Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ушактын убагы бүтөбү?


28-мартта жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарын күн сайын жаңы басылмалар толуктоодо. Бүгүн илгерки Cоветтер союзундагы А-2 форматын эске салган “ПолитКлиника” аттуу кыргыз тилдүү дагы бир жаңы гезит жарык көрдү.

“Эмне үчүн “ПолитКлиника”? Гезиттин башкы редактору, белгилүү журналист Дилбар Алимова бул суроого: “Жаңы гезит чыгыптыр” десе эле эл, “а, дагы бир ушакчы гезит пайда болгон турбайбы” деп иренжий түшөт. Анткени бүгүн гезиттин саны көп, сапаты жок болуп калды. Азыркы журналисттер, менин кесиптештерим чындыкка туура келбеген маалыматтарды “дейт, имиш” деп жазууну өнөр кылып алды” деп жооп берди.

Башкы редактор андан ары: “Дагы качан бийлик алмашат? Дагы качан революция болот деп олтурбай, келгиле, ар бирибиз өз аң-сезимибизде революция жасайлы? “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деп айткан Исках Раззаков. Келгиле, тазаланалы! Ушак жазбай, акты ак, караны кара деп, калп сүйлөгөндөрдүн бетин ачалы? Гезиттерди такталган гана маалыматтардын гезити кылалы", - деп чакырык таштады.

Ошентип жаңы эле гезит күркөлөрүнө түшкөн “ПолитКлиниканын” жаңы санынан “Бакиевди сагынгандар”, “Энергетикалык көз карандысыздыктын карааны көрүнөбү?”, “Баягыдай кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип акча сурашпайт”, “Төрөлбөй калган 22 млн. кыргыз”, “Үчүнчү революция болобу?” деген аталыштагы макала, интервьюларды окуйсуздар.

“Айат” гезитине журналист Курманбек Рыспаевдин “Францияда жаңырган улуттук музыка, чет элдиктер бурдап сугунган казы-карта” деген сүрөттүү баяны жарык көрдү. Автор Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун Париж сапары, ЮНЕСКОнун башкы деректири Ирина Бокова менен кыргыз делгациясынын жолугушуусу болуп, анда билим берүү, маданият, экология, суу ресурстарын пайдалануу боюнча маселелер талкууланганын, тилекке каршы минтип Европанын өзөктүү уюмуна чейин кирип, кыргыздын намысын, Манасын коргоп келаткан Самаковдой адамдар саналуу экенин, Самаковдой эле азаматтардын айрымдары котур ташын койнуна катып, кыргыз үчүн кылдай иш кылгандын ордуна кутуруп байлык топтоп, ар кандай ушакчы топторду сатып алып, сыртта олтуруп алып кызматка келалбай атканына кыжынып жүргөндөрүн эске салды.

Парижде Улуу Нооруз майрамдалып, 500 мейман чакырылып, алар улуттук тамак-аштан даам татып, ыр-күүлөрдү угуп, “ Манас” угуп ыраазы болушканын баяндап берди.

“Асман преss” гезити Акаевдин мурдагы өкмөт башчыларынын бири Кубанычбек Жумалиевдин “Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да Акаев түзгөн базар экономикалык багыты менен бартышат” деп интервью берди.

Кабарчынынын б"ашкаларчылап эмне үчүн сиз Акаевди жамандаган жоксуз?" - деген суроосуна Жумалиев: "Аскар Акаевичтин мен үчүн кылган иши өтө зор. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларымда илимий жетекчим болгон", - деп жооп берди.

Андан ары 24-мартты кандай деп ойлойсуз?–деген суроого: "Акаев ошол күнү эл алдына чыгып: “Мен күзүндө кетем, шайлоого барбайм” деп койсо эле төңкөрүш болбойт болчу. Дегеним, ар бир 5 жылда революция кыла берсек биз такыр алга жылбайбыз. Революция болсо граждандык согуш болуп, мамлекеттүүлүгүбүздөн таптакыр кол жууйбуз",–деп жооп узатты.

Жумалиев андан ары азыр Йонтан” брикетин чыгарчу завод курганын, ТЭЦте көмүр майдалачу тегирмендин тетиктери көп сынгандан улам бышык тетиктердин составын таап, азыр 3000ден ашуун тетик чыгарып жатышканын, Таш-Көмүр шаарынын жанына цемент завод кураарын, үйдүн жылуулугун 70 процентке чейин сактай турган пенополистролду чыгарчу завод жана голографиялык маркаларды чыгара турган линия курганын кеп кылган.

Ошондой эле Дастан Сарыгуловдун Акаевке “Жумалиевди бийликке койбо” деп айтканын биринчи жолу угуп атканын, анткени аны премьер-министр кылып сунуштап жаткан кезде Кемелбек Нанаев, Аскар Сарыгулов, Дастан Сарыгулов болуп “колдойбуз!” деп кубаттап чыкканын, азыр пайгамбар жашынан ашкан кишинин ушул сөзүн унутуп, ал жөнүндө туура эмес сөздөрдү айтып жүргөнүн уят катары сынга алды.
XS
SM
MD
LG