Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Аял болуу азабы


22-майда жарык көргөн кыргыз гезиттерине сереп.

“Алиби” гезити кабарчы Адилет Айтикеевдин өлкөдөгү кырдаалды талдаган макаласын басты.

Гезит Адахан Мадумаров президенттик жарышка эртелеп камынганын, быйыл жайга жетпей Токтогул суу сактагычындагы суу азайып же “тонолуп” жатканын да жазган.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин кыргыз тили, дили, өлкөдөгү саясий абал, парламент тууралуу маеги да ушул гезитте.

"Барометр" гезити филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Лайли Үкүбаеванын Түркияда өткөн “Гендердик теӊсиздик: аялдар маселесин чечүүдө мамлекет саясаты жана атуулдук жоопкерчилик” аттуу эл аралык жыйынга катышып келгенин жазды.

"17 мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында аял болуу мындан бир кылым мурда кыйын эле, бүгүн да аял болуш кыйын деген философиялык жыйынтык чыгарылды. Заманбап үй-бүлө түзүш үчүн заманбап эне болуш керек. Анткени күчтүү аял очокту бекем кармап турат да, күчтүү эне мамлекетке чоң тирек болот. Жыйында билимсиз, турмушка эрте чыккан кыздар маселеси да козголду", - дейт Лайли Үкүбаева.

Аталган гезит 2010-жылдын июнь айындагы коогалаң тууралуу журналист Сымбат Максутованын “От тутанган онунчу жыл же Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгү” аттуу китебинин үзүндүлөрүн жарыялай баштады.

“Көк асаба” гезитинде “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйкановдун “Кыргызча окуган окуучуну жогорку окуу жайда орусчага мажбурлоо - акылсыздык” деген макаласы чыкты.

"Тил сандыкка сактап коюп, кайра пайдалана бергендей буюм эмес. Тилди колдонбосо жоголот. Эне тил пайдаланылбай турса - өлөт! Азыркы кыргыз тилинин ал-абалы ушуга жакын. Аны сактап өнүктүрүү үчүн жогорку окуу жайлардагы сабактар кыргыз тилинде өтүшү зарыл. Тил - жандуу, тирүү нерсе. Аны дарак менен салыштыра кетсек, дарак өсүшү үчүн күн нуру, жылуулук, суу керек болгондой эле, тилдин өнүгүшү үчүн да атайын шарт түзүлүшү керек", - деп автор маселени кабыргасынан койгон.

“Майдан.kg” гезити жаңы санын “Кумтөрдүн” айынан кыргыз калкы жай өлүмгө дуушар болууда” деген баян менен ачты. Анда Кумтөрдө Борбор Азия масштабындагы экологиялык кырсык өрчүп баратканы, канадалык ишкерлердин айынан Кыргызстандын келечегине коркунуч жаралганы, уулуу заттардын таасиринен мөңгүлөр эрип, Петров көлүндөгү суунун көлөмү көбөйүп, уу сактагыч жайды “жууп” кетүү коркунучу жаралганы тууралуу кеп болот. Ушул эле темада Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева да интервью берген.

Бул гезитте “Атамбаев эмнеге Ташиевдин сотуна келгенден коркот?”, “Тайырбек Сарпашев өз чөнтөгүн ойлогонду токтотобу?", “Мырзакматовдун кадыр-баркы көтөрүлүүдө, “Уу ичип, “химикат” жыттанган чаткалдыктар” деген аталыштагы макалалар да бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG