“Алиби” гезити Аида Батырбекова даярдаган “Агрономиясыз алыска баралбайбыз” деген макалалардын топтомун тартуулады. Анда Кытай мамлекети 1,5 млрд. элин тамак-аш менен былк эттирбей багып эле тим болбостон, ашыгын чет өлкөлөргө соодалап келатканын, мындай ийгиликке мыкты өнүккөн дыйканчылык, жерди асылдандыруу жана сарамжалдуу пайдалануу аркылуу жеткенин белгилеп, айылдардын жакыр турмушун жоюу, ички-тышкы миграцияны токтотуу, элдин-жердин маданиятын өнүктүрүү, тынч, бакубат жашоо тамыры дал ушул агрардык саясатта жатканын, бирок тилекке каршы буга мамлекет тарабынан жыйырма жылдан бери олуттуу көңүл бурулбай келатканын кеп кылды.
Журналист Канышай Мамыркулованын кезектеги макаласы “Соттолуучусу жок соттор” деген ат менен жарык көрүп, анда айыпталуучусу жок сот процесстери арбып, Кыргызстанда “мыйзамды жана адам укугун сыйлоо” деген түшүнүк чектелүү экендигин дагы бир жолу тастыктаганын, мунун дагы бир мисалы Кыргызстанды сызга олтургузуп салып, узун кулактардын айтымында Англияда баш калкалап жүргөн Данияр Үсөнов сыртынан соттолгонун, “сот ушундай өкүмү менен карапайым калкты сооротуп койгону менен Данияр Үсөнов аны интернеттен окуп алып, боорун тырмап күлүп жатканын жазды.
Философ Базарбай Темишовдун “Дүйнөлүк мафия” Кыргызстанды кургуйга түрттү” деген макаласы да ушул гезитте жарыялана баштады.
“Барометр” гезити “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун деректири Кадыр Маликов маегин “Негизги коркунучту тышкы эмес, ички факторлор жаратат” деп атап, бүгүн убакыт адамга каршы иштеп жатканын, муундардын алмашуусу жүрүп, бүгүнкү жаштар 10 жыл мурдагы жаштардан такыр башка экендигин, адамзат аздектеген баалуулуктар тездик менен өзгөрүп жатканын айтты.
Кадыр Маликов Кыргызстанда революциядан бери 3 жылдын жүзү болсо да жаштар өлкөнүнүн келечегине ишеним артпай турганын, коом “бай” жана “кедей” деген эки катмарга ачык эле бөлүнүп калганын, социалдык теңсиздик, кедейлик ылдам өсүп, элдин негизги бөлүгү өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатканын, ушундай коомдо жашап жатып каякка барып токторубузду биз дагы эле билбей жатканыбызды кеп кылды.
“Мени кейиткени өз убагында Кыргызстандын экономикасын, саясатын оор кырдаалга кептеп койгон адамдардын эч уялбастан бийликке келип алганы. Өлкөнүн жана элдин келечеги үчүн эмес, бийлик үчүн күрөшкөн саясатчылар уюштуруп жаткан бир ууч топко көп учурда жетеленип калган бийликтин алсыздыгына, эрксиздигине арданбай коё албайсың. Эгер башынан эле өлкө үчүн социалдык да, саясый да жактан коркунуч туудурган чиновниктердин же саясатчылардын саясий ишмердүүлүк жүргүзүшүнө чектөө коюлганда же аларды бир сыйра люстрациядан өткөргөндө бүгүнкү бийликтин реформаларды жүргүзүүдөгү кадыр-баркы өсмөк, элдин ишенимине ээ болмок. Бүгүнкү кадр саясаты, бийликтеги кландуулук, ар кандай интригалар мени аябай нааразы кылат. Бийлик тазаланышы керек эле. Кыргызстандын түштүгүндөгү, Ысык-Көл аймагындагы окуялардын артында кандай топтор тургандыгы, бийликке жетиш үчүн жан үрөп жаткандар кимдер экендиги ачык эле билинип калды", дейт Кадыр Маликов.
“Барометр” гезитинин жаңы санынан балдарга арналган “Макалдат” аттуу ыр китеп жарык көрүп, ал балдар үйүнө жана жакыр жашаган бүлөлөргө бекер тартылып жатканын, китептин идеясы белгилүү ырчы Актан Исабаевге таандык болсо, анын идеясын ырга айлантып жазып чыккан белгилүү акын Кыялбек Урмамбетов болгонун журналист Тамара Козубекованын “Байлыктын башы – эмгектен” деген макаласынан окуйсуздар.