Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орто кылымда гүлдөгөн кыргыз каганаты


11-апрелде жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

Өз өмүрүн бүт бойдон кыргыз элинин байыркы тарыхын изилдөөгө арнап, ал боюнча кун жеткис эмгектерди жаратып келген орус илимпозу, атактуу тарыхчы Юлий Худяковдун редакцияга келип, кенен маек куруп бергенин жаңы жарык көргөн “Барометр” гезити жарыялады. Уландысы эмдиги санга калтырылган маекте Худяков Кыргызстанга бул жолу убагында Енисейден Алтайга, андан Тянь-Шанга чейин созулуп жаткан Кыргыз каганатынын тарыхын изилдөө үчүн келгенин, орто кылымда Кыргыз каганаты гүлдөп өсүп, темирди иштетүү абдан өнүккөнүн баяндап берген.

Гезитте ошондой эле журналист Тамара Козубекованын, Адилет Карыбекованын макала, маектери, жазуучу Ысмайыл Кадыровдун маданият боюнча ой-толгоосу жана экономикага байланыштуу керектүү макалалар бар.

“ПолитКлиника” гезитинде “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев менен КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев кылчайнашка түшүп, саясат, Курултай, эл бийлиги, парламент, өкмөт тууралуу маселени талкууга алды.

Конфликтолог Татьяна Выговская кыргыз тилин үйрөнүү оор деп жалкоолор гана айтарын, башка улуттун өкүлдөрү эмес, өз эне тилин билбеген кыргыздар ага кайрылып: “Кыргыз тилдин сага эмне кереги бар? Кыргызчылыкта жашайын деп атасыңбы?” деп айтышарын, эгер англис же башка чет тилин үйрөнүп атам десең мактап, кыргыз тилин үйрөнүп атам десең шылдыңдашарын, мамлекеттик тил комиссиясы окуу жайлары менен иштешип, тил үйрөтүү ыкмаларын жеңилдетүү жагында иштесе жакшы болмогун билдирди. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин кызыктуу маеги да ушул санда.

“Параграф” гезити саясый укук коргоочу Куван Бектемировдун кыргыз алтыны тууралуу макаласын орус тилинде жарыя кылды. Аскар Эсенбаевдин макаласы “2010-жылы Бакиевдердин ынтымак курултайын уюштуруп кошоматтангандар кимдер эле?” деп аталып, ага катышкандардын тизмесин шардана кылды.
Мира Сейдекеримованын Таластан жазган каты “Жаш келинди өлтүрүп, жансыз денени үйүндө сактаган зөөкүр” деген ат менен жарык көрдү. Төбө чачты тик тургузган бул кандуу кылмыштын бетин таластык милийсалар Эшенкулов менен Саткынбаев кантип ачып чыкканы баяндалат. Айтылуу журналист Азизбек Келдибековдун сатиралык ырлары да ушул санда.

“Айат” гезити депутат Роза Акназарованын “Бийликке каршы пикир айткандарды оппозиция деп айтууга болбойт” деп аталган интервьюсун басты. Журналист Бурул Мусабекованын “Өкмөттүн ээри кыйшайдыбы?”, журналист Балбак Түлөбаевдин “Элди бак”, “Түркиянын тажрыйбасы маанилүү” деген макалалары бар. Тоо инженери Бакы Ороковдун маеги “Өкмөт иштей албаса “Кыргызалтынды” жоюш керек” деген ат менен жарык көрүп, ал Кыргызстандагы алтын кендеринин абалы тууралуу айтып берди.

"Асман пресс" гезити «Азык-түлүк көйгөйү жана мамлекеттик саясат” деген темадагы макаланы окурмандарга тартуулады. Азык-түлүк маселесин талдоого алган макаланын аягында “Кумтөр” компаниясы Кыргызстандын кандай азык-түлүктөрүн сатып аларын иликтеп чыгып, ал боюнча жадыбалын жарыялады. Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Төрөбай Зулпукаров маек куруп, парламентке 90 депутат эле жетиштүү экендигин, ал үчүн Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин белгилеп өттү.

Аталган "Асман пресс" гезити «Ата Мекен» фракциясы Бабановдун дагы бир былыгын таап чыкканын, көрсө Максим Бакиевдин учурунда Шарипа Садыбакасова ээлик кылган АКБ «Кыргызстан» банкын күч менен тартып алганын депутат Жоомарт Сапарбаев айтканын, ал тургай ал Өмүрбек Бабанов андан оор кылмыштарга, саясий киши өлтүрүүлөргө катышы болушу мүмкүн, ошондуктан тезинен кылмыш ишин ачып, иликтөө зарылдыгын айтканын, демек кармаган жеринен кан чыгарган Өмүрбек Текебаев бул маселени тегин жерден козгоп чыкпаганын, андыктан жок эле дегенде АКБ “Кыргызстан” Бабановдон алынып, кайрадан мурдагы өз ээсине кайтарыларын жазып чыкты.

Аталган гезит Батукаевге байланыштуу чакан кабарында буга чейин Чеченстандын белгилүү кишилери Батукаевдин чыгышына 1 млн. доллар сунуш кылып келгенин далай гезиттер жазып келгенин, канткен менен “мыйзамдуу ууру” аталган кылмыш дүйнөсүнүн мен дегендеринин биринин бошотулушу Ак үйдүн амирине гана байланыштуу болгону жаш балага да белгилүү экендигин кыйытты.
XS
SM
MD
LG