Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Улуу күн


Гезиттер кыргызстандыктарды Улуу Нооруз күнү менен куттуктады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүн кыргыздагы бардык майрамдардын Улуусу болгон Нооруз майрамы менен куттуктап , Кыргызстандын баатыры, эл акыны Сооронбай Жсуевдин:

Нооруз эми бизден кайдан адашмак,
Ноорузду эми кимдер бизден талашмак.
Биз Ноорузда жаңырабыз от аттап,
Өлкөбүздү, өзүбүздү аластап,–деген биз бир куплетин окуган ырын жарыялады.

Журналист-акын Бекбай Алыкуловдун макаласы “Чыңгыз аганын бешинчи “Кышы” же Эламанды жоктоо” деп аталды.

“Алыкулдун үйү–борборунун деректири Памирбек Казыбаевдин “Алыкул, Нооруз жанашкан, Ала-Тоо көркү жарашкан” деген баяны да гезиттин ушул санында.

“Асман преss” гезити мурдагы депутат Улугбек Ормоновдун “Бакиевдин кадрларын кетиргенге ким тоскоол болуп жатат” деген интервьюсун тартуулады.
Ормонов бул интервьюсунда мурда Бакиев менен иштешип, анан азыркы бийликке кошулгандар актанып, бийилкке жан тарткан болуп көбүрөөк кыйкырарын, адамда биринчиден абийир болушу керектигин, аянтта канча жаш жигиттер каза тапканын, соттун чечими 3 жылдан бери чыкпай келатканын белгилеп: “Ошол учурда Ак үйдө олтургандар бүгүнкү бийликке келүүгө акысы жок болчу” деди.

Улугбек мырза андан ары “Бийликке келебиз деп ар 15 жылда революция, 5 жылда төңкөрүш жасай берсек эмне болобуз? Мына 3 жыл болду, кайрадан “кетсин” деген башталды. Эгер ушул темп менен кете берсек анда Африканын туруксуз өлкөлөрүнүн кейпин киебиз. Ошондуктан оппозиция менен бийлик чогуу олтуруп, сүйлөшүүлөрү керек. Кээ бир адамдар кийин кереги тийип калабы деп 5-6 партиянын белетин алып жүрөт. Партиялык системаны элге жаман көрсөткөн парламент болууда” деп сүйлөдү.

Ушул эле гезит генерал Мирослав Ниязовдун “Атамбаев коркуп, макул болбой жатат” деген ат менен берген интервьюсуна окурман көңүлүн бупрду. Ал буга чейин айтып келаткан ойлорун дагы бир жолу айтты. Азыркы башкаруу президенттик эмес, жараксыз адамдардын системасы болуп калганын, Атамбаев өзү баш болуп чет өлкөлөрдөн акча сурап жүргөнүн, 120 депутаттын кереги жоктугун, Кыргызстанга можаритардуу система менен шайланган, элдин, мамлекеттин жана Кудайдын алдында жооп бере турган парламент керектигин айтуу менен бийликке каршы аракеттер токтолбосун, качан гана парламент итиркейди келтирбей өз ыктыяры менен тарап кетип, Атамбаев коркпой эле бийликти өз колуна алганда гана токторун айтты.

“Айат” гезити саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин маегине орун берди.
Орозбек мырза митингдер тууралу сөзүндө: “Бийлик менен оппозицияны тирештирип, андан соң аны радикалдуу кадамдар менен коштоп, өлкөнү чоң кесептеттерге алып баргысы келген күчтөр бар, айрымдары кошуна өлкөлөрдүн биздеги адамдары аркылуу финансылап, туруксуздук абалга алып келүүнү көздөөдө. Алар кадр саясатындагы, сот тармагындагы кемчиликтерди шылтоо кылып, парламент тарасын, болбосо революцияга барабыз деген чакырыктарды айтып жатышат” деп айтты.

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиеванын “Нооруз десе эле, жаштыгымды эстейм” деген маеги да “Айаттын” бүгүнү санына жарыяланды. Бүбүкан азыр Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болуп иштөө менен Бишкек гуманитардык университетинде профессордун милдетин аткаруучу болуп эмгектенип, студенттер үчүн окуу китебин жазып жатканын, Бишкектен чыккан гезиттердин баары бири-бирине окшош болуп калганын, гезиттер бири-биринин абийирин төккөн күчтөрдүн куралына айланып, каалаганын жазып, жалпы массанын акыл-эси менен табитин тайыздатып жатканын сөз кылды.

Гезит аркылуу кенен маек берген кыргыз балбаны Нурлан Алишеров же Ташчайнардын суроолорго жообун да ушул гезиттен окуйсуздар. Депутат Карганбек Самаков ага Кыргызстандын желегин тапшырып, 20 миң доллар берип демөөрчүлүк кылганын балбан кубанып билдирди.
XS
SM
MD
LG