Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Мекенди ким чайкап жатат?


Гезиттердин баары кечээги митингдин айланасындагы окуяларды талдоого алышты.

Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити “Апрель баатырлары эмнеге нааразы?” деген баш тема менен жаңы санын ачып, кечээги митингге чыккан “Ата Мекен” партиясынын айрым өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн тартуулады.

“Акаев менен Айдар качып кетти, алардын байлыгы кимде калды? Айдардын досу болуп, кийин Максим менен дос болуп, Кыргызстанды бөлүп, жеп жүргөн Бабановдо калды. 2003-жылы 700 тонна алтыныбыз бар Кумтөрдү белек кылып койгондордун бири Курманбек Осмонов болгон. Ошондон эки күндөн кийин Акаев аны Жогорку Сотко төрага кылган. 700 тонна алтын 10 млрд. сом. Ошол кездеги парламент буга кол койбосун деп төрт жолу чечим чыгарганына карабастан түн ката кол коюшкан. Эми ошолор эл-жердин патриоту боло алабы? Бакиев менен Максимдин кызматын кылып жүргөндөр бүгүн муну өч алыш үчүн жасап жатат” деп сүйлөгөн депутат Өмүрбек Текебаевдин сөзү басылып чыкты.

“Бакиевдердин адвокаттары Ата Мекенге каршы” деген макалада Болот Шер Талас элин көтөрүп, канкор бийликке каршы жүргөн кезде Өмүрбек Бабанов байлыгын Бакиевдерден коргоп үйүндө жатканын, дагы бир таластык депутат Кенжебек Бокоев убагында Молдомуса Коңгантиевдин Таластагы жардамчысы болгонун, кезинде Кара-Буурадан депутат болом дегенде жердеш иниси Өмүрбек Бабановго Кара-Буурадагы ордун берип, өзү Акаев бийлигинин спикери болгон Алтай Бөрүбаев менен кармашып жеңип чыкканын, кечээ Болоттун жардамына муктаж болуп жүргөн инилери бүгүн Болот Шердин далысына бычак сайгандарын, алардын баары өзүнүн милийсада жана бийликте отурган карабууралык инилери экенин жазып, баары бир көкжал Болот Шерди эч ким саясаттан да, Таластан да, элден да сүрүп чыгаралбайт” деп жазды.

“Генералдардын кеби” деген рубриканын алдында ички иштер министри Шамил Атахановдун “Көлбаевден корккон саясатчылар өздөрү чыгарып жатышат” деген жана Мирослав Ниязовдун “Бекназаров баштаган оппозиция менен бирдиктүү иш кылуунун кажети да жок” деген аталыштагы интервьюларын окурмандарга сунуш кылды.

Министр Атаханов мародерчулук боюнча материалдар Бабановдун өтүнүчү менен ИИМге берилгенин, бирок эч кандай далил табылбаганын, азыр материалдар прокуратурада экенин айтса, генерал Мирослав Ниязов, АКШ базасын чыгарардан мурда пайдасын көрүп, турмушубузду оңдоп алсак болмогун, адегенде Ооганстандан коркунуч барбы-жокпу, ушуну анализдеп туруп жыйынтык чыгарганда болмогун, антпей эле орустар чыгар деди деп шымалана бербей саясатты туура жүргүзүш керектигин кеп кылды “Арена kg” гезити аркылуу.

“Учур” гезити бул санын “Парламенттин түбүнө “Ата Мекен” жетмей болду” деген ат менен кечээги парламент талкуусунан жазылган макала менен ачты. КТРКнын башкы деректири: “Миллиондоп сомду чачкыдай башым экөө эмес” деп интервью берип, өз айланасындагы жок жерден акча чачты деген ушак-айыңдарга жообун берди.

Ушул эле “Учур” гезити аркылуу депутат Райкан Төлөгөнов “7-апрелге чейин Жанышка арак куюп, шүмшүңдөп жүргөн Рысалиев бизге көө жапты” деп интервью берсе, ички иштер министри Шамил Атаханов “Рысалиев ички коопсуздук кызматын монстрга айландырып салган” деп маек курду.

“Пресс.kg” гезити баш макаласын “Реваншисттерге жол жок! Революцияны сактап калабыз!” деп атап, саясат талдоочу Табылды Акеровдун сөзүн басты. Ал Бакиевдин убагындагыдай ар кимиси ар кай жерден жулуп жеп, жыргап отурган заманга алып баргысы келген күчтөр ушундай кадамга барып жатканын, анын үстүнө Сулайманов менен Бабановго карата кылмыш иши козголушу мүмкүн деген сөздөр барын, Бакиевдин бул жердеги адамдарынын планы боюнча “Ата Мекен” фракциясын мародер деп жаманатты кылуу менен андан кийин КСДПга өтөрүн, акырындап революциячыл жагдайды нейтралдаштырып, анан толугу менен бийликке барганга жол ачып бараткандыгы менен опурталдуу экенин айтты.

“Асман-пресс” гезитине экс-министр Акылбек Жапаров “Премьер-министр, президент болоюн десем эле бийлик таркап кетет” деп интервью берип, азыр өкмөттүн токтомдорун окуп уяларын, анткени бир эле токтомдун кыргызчасы менен орусчасы дал келбесин, билимдүү жаштар сыртта калып, профессионал эмес кадрлар президенттин да, өкмөттүн да аппаратына толуп алышканын айтты.

Бийлик тууралуу сөзүндө Акылбек азыр бийликти урата турган күчтүү оппозицияны байкай электигин, аларда позиция жоктугун, абал оордугун, террорчу топтордун же талиптердин Орто Азияга келүү коркунучу жок эместигин, ички коркунучтар бул өлкөнүн туруксуздугуна алып келерин, ошондуктан эл да, бийлик да ойлоно турган маселе көп экенин белгиледи.
XS
SM
MD
LG