Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Эски жүздөр


“Жаңы агым” гезити жетиөгүздүк тарыхчы, “Манас" изилдөөчү Бейшеналы Жамгырчиевдин “Тарыхка тактык кылынбаса, ал тантыкка айланат же эл-жерибизге “бейкуттукту”, “бейпилдикти” ыраа көрбөгөндөр кайсы кургуйга жетелеп жатышат?” деген макаласын тартуулап, анда “бей” менен башталган сөздөрдүн бардыгы “жок” дегенди билдирет деп алардын баарын зыяндуу сөз катары тизмеге киргизип, Гимнде “бейкут” деген сөз бар үчүн ал куплетти алып салгандык тарыхка, сөзгө жасалган адепсиздик мамиле экендигин, ушуга колу баргандарды тарыхты, сөздү билбеген түркөйлүк деп эсептээрин жакшы далилдер менен баяндап берген.

“Де-факто” гезитине маек курган президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев парламентти таратууга эч кандай негиз жок экендигин айтса, президент Атамбаевдин маеги “Мындан ары революция, төңкөрүш дегендерге жол бербейбиз” деп аталып, журналистке Жапония сапары кандай болгонун айтып берген.

“Фабула” гезити жаңы санын “атамекенчилердин” бири Равшан Сабиров камалып, бири Каракөл шаарынан депутат болуп алган, депутаттык күбөлүгүндөгү аты Алтынбек Арзымбаев, ал эми кылмыш дүйнөсүндөгү аты “Жин” деп аталган партиянын мүчөсү хулиганчылыгы менен колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга отургузулганын маалымдады.

Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “Раев министр болду. Эми Бакиевди алып келели” деп аталып: “Биз азыркы бийлик башындагыларга таптакыр түшүнгүбүз келбей турат. Анткени мындай: диктатор, кылмышкер Бакиевди кулаткандан кийин анын кошоматчыларын, идеялаштарын жооптуу кызматтарга жолотпош керек эле. Азыркы кызматтарда Бакиевдин чачпагын көтөрүп жүргөндөр көп болуп кеткен жокпу? Эми мынча болгондон кийин Конгантиевди ички иштер министри, Бакыт Калыевди коргоо министри, Мурат Суталиновду Улутттук коопсуздук комитетинин төрагасы кылыш керек. Жаныш Бакиев келип Атамбаевди кайтарып берсин!” деп жаны кашайды.

“Алиби” гезитиндеги журналист Дайырбек Меймановдун макаласы "Кумтөр боюнча келишим - кыргыз мамлекетинин тарыхындагы аферанын туу чокусу” деген ат менен жарык көрдү. Журналист Болотбек Таштаналиев вице-спикер Бакыт Төрөбаев менен ал түзгөн “өнүгүү” тобу тууралуу аңгемелешти. Бакыт Төрөбаев ушу тапта “өнүгүү” тобунда 4 депутат барын, башка фракциялардан да кошулабыз дегендер болуп атканын, алардын максаты аз сүйлөп, көп иштөө экендигин, бүгүн коомчулукта президенттик башкарууга кайтып келишибиз керек деп жаткандар коомду алдыга эмес, артка тарткысы келип аткандар экенин, билген кишилерге тарыхтын дөңгөлөгү эч качан артты көздөй айланбай тургандыгын, демек жаңы нерсе дароо эле иш жүзүнө ашып кете бербестигин, жолундагы кыйынчылыктарды жеңип отуруп, келечекте баары өз ордуна келе тургандыгын белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын башынан аягына чейин кыргыз аялдарын майрамы менен куттуктап, аларды даңазалоого арнады. Республиканын маданиятына эмге сиңирген ишмер, акын Меңди Мамазаированын ыр топтому жарыяланды. Жазуучу Бактыгүл Сейитбекованын сандан санга жарыяланып келаткан “Тагдыр жүгү” аттуу повестинен үзүндүнү да окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити ошондой эле Жылдыз Алишерова аттуу акын кыздын ырын басты. “Уйгур кызы кыргыз жазуучусу” деген чакан макалада Кыргызстанда жашаган боордош уйгур элинин кызы Нурания Камбарова жөнүндө сөз болот. Журналист Бермет Маткеримованын “Гүл дүйнө” рубрикасынын алдында жарык көргөн баяны “Дүйнөдө канча аял болсо, ошончо гүл бар” деген ат менен тартууланды. Анда Славян университетинин окутуучусу Шаткүл Кулматованын “Кыргызстандын гүл дүйнөсү” деген китебиндеги гүлдөрдүн мүнөзү менен тааныштырган.

“Кыргыздын кырк кызы” деген баштеманын алдында Кыргызстандын мыкты деген кырк келин-кыздарынын аты-жөнү, иши менен тааныштырып, сүрөттөрү менен басып чыгарды.
XS
SM
MD
LG