Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Жеңиш баркын тепсебейли


“Фабула” гезити Ата Мекендик Улуу согуштун ардагерлери жөнүндө жазган Баратбай Аракеевдин ой толгоосуна орун берди.

"Фабула" гезити «Аким айымга кулак кагыш» деген кабарында Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунун чок ортосундагы спорт аянты курулат деген жерди жергиликтүү аткаминерлер айласын таап, долларга сатканы жатканын уккан редакция: “Коррупция боюнча мага эч ким айып тагалбайт” деп мактанган Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбековага кулак кагыш кылып: “Ушул аянттын сатылганы жатканынан кабар алып койсо ашыктык кылбас эле. Эгерде чын эле жакын арада ушул жерде курулуш иши баштала турган болсо, анда Алтынай айымдын коррупцияга аралашканын жазып чыгууга аргасыз болобуз” деп билдирди.

Журналист Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы Улуу Жеңиш күнүнө арналды. Автор гитлердик баскынчылыктын таржымалына бир аз токтолуп, жеңиштин барк-баасын кетирип жаткан айрым бузукулуктарга токтолду. Согуш жөнүндөгү орустар тарткан кийинки кинолордо согуштагы чыккынчылык, бир кесим нан үчүн бирөөнү өлтүрүп коюу, өлүм коркунучу башка түшкөндө өз кара жанын гана коргоого жандалбас уруу, кыскасы патриоттуулуктан алыс канчалаган наадандык көрүнүштөр чагылдырылып жатканын мисалга тартып, биздин киночулардын Ата Мекендик Улуу Согуш жөнүндө кино тартууга чама-чаркы жетпей келатканын, балким алардын кино тартууга аракети, каалоосу эмес, дарамети, деңгээли жете бербестигин белгиледи.

Автор ошону менен бирге эле, жылдан жылга аз калып бараткан согуш ардагерлерин Жеңиш күнү келгенде гана эстеп, куттуктап койорубузду, колдон келсе жылына бир жолу эмес, ардагерлерге жылы бою камкордук көрсөк жарашмагын, алардын эл үчүн кылган эмгеги эбегейсиз экендигин айтып келип, чынчыл, баатыр муундун өкүлдөрүн азыркыларга салыштырды.

Кокус “Калк башына күн түшсө, азыркы жетекчилер чабуулду баштап, окко төшүн тосор беле?” деген суроо коюп, азыркылардын көбү Ата Мекенин эмес көр дүйнөсү менен элден жеген байлыгын элден коргоп окко төшүн тосорун, азыркылардын “баатырдыгы” кызматы менен кымбат машине мингенинде, жек-жааттарын кызматка койдурганында, чоң ичип, чоң жеп, бийик трибуналардан элди бетке кармап чоң сүйлөгөнүндө, жалган убадаларды берип элди алдаганында” деп жазды.

“Тиешелүү жетекчилер элдин алдына чыгып, коңшулардын корообузга ыргыткан ташын төшү менен, башы менен тосуштун ордуна жата калып, жашына калып, укпаган, билбеген кишиге айлана калып, анан эки күн, үч күн өткөндөн кийин телевизорго чыгып: “сабыр кылуу керек, токтоолук керек, теңелбеш керек” деп былжырап-ылжырап турган үчүн элдин кыжыры келерин, дал ушундай жетекчиликтин айынан эл-жер кор болуп турганын дагы бир жолу айтып келип, дүйнөнү фашизмден сактап калган согуш ардагерлерине ченемсиз алкыш билдирүү менен макаласын аяктады.

Биз дагы Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерибизге, Аталарыбыз менен Апаларыбызга таазим кылмакчыбыз!

“Фабула” гезити ошондой эле Нарын дарыясына курулганы жаткан ГЭСтин каскаддары боюнча техникалык-экономикалык негиздеме 10-майга карата бүткөрүлөрүн, ал эми 27-май күнү ГЭСти куруу боюнча алгачкы бетон салынарын, ага Орусиянын президенти Путин келип катышканы жатканын, мына ошондон тартып ГЭС салына турган жерге энергетиктердин шаарчасы да курула тургандыгын кабарлады.

Депутат Турсунбай Бакир уулунун өзү, үй-бүлөсү, бала кези тууралуу айтып берген маеги да ушул санда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы Талант Исаев маегин “МАИ кызматкерлеринин арасында жол эрежесин билбегендер бар” деп атап, ичип алып машина айдагандарга 50 миң сом айып пул салуу же 3 жыл машина айдоо укугунан ажыратууну сунушташканын, бирок парламент муну талкуулап, 50 миң сомду 10 миң сомго түшүргөнүн, анын оюнча мурдагы 1500 сомго караганда 10 миң сом деле оңой акча эместигин айтты.

Ал ошондой эле МАИ кызматкерлерин аттестациядан өтүп жатканын, мурда мындай сыноодон тааныш-билиш, акчанын күчү менен өтүп кетип жүрүшсө, азыр анын баары токтотулганын, кызматкерлердин 30-40 пайызы кулап атканын, өздөрү МАИ болуп иштеп туруп, жол эрежесин билбегендер бар экенин, Түркияда болуп келгенин, түрктөрдө тонировкага уруксат бербесин, ошондой эле оң рулдуу машиналарга да уруксат берилбесин айтты.
XS
SM
MD
LG