Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Мыйзамдар ыйлайт


Кылмыш-жаза кодекси тууралуу “Алиби” гезитинде сөз болсо, көмүскө экономиканын кесепети жөнүндө “Барометр” гезити кеп кылды.

“Барометр” гезитинин экинчи саны жарыкка чыкты. Апрель революциясына байланыштуу макалаларды гезиттин кийинки сандарынан баштап жарыялоону убада кылган “Барометрдин” журналист Жыргалбек Турдукожоевдин “Апрель элдик революциясына 3 жыл" деген кириш сөзү менен жаңы санын ачты.

Гезит мамлекеттик тилге өтүүгө мойну жар бербей келаткан интернет-портал, сайттардын жадыбалын жарыя кылды.

Журналист Тамара Козубекова сот реформасы боюнча юрист Шамарал Майчиев менен аңгемелешти. Көмүскө экономиканын кесепеттери Адилет Карыбекова которгон аналитикалык макалада кенен кеп болот.

“Ак шоола” балдар хору жана композиторлор Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова биргелешип жазып, балдардын мыкты чыгармасына айланган “Алтын уя” опереттасы жана таланттуу актер Темирлан Сманбеков тууралуу баяндар да ушул гезитте.

Толук жана ыйгарым укуктуу кичи элчи Сактанбек Кадыралиевдин уландысы кийинки санга калтырылган “Кыргызстандагы туризмдин күнгөй-тескейинин” проблемаларын козгогон макаласы окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

“Алиби” гезити бул санын “КСДП: кечээги көргөн бүгүн жок” деген баш тема менен ачып, акын Темирбек Алымбековдун “Данияр Иса чабышы” деген какшык ыры коштогон макаласын тартуу кылды. Партиялаш депутаты Данияр Тербишалиев жумурай журттун көз алдында Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловду күнөөлөп чыкканын, эгер бул фактылар тастыкталчу болсо, КСДП партиясынын абийири айрандай төгүлө тургандыгын эске салды.

Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Күч органдарынан ким коргойт?” деген рубриканын алдында жарык көрдү. Ушул эле автордун дагы бир макаласы “Кыргыз турак жай коммунсоюздагы коррупциялык схеманын артында ким турат?” деп аталып, автор дал ошол коррупциялык схемаларга тиешеси бар деген адамдар аталган мекеменин жетекчи кызматтарын ээлеп келаткандыгын иликтөөгө алган. Макалада журналист Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы деп жазган Мурат Мурзаев, жубайы Сыдыкова Гүлсара Токтосунова жана башкалар туурасында кеп болот.

Журналист Канышай Мамыркулованын “Ыйлаган мыйзамдар” деген рубриканын алдындагы макаласы “Коррупция. Депутаттар. Кылмыш-жаза кодекси” деген ат менен жарык көрүп, кабинетинен бир кап ун жана 3 миң сом менен колго түшкөн Таластын мурдагы губернатору Н. Бектенов 5 жылга кесилип кетип, ал эми бүтүндөй элдин убалына калган Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши кыскартылып коюлганын, ошентип күч тармагын жакшы түшүнбөгөн Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары тарабынан чампаланган Кылмыш-жаза кодекси кылмышка шектүүлөрдүн чырагына май тамызып жатса, кайсы бир шордуулардын жок жерден соттолуп кетишине шарт түзүп жатканын белгиледи.

Балдар китебинин көйгөйү жазуучулар Жылкычы Жапиев, Эсентур Кылычевдин макаласында козголсо, акын Калчоро Көкүлов таланттуу прозаик Тойчубай Субанбековдун “Ак өргөөгө кут түшкөндө” деген жаңы романына жакшы пикирин билдирди.

“Кереге” гезити бул санын Азимбек Бекназаровдун “7-апрель окуясы боюнча моралдык жоопкерчилик Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө тең бирдей” деген интервьюсуна орун берди.

Үч депутатка чыккан сот өкүмү тууралуу суроо салганда:

Юрист Марат Кайыпов:– Бул саясий иш болгондуктан коомчулукта күмөн саноолор боло берет,–деп,

Генерал Мирослав Ниязов:– Баары келип саясий оюнга айланып жатса, эч кимдин ишеним жок болуп калат экен,–деп,

Серепчи Марат Казакбаев:– Жеке пикиримде соттун өкүмүн сот эмес, бийлик чыгарды,–деп,

Саясатчы Топчубек Тургуналиев:– Акаев “сотторго элдин 80 пайыз ишенбейт” деген. Бүгүн ишенбөөчүлүк 98 пайызга өстү. Үч депутатка катуу жазуу берилип калды. Эскертүү берип чыгарса болмок,–деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG