Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Бөлүнбө, кыргыз!


24-майда “Жаңы Агым”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Алиби”, “Фабула”, “Де-факто”, “Айбат”, “Планета” жана башка гезиттери жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити өлкөдөгү саясий туруксуздук айынан инвестиция көлөмү кескин азайганын, өткөн жылы коррупция боюнча 290 кылмыш иши козголуп, анын 96сы сотко өткөнүн маалымдайт.

Гезиттин башкы редактору Бакыт Орунбеков “Бөлүнгөн кыргыздар, келечеги кандай болот?” деп суроо коюп, оюн ортого салган. Автор түндүк-түштүккө, уруу-урууга, диндик, партиялык, кыргыз менен киргизге бөлүнүүлөрдүн кесепеттери тууралуу кеп салып, окурмандарды ой бөлүшүүгө чакырат.

“Жаңы агым” гезити Болот Шерге карата асылуулар, башкы прокурор Аида Салянова башынан эле Батукаевди “адвокатындай” актап келатканын, бийликчил фракция эми соодалашууга аракет кылып, Текебаев Салянованы “ээрден” оодарып түшүп, анын ордуна ишенимдүү адамын койгонго аракет кылып турганын, акырында Болот Шер баштаган комиссия мүчөлөрү өзүнчө, Дамира Ниязалиева баштаган командасы өзүнчө корутунду даярдап жатканын талдоого алган.

“Де-факто” гезити экс-финансы министри Акылбек Жапаровду жогорку бийлик кайрадан кызматка чакырып жатканын, Нариман Түлеевдин “Чубактын кунундай” чубалган соту, Феликс Куловдун мамлекеттик каттоо кызматын өзү жетектеген паспорт чыгаруучу компанияга айландырып алганын баяндайт.

“Фабула” гезити Азиз Батукаевге байланышкан окуя кыргыз төбөлдөрүн кыл чайнашка кептегенин, өкмөт башчы өткөн жылдык отчетун берип жатып, кудасы, салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиевге жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш бергенин, же анысынан натыйжа чыкпаганын, өкчөгөн сайын кайра “алчы” конгон Осмонбек Артыкбаевдин кайрадан министр болгонун, маданият министринин орун басары болуп турганда сөгүш алган Кудайберген Базарбаев социалдык өнүгүү министри болуп жогорулаганын жазды.

Академик Абдылдажан Акматалиев “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” деген түрк тилиндеги 33 томдук, Чыңгыз Айтматов, идеология, мамлекеттик тил, ар-намыс тууралуу “Фабулага” интервью берген.

“Алиби” гезити “Саясий туруктуулугу жок, бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөгөн “бульдозер” деп Азимбек Бекназаровдун ишмердүүлүгүн таразага салды.

Нурлан Мотуев "Азимбек Бекназаровду эр жүрөк, иш билги, ак ниет саясатчы", - деп айтып, бирок оппозицияга өткөнү чечкиндүү болбой, бийликке катуу сын айталбай жатканын билдирген.

Жеке ишкер Азамат Жансаков "популист, коомго пайдасы жок", - дейт. Журналист Жалил Сапаров болсо, анын саясий элитага көлөкө түшүргөнүн, туруктуу идеясы, саясый жамааты жоктугун, бул кишиге ишенген эл да карып, бул киши баскан жер да карып бүткөнүн айткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG