Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Унутта калган кой чарба


16-майда “Айат”, “Учур”, “Асман-пресс”, “Арена.kg”, “ПолитКлинка”, “Мекен инфо” гезиттери жарык көрдү.

“Айат” гезити бүгүнкү санына “Бир Батукаев Кыргызстандагы үч чоң чиновникти кызматтан кетирүүгө себепкер болот окшойт",- деп жазды.

Парламенттик комиссия вице-премьер-министр Шамил Атахановду, саламаттык сактоо министри Сагынбаеваны, жаза аткаруу кызматынын башчысы Рысалиевди иштен четтетүү сунушун бергени жатыптыр. Бул чабактары эле, киттерин кармагыла демекчибиз, -деп;

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаттарын "мыйзам чыгаруу ордуна, саясий оюндарды уюштуруп, ал түгүл шаар кыдырып, курулуш иштерине да кийлигишип жатат"- деп сындады.

Ош аэропортунун май куюучу комплексин “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы президенти Албек Ибраимов 2 млн. долларга сатып алганы да ушул гезитте.

“Учур” гезити Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсү башталганын, Данияр Нарынбаевдин көпкөн уулунун ээнбаштыгын, 25 жыл мамлекетти башкарган 94 жаштагы Турдакун Усубалиев ооруп жатса Ак үйдөн бир да жан ал-акыбалын сурап койбогонун, Темир Сариев эми энергетика министри болууга далбас уруп жатканын, билими бар, эрки бош Болот Абилдаевди өкмөт башчылыкка сүрөп жаткандар тууралуу кеп кылды.

“ПолитКлинка” гезити жүзүн “Демократиянын “атасы” деген АКШ Максим Бакиевдин кылмыш ишин жаап салды” деген фотоколлаж менен ачты.

Гезит мал чарбасынын көйгөйлөрүн да ортого салып, учурдагы койлор асылдандырылбай, тайганга окшоп баратканын талкууга алды. Академик Жамин Акималиев “Кой чарбасынын абалы мышык ыйлаарлык. Окумуштуулардын сөзүнө кулак салчу киши жок. Койдун башы көбөйгөнү менен сапаты начарлап, эттүүлүгүн, жүнүнүн сапатын арттыруу жагы колго алынбай келет. Өзүбүздө малдын эти турса, сырттан ташып жеп жатабыз. Териси дагы пайдаланылбайт, -деп каңырык түтөттү.

“Асман-пресс” гезити акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн таразага салды. Окурмандардын бири ага "мыкты саясатчы, далай азапты көргөн демократ" деп баа берсе, экинчиси-Батукаевди качырууга катышкандын бири катары сыпаттаган. Дагы бирөө "акыйткатчы болбой эле адвокат болуп калды" деп сындаган.

“Арена.kg” гезитинде мамлекеттик баңги затты көзөмөлдөө кызматынын башчысы, генерал Алымбай Султановдун “Атамбаев оппозицияда жүргөндө кудасы деп бийлик кодулачу. Эми президент болгондо, кудасы эле кудасы” деп тытмалашат” деген маанайдагы маеги жарыяланды.

Гезит мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин кызы Айсалкын Масалиеванын “Атам президент болгондо өлкөдө абал башкача болмок. Элдин жашоосу дагы жакшы нукка бурулмак” деген интервьюсуна да орун берген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG