Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Оппозиция, Березовский жана Максим Бакиев...


Бүгүн жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине сереп.

Бүгүн кыргыз басылмаларынын катарын ар шаршембиде жарык көрө турган “Барометр” аттуу коомдук-саясий жаңы гезит толуктады. Алгачкы саны жарыккка чыккан басылманын башкы редактору белгилүү журналист Жыргалбек Трудукожоев.

“Барометр” басылмасы окурман журтуна кайрылган баш макаласында тил маданиятын көтөрүүгө көмөктөшкөн, кайсыл бир адамдын же топтун жеке кызыкчылыгына эмес, жалпы коомго кызмат кылган, журналистиканын эл аралык стандарттары менен иштеген интеллекттик деңгээлдеги гезит болууга умтулат деп убада берди. Бул гезиттен коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун “Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен улутубузду бириктире албай жатабыз” деген маегин, улуттук университеттин доценти Гусар Жапаровдун “Экономикалык идеология” аттуу макаласын, илим доктору Алмаз Байбосуновдун ишкердик маселелрине арналган макаласын, Сингапурдун мурдагы башчысы Ли Куан Юнун бир кезде биздики сыяктуу артта калган Сингапурун кантип Азиянын жолборсуна айлантканынын сырын жана башкаларды окуй аласыздар.

“Алиби” гезити жаңы санын “Березовский Жерүйдү басып алмак “ деген баштема менен ачып, ал каза болбогондо “Жерүй” алтын кенин рейдерлик жол менен басып алууну пландап жатканын, Березовский убагында Бакиевдер менен байланышта болгонун, ошол кездеги кыргыз парламентинде Березовскийдин Бишкекке келгендиги, а тургай Максим Бакиев менен жолугуп, “Жер үй” алтын кени менен “Ак-Түздү” алуу жөнүндө сүйлөшүп кеткенин ошондо эле “Фабула” гезити жазып чыкканын, а тургай Березовскийди Кыргызстандын күч органдары кармап бербегендиги үчүн убагында Орусиянын башкы прокурору нааразы болгонун да кайрадан эске салды. “Алиби” гезити муну менен бирге эле Березовский Лондондо баш калкалап жүргөн Максим Бакиевден 867 миң доллар карыз алып, анысын тиги дүйнөгө өзү менен кошо ала кеткенин да кабарлап кетти.

“Кереге” гезити “Азыркы оппозициянын деңгээлине кандай баа бересиз?” деген суроо менен кайрылды.

Саясат талдоочу Марс Сариев: Эгер саясий тил менен айта турган болсок Кыргызстанда оппозиция жок. Азыртан ойлонбосок, Батыштан атайын даярдалып жаткан диний күчтөрдү буубасак, беш жылдан кийин диний оппозиция пайда болушу мүмкүн.

ЭлТрдин деректири Шайыр Абдрахманов: Азыркы оппозициянын күчү да, кадыр-баркы да жок.

Жамин Акималиев: Оппозиция чар жайыт. Бир бурчун Бекназаров, бир бурчун Ниязов, бир бурчун Чолпонбаев чоюп жүрөт. Эл ишенбейт.

Анарбек Усупбаев: Азыркы оппозициямын дегендин баары убагында бийликте олтуруп, өлкөнү өздөрү уурдап, тоноп алгандар, Кыргызстанды ушул абалга жеткирген адамдар болгон. Анан бийликке жетпей калса эле оппозициямын деп кыйкырып чыгууда. Азыр бардыгын токтотуп иштеш керек.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Кимге кызымат керек болуп калса оппозицияга кошулуп, кызматка келери менен оозун колу менен жаап, унчукпай олтуруп калат. Оппозиция деген бийликке келүүнүн жолуна айланып калды, – деп жооп берди.

“Көк асаба” гезити адаттагыдай эле улуттук каада-салтты кадырлаган кызыктуу макалаларга кенен орун берди. “Каптал-Арык айылындагы Нооруз жана Алыкул акынды эскерүү” деген макала, “Улустун Улуу майрамы” жана “Кыргыз таануунун” тушоо кесүүсү” деген сүрөттүү баяндар менен таанышасыздар.
XS
SM
MD
LG