган сөзү” деген маеги, Жумаш Назаровдун “Чоң мамлекеттердин кагылышуусунан коркпой, кичи мекенинен упай топтогусу келген Улукбекке дүңк” деген макала жарык көрдү. Бул макалада кайсы сөздү кайсы жерде айтып, кайсы жерден айтпоо керектигин үйрөнө элек сары ооз саясатчынын 45 мүнөттүк акыйнеги чыккандан көрө чыкпай калганы жакшы болмогун, Кочкоров Атамбаевдин сөзүн шардана кылдым деп бийликке да, элге да терс таасир тийгизгенин, депутаттар упай үчүн элге атасын да жамандап салгандан кайра тартпай турса, карапайым калкка азыр тынчтык гана керектигин айтты.

“Арена.kg” гезитине саясатчы Азимбек Бекназаров “5 млн. сомду Сооронбай Жээнбековго Чотонов алып берген” деп маек куруп, чуу болуп аткан 16 млн. сомдон эч кандай акча албаганын, аны ошол эле күнү Улуттук банкка өткөргөнүн айтканына кабарчы:

"Ошондой болсо да 10 млн. сомду алдым деп сиздин кол коюлган документ жүрөт го?", - дегенине ал анын 5 миллиону Ошко, 5 миллиону Жалал-Абадга бөлүнгөнүн, азыр аны жаман көрсөтүүнүн башында Атамбаев турганын, анын бийлигин жактаган гезиттер аны бир беткей шыбап атканын, ал эми ал арест кылган объектилердин көбүн Байболов аресттен чыгарганын, революциядан болгон иштердин теңинин көбүн Байболов жаап-жашырганын, Байболоп чыгарып, Турат Мадылбековдун баласы сатканын айтты.

Аталган гезитте депутат Жылдызкан Жолдошеванын энергетика маселесине карата, Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевдин депутаттарга кайрылуулары да басылып чыкты.

“Асман press" гезити “Атамбаев эл мүдөөсүн аткара албай жатабы? Жазында оппозициялык топ 3-революцияны баштаганы турабы?” деген суроо салды.

Депутат Жоомарт Сапарбаев: –Кайсы оппозициялык топ айтып жатканы белгисиз. Бул жөн гана божомолдор. Ачык далилдер азырынча жок,–деп,

Боршайкомдун мүчөсү Жеңиш Акматов: –Митингдер болушу мүмкүн. Революция болоруна ишенбейм,–деп.

Экс-депутат Кубанычбек Исабеков:–Мен башынан эле революция, мародерчулук дегендерге каршы чыгып келгем. Азыркы бийлик 3 жыл мурда берген убадаларынын бирин да аткара элек. Оппозициянын талаптарын колдогондун ордуна Ташиевди, Жапаровду камадык деп төш каккылап жатат. Эч кандай өзгөрүүлөр жок,–деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG