Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Сарыгулов "жемкорлор атасын" айтты


Бүгүн жарыкка чыккан гезиттерде негизинен өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абал тууралуу макала-маектер басымдуу болду.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Сот реформасы болуп жатат дейт го” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Сот реформасынын жүрүшүн кенен талдоого алган автор аягында Акмат Бакиевди колониядан чыгарып жиберген Ленин райсотунун судьясы Т. Байсеитов эч нерсе жасабаган кишидей эле иштеп жүргөнүн, көрсө Байсеитов Бакиевдин тун уулу Марат Бакиевдин курсташы экенин, ошондуктан мындан ары карапайым калкка кылмышкерлерди сүттөн аппак кылып бошотуп жаткан жүзүкара сотторду сүрөтү менен жарыялап туруу керектигин сунуш катары айттты. Ошону менен бирге эле айлыкка чындап муктаж мугалимдер, врачтардын айлыгы жөнүндө сөз болбой эле, реформасы ордунан жылбай калса эле соттордун айлыгын көбөйтүү керек деп чыгышарын, соттордун айлыгы ансыз да көптүгүн, минтип эркелетип жатканынын себеби, сотторго бийликтин эбак эле күчү жетпей калганын белгиледи.

Алмазбек Темирбек уулунун макаласы кыргыз тил көйгөйүнө арналды.

“Фабула” гезити ошондой эле парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабын койгон митинг эртең борбордук аянтта болгону жатканын, анын уюштуруучусу Мукар Чолпонбаев экенин, артынан ар кандай каңшаар тараганын, анын бири Чолпонбаев бийликти басып алуу үчүн “бука моюн, жоон билек” спортчулардан турган 7 топту Ак үй менен Көк үйгө агытат деген имиш барын, Мукар Чолпонбаев бийликти алганы жатканын, алгандан кийин Азимбек Бекназаров менен Мирослав Ниязовго көргүлүктү көрсөткөнү жатканын уктук деп маалымдады.

“Алиби” гезитине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “Аскар, Майрам Акаева аркылуу миллион доллар сураганыңды унуттуңбу?” деген ат менен Акаевге арнап жазган катын жарыялады. Каяша катында Дастан мырза президент Аскар Акаев аны “Кыргызалтындын” жетекчилигинен бошоттуруп, анан аялы Майрам Акаева аркылуу миллион доллар суратканын, коркутканын, Кыргызстанда коррупционерлердин атасы – Акаев, энеси – Майрам Акаева болгонун жазып чыкты.

Журналист Канышай Мамыркулованын бул жолку макаласы “Милициянын ким экенин айтып берсең, криминалдын ким экенин айтып берем” деген ат менен жарык көрүп, Ички иштер министрлиги пайгамбар жашындагы министрлүү болгонун, ал ортодо Абдулла Юсупов соттолуп, Шамил Атаханов чоңойгонун, криминал кайрадан көчөгө чыга баштаганын, чыкмак түгүл Жаныш Бакиев менен жакындыгы бар, кылмыш дүйнөсүнүн адамы болгон Болот дегенди Жалал-Абадда чак түштө атып кете бергенин, дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин көрүп-билип туруп “Ата Мекендин” лидерлери баш болуп, шайлоону мындай кой, депутаттыкка өткөрүп жиберген Алтынбек Арзымбаев же кылмышкерлер азан чакырып койгон аты Жин дегенге жин тийип бир адамды көчөдөн торойто атып салганын, албетте милийсанын очогу оттон түшө электигин, бирок кадрларды шапкедей алмаштыра бергендин ордуна чындап реформа жасаса, иштеп жаткан түр көрсөтө бербей, кылмыш дүйнөсү менен чындап күрөш жүргүзсө жакшы болмогун жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Элдин кутун качырган күчтөрдөн сак бололу, калайык!” деген ат менен Кыргызстандын Аксакалдар кеңешинин Турдакун Усубалиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусев баштаган мүчөлөрүнүн каты менен ачты. Катта: “Азыркы эң башкы маселе – тынчтык, элдик акыл кеңеш, эл кызыкчылыгына берилген таза күчтөрдүн биримдиги, биргелешкен аракети. Эл арасына бүлүк салып дүрбөтүп, кутун качырган күчтөрдөн сак бололу калайык!”, - деп жазылган кайрылуу бар.

Аталган гезитке Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Террорго каршы күрөшүү борборунун деректири Рустам Мамасадыковдун “Террорчулар активдешүүдө, биз да чечкиндүү күрөшүүгө тийишпиз” деген аталыштагы маеги да жарык көрдү. Рустам мырза бүгүн өлкө аймагында “Ислам жихады союзунун”, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын”, “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу эл аралык террордук жана диний экстремисттик уюмдардын, ар кандай секталардын, кыймылдардын ишмердүүлүгү өзгөчө кооптонууну жаратып келатканын, өткөн жылы Чүйдүн аймагында аракеттенген жашыруун террордук топтун ишмердигине бөгөт коюлганын, мындан тышкары чет элдик жарандарга карата террордук актыларды жасоого камынып, курал-жарак жана акчага ээ болуш үчүн коргоо органдары менен финансы мекемелерине, бизнесмендерге террордук кол салууну пландап аткан Кыргызстандын 7 жараны кармалганын мисалга тартты.
XS
SM
MD
LG