Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Майдын "казаны", жайдын "азабы"


“Фабула” гезити аркылуу Эрнис Балбаков май айы кыргыз өкмөтү үчүн оор ай болорун жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити “Жарды жашообузга Конституция күнөөлүүбү?” деген аталыш менен журналист Мырзакат Тыналиевдин 5-майдагы Конституция күнүнө карата майрам алдындагы мааракелик эмес ойлоруна орун берди.

Май айында үркөр топ жылдызы батып кетерин, ошондон кийин бийик тоолордогу дарылык касиети бар чөптөр дүркүрөп өсөрүн, үркөр баткандан кийинки чөптү оттогон бээнин кымызынын дарылык касиети күчтүү болорун, кырк күндөн кийин баягы баткан үркөр кайра Чыгыштан чыга баштарын, ошондуктан мына ушул кырк күн ичиндеги ичкен кымыз адамдардын ден соолугуна жакшы дары болорун, күч-кубат, дем берерин Каракөлдүк жылдыз саноочу Торон Жумаев “Кыргыз туусу” гезитиндеги “Май айынын өзгөчөлүгү” деген макаласында баяндады.

“Рух ааламы Айтматов” деген аталыштагы ыр менен роман жазган акын Таңатар Кашеновдун маегин да ушул сандан окуйсуздар.

“Де-факто” гезити “Ак-Сайдагы окуя бийликтин өз элин коргой албай, өз жерине кире албай калганын далилдейби?”–деген суроо койду. Жаштар кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов жергиликтүү элдин айтымында, чек арадагы чырга аким, губернатор жана күч органдары толугу менен күнөөлүү экенин, жергиликтүү эл: "бизди сактап калгыла, чыр чыкты” дегенден 5-6 сааттан кийин гана аткаминерлер барышканын, Батукаевди бөпөлөп узатып коюш үчүн болгону 5 саат гана убакыт кетсе, “спецназдар” жолдон өтө албай 10 сааттан кийин гана барышканын, баарынан да өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев: “Талашка түшкөн Ак-Сай айлындагы жер биздики эмес, ал тажиктердин жери” деп күйбөгөн жерди күйгүзгөнүн, эми ушундан кийин: “Өкмөт башчыңар өзү айтып жатпайбы, бул биздин жер” деп тажиктер ого бетер талаша баштарын, премьер-министрдин деңгээли ушул экенин, бийлик болсо эми Ак-Сайдын айыл өкмөт башчысын күнөөгө жыгып туруп, ишти ошону менен жым кылганы жатканын айтып берди.

“Алиби” гезити “Улутман” саясий партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиевдин Орусиянын Мамдумасынын депутаты Жириновскийге жазган каяшасы басылып чыкты. Автор Жириновскийдин “Ысык-Көлдү Орусиянын аласасы үчүн алыш керек” деген сөзү жөндөн жөн эле айтылган сөз эместигин, кыбыр эткендин баары жетип турган “КГБчы” Путинге бул сөз да жеткенин, мындай сөздү Жириновский эмес, орустун жиндилери да Путиндин макулдугусуз чоң жерден айталбастыгын, демек Орусия Ысык-Көлгө чындап эле көз арта баштаганын, мунун арты эч качан жакшылыкка алып барбай тургандыгын эскертти.

Буга улай эле Көлдүн губернатору Мирбек Асанакуновдун “Көлүбүз - биздин байлыгыбыз” деген маеги жарык көрдү.

“Фабула” гезити Кыргызстанда биринчи жолу 15 миң сом пара алган сот соттолуп, 6 жылга түрмөгө кесилгенин сүйүнчүлөп: “О, Кудайга тобо, Кыргызстанда да соттор соттолчу күн акыры келет экен, эми мындан ары да ушул жол менен кетсек экен” деп кубанды.

“Фабула” гезити андан аркы кабарында Курманбек Бакиевдин түрмөдө жаткан жана иши сотко өткөн тууган-туушкандарынын бири калбай оорукчан болуп чыкканын, баары эле “үй түрмөгө же таптакыр эркиндикке чыгарбаса, эки-үч күндүн ичинде жок боло турган “кымбат” оору менен ооруй баштарын , өтө коркунучтуу оору менен ооругандардын катарына Акмат Бакиевди, Нурлан Сулаймановду, Нариман Түлеевди кошуп, буларды жакындары “бошоткула” деп кат үстүнө кат жазып келишкенин, эми тергөөсү бүтүп, соту ишке өткөн Пайзулла Рахмановду “Рахманов инфаркт болуу алдында турат” деген шылтоо менен сотту 15-майды көздөй жылдыртышканын белгилеп: “Булардын ден соолугуна эмне мынча кам көрүшөт? Бир сөз менен айтканда, бул бийликтин соттору менен күч органдары убагында элдин жонунан кайыш тилип, ырыс-кешигин жеп келгендерди эл алдында кустургандын ордуна, бапестеп ооруканага жаткыра салып, “үй түрмөгө” чыгара салып, баарын ашмалтай кылып бүттү окшойт” деп жаны кейип жазды.

Журналист Эрнис Балбаковдун “Майдан аман, жайдан эсен чыгабы?” деген макаласында парламентте КСДП фракциясынан башкасынын баары өкмөттүн отставкасын каалап турушканын, дал ушул май айында Жогорку Кеңеште өкмөттүн “өпкөсүн үзчү” бир катар иштер талкууга коюларын мисалга тартып, Жантөрө мына ушул саясат сааты “кайнаганы” жаткан майдын “казанынан”, жайдын “азабынан” аман-эсен чыгар бекен?” деген суроону койду.
XS
SM
MD
LG