Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Партияда бийлик талаш


ИИМ Академиясынын камактагы жетекчилери аялдар майрамын кандай белектер менен куттуктаганын “Фабула” жазып чыкты.

“Алиби” гезити "президенттин аппарат башчысы Данияр Нарынбаев партияларды ирилештирүүнү сунуштады" деп,

“Депутат Турсунбай Бакир уулу учурда жума күнүн дем алышка айлантып, дем алыш күнүн жоготом деп катуу аракет кылып жаткан чагы” деп кабар таратты.

Гезит “Бабанов жалгыз калабы?” деген кабарында партиянын саясий кеңешинде сүйлөгөн Алтынбек Сулайманов Кыргызстандагы бардык партиялар сыяктуу эле “Республика" партиясы да жалгыз лидердин партиясына айланганын, ошондуктан партиянын уставына өзгөртүү киргизип, аны башкарууда тең төрагалыкты киргизүү керектигин айтып чыкканын, эгер Өмүрбек Бабанов бул талапка көнбөсө, анда Бакыт Төрөбаев 4 депутаты менен, Канат Исаев 2 депутаты менен чыгып кеткен өңдүү Алтынбек Сулайманов дагы 9 депутаты менен партиядан чыгып кетсе, анда кийинки шайлоого Бабанов кимдер менен барат?” деген суроону койду.

Аталган гезит “Мыйзамдар колунда байлыгы жана бийлиги барларды коргогон үчүн эл пикетке чыгууда” деген макала басты.

Болот Дубанаев аттуу автордун макаласы “Батыровдун мүлкү ташылып жатат” деген тема менен жарык көрдү.

Соцфонддун төрагасы Мухамедкалый Абылгазиевдин интервьюсу “Жаш муун төлөмдөрүн төлөгүсү келбегендиктен, пенсионерлерибизге татыктуу пенсия төлөй албай жатабыз” деп аталып, пенсиянын тегерегиндеги көйгөйлөр жөнүндө суроолорго жооп берди.

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев “Апрель соту аягына чыкпаса, Кыргызстанда мыйзам орнобойт” деген ат менен маек куруп, азыркы бийлик ал ойлогондой иштей албай жатканын, себеби апрель соту “кылым соту” деген атка конуп, күнөөкөрлөр эч нерсе кылбагансып жөн эле жүргөнүн, сот болсо эмгичекти аягына чыкпай келатканын, Апрель окуясы аягына чыкмайын өлкөдө мыйзам орнобой тургандыгын, демек мындай окуя дагы кайталанып кетпейт деп эч ким айталбастыгын, ошондуктан бийлик убакытты өткөрбөй бул боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүш керек деген кеңешин айтты.

Парламент жөнүндө оюн билдирген Айылчы Сарыбаев Бабанов өкмөт башында турганда парламентти таратыш керек деп эч качан айтпаганын, кызматтан кетери менен таратыш керек деп чыкканын, Бабанов бул ою менен өзүнүн өсүп жетилбегенин, өкмөт башчылыкка эмес, катардагы мамлекеттик кызматка жарай турган деңгээли да жоктугун көрсөткөнүн белгиледи.

Ушул эле “Фабула” гезити “Зурдиновдун командасы интим менен иш алып барабы?” деген аталышта Алтынай Ормотоеванын Медицина академиясындагы пас көрүнүштөр жөнүндө сөз кылды.

“Фабула” гезити пара алды деген шек менен кармалышкан Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев менен орун басары Рахматилло Амираев камакка алынганын, Академиянын бул камалган жетекчилери 8-марттагы аялдардын майрамында алардын урматына кече уюштуруп, ага стриптиз бийлеген эркектерди чакыртып көңүл ачтырганын, бул да көпкөндүктүн белгиси экендигин, ал жерде биринин карындашы, биринин эжеси, биринин аялы иштээрин белгилеп: “Базарбаев өзүм билемдикке салып стриптиз шоу уюштурганына караганда ИИМдин бул Академиясы Академия болбой эле моралдыгын кой, бардык жагынан талкаланып бүткөн немеге айланып калганбы?” деп жазды.

Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Итибаев “Санжар Кадыралиевди аткандар 3 күндүн ичинде табылбаса, Конгантиев, Суталинов иштен айдалмак!” деген ат менен кабарчыга маек берип, Бакиевдин учурунда иниси ага: “Сиз мага жардам берем деп аракет кылбаңыз, ортого киши салбаңыз, анда мени бул жактан дары сайып деле өлтүрүп коюшат” деп туруп алганын, инисинин камакта отурган кимдир бирөөлөргө керек болуп жатканын, анткени иниси “мен чыксам анда 5-6 киши абакка отурушу керек. Ошон үчүн булар чыгарбайт” деп айтканын айтты.

“Свердлов райсоту иниңизди өмүр бою эркинен ажыратты, эми мындан ары эмне кылмакчысыз?” деген суроого Медер Итибаев, райондук соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептээрин, мындан ары Бишкек шаардык сотуна, андан ары Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.
XS
SM
MD
LG