"Алиби” гезити Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун “Чек араны тактоого катышкан өкмөттүк комиссиянын ар бир мүчөсү өз чечимин бериши керек” деген маегин басты.
Суроосу көп, жообу жок көп маселени айткан Мамытов чек арага байланышкандардын баарын кезинде өкмөт түзгөн комиссиядан сураш керектигин, Каркыраны казактарга берип жатканда бир эле Көлдө эмес, Таласта да, Сокулукта да казактар менен жер талаш болгонун, эл аралык нормалар боюнча 15 метр жер берсең ордуна кайра 15 метр жер алышың керектигин айтты.
Саясат талдоочу Соотбек Токтогазиевдин “Мамлекеттик тилди сыйлабаган мамчиновниктер мамлекетти сыйламак беле?” деген макаласы жарык көрдү. Ал кыргыз тилин бүгүнкүдөй абалга жеткиргендер деп Компартия доорундагы жана азыркы жетекчилердин айрымдарын сынга алды.
“Жаңы агым” гезити да эне тилдин тагдырына күйгөн ысыккөлдүк тарыхчы, Манас таануучу Бейшеналы Жамгырчиевдин өткөн сандагы макаласынын уландысын басып чыкты. Автор “бейкут” деген сөздүн маанисин түшүнбөй, сөздүн кутун качыргандардын көзүн жакшылап ачкан макаласында көптөгөн далилдерге таянган. Тогуз жүйөнү алдыга тарткан окумуштуу аягында Мамлекеттик гимндин обу жоктук менен кыскартылган куплетин кайрадан ордуна коюу керек деген талабын койду.
“Фабула” гезити “Өлүм жазасын киргизиш керек!” деген макаласында 30 жаштагы Мээрим Жумабекованы зордуктап, андан соң сабап, андан кийин бензин чачып өрттөп жиберген кылмышкерлер 25 жаштагы Өзбекстанда туулган, кийин Чүйгө көчүп келип, Сокулуктун Манас айылында жашаган Нуржанов Махмуд менен 27 жаштагы Арипов Риза дегендер өмүр бою эркинен ажыратылганын кабарлады.
Буга түшүндүрмө берген редакция аталган окуя бир нече жолу теледен берилгенин, бирок эмнегедир сот эки жылга созулганын, мөлтүрөгөн келинди зордуктап өлтүргөн айбандарды өмүр бою түрмөгө кесип, жуунтуп-тарантып, багып жүргөндүн ордуна өлүм жазасын киргизүү керек деген талапты койду.
Ушул эле гезит “Россиянын МТС компаниясы сотто Акаевдердин 170 млн. долларын “адалдаганын” моюнга алды” деген макала жарыялады.
Эрнис Балбаковдун “Кансыз согуштун” карааны каптады, биздикилер бийлик талашып митингде” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Режиссер Жаныш Кулмамбетовдун маеги “КТРКга байкоочу кеңештин зарылчылыгы деле жок” деп аталды.
“Де-факто” гезити жазуучу Талип Ибраимов менен маектешти. Журналисттерден кимдин жазганын көп окуйсуз деген суроого ал Алым Токтомушевди окуурун, анан Баратбай Аракеев жакшы жазарын айтты. Баратбайдын жазганынан рахат аларын, “Фабуланын” акыркы санында ал “Мукар Чолпонбаев сактай турган өлкөдө жашагым келбейт. Мен Кыргызстанда эле жашайм” деп жазганын окуп алып, мындан мыкты айтууга болобу деп каткырганын айтты. Азыр оппозиция деген сөздү жамынып алып эле бийликке келүү аракети болуп жатканын, эгер колунда бийлик болсо, дыйкандарды шаарга митингге алып келгендерди соттомогун белгиледи.
“Кыргыз туусу” гезити “Элди ойлогон элита калыптанышы керек” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевдин КТРКга курган маегин кыскартып жарыялады. “Манасты исламга каршы койбогула!” деген ат менен 80ге жакын адам колун койгон, тогуз талаптан турган кайрылуу жарык көрдү.
“Жол – экономиканын күрөө тамыры” деген рубриканын алдында “Кыргызтрансдолбоор” институтунун деректири Жамшитбек Калиловдун "Жалал-Абад – Балыкчы жолу экономикалык өнүгүүгө бурулуш жасай турган ири долбоор” деген маегин тартуулады.
Жол адисинин айтуусу боюнча, алтернативдүү деп аталган бул жол үч этап менен: Жалал-Абад – Казарман, Казарман – Арал, Арал – Балыкчы болуп салынарын, жол Жалал-Абаддан Казарманга келип, Нарын менен Көкөмерен дарыяларынын кошулган жери аркылуу Аралга келерин, жаңыдан курула турган Камбар Ата –1 ГЭСи Нарын менен Көкөмерен дарыясы кошулган жерден 60 чакырым алыстыкта турарын, "бардык жол Римге алып барат" дегендей Балыкчы-Жалал-Абад жолу келечекте өлкөнүн бардык аймагын бириктире турган кан жол болорун белгиледи.