Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

“Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун...”


Ысык-Көлдөгү абал туралуу “Алиби” менен “Фабула” гезиттери жазып чыкты.

“Алиби” гезити “Чайпалган көл толкубаса экен” деген баш теманын алдында көлдүк жарандардын айрымдарынын ойлоруна орун берди.

Каракол шаарынын депутаты Өмүрбек Асанбеков:– Акыркы үч жыл аралыгында Ысык-Көлдө көзгө көрүнөрлүк бир да долбоор ишке ашкан жок. Бүгүн жадагалса мектеп деректирин да кайсы партиядан экенин сурап бекитип калышты. Иштей алабы, албайбы - ал эч кимди кызыктырбайт. КСДПдан болбосо бекитишпейт,–деп,

Каракол шаарынын депутаты Канатбек Усупбаев:– Бардык нерсеге элдин пикири менен эске алынбастан, туура эмес тандалган кадрлардын келиши себеп болууда,–деп,

Каракол шаарынын депутаты Октябрь Абдрахманов:– Ичип-жегендер жазаланмайын, майлуу-сүттүү орундарга көз арта беришет. Эмил Каптагаевге эл нааразы болуп жатса, аны жактагандар “калсын” деп чыгып жатат. Ал эми Түп районунда социалдык тармакты тейлеген акимдин орун басары 9 айдан бери жок,–деп,

“Кыргызстан жаштар кеңеши” уюмунун Ысык-Көлдөгү лидери Максат Касенов:– Азыр баарынан да ынтымак керек болуп турат. Түндүк-түштүк тургай уруу-урууга бөлүнүп жатабыз. Өлкө эмес, облустагы абал ушул. Бул тигил уруудан, бул тигил райондон болуп бөлүнүп, майдаланып бүттүк. Туризм сезонун тынч өткөрүүнү жалгыз эле Каптагаевдин кишилери эмес, баарыбыз айтып жатабыз. Аны жетиөгүздүктөр деле айтып жатат. 15 күндөн кийин аларда да өрүк сатуу сезону башталат,–деп,

Жаштардын өкүлү Салават Имашев:– 20 жылдан бери ушундай абалдын түзүлүшүнө өзүбүз күнөөлүүбүз. Бийлик башындагылар каалаганын кылса, биз унчукпай отура бергенбиз. Толкундоолордун баары ишке жөндөмсүз кадрлардын дайындалышынан чыгып жатат. Бирок бардык маселени ортого салып, сүйлөшүү аркылуу чечип алсак деген жаштардын да тилеги бар. Сезон аяктары менен көйгөйлөр кайрадан көтөрүлгөнү турат,–деп жооп берди.

Бул санда эки залкар – кыргыз акыны Ысмайыл менен казак акыны Кенендин айтышы кайрадан басылып чыкты.

“Фабула” гезитине маек курган Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев: – Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы жыйындын катышуучулары 15 күндүн ичинде жок дегенде коюлган талаптар боюнча конкреттүү иштер жасалсын деген маселе коюп, аткарылбаса ар кандай кадамдарга барышарын айтты. Муну өкмөттүн бир катар мүчөлөрү да угуп турду. Тийиштүү жоопторду берди. Бирок жергиликтүү тургундар жоопко канааттанган жок. Албетте жаштарды козуткандар бар. Мисалы, мурдагы митингдерде “Бул маселелердин чечилишин ким мойнуна алат?” деген суроо коюшкан. Ал эми кийинки жыйынга Токон Мамытов келип “Өзүм мойнума алайын” десе аны угушкан жок. “Кумтөрдү” бетке кармап, өз максаттарын ишке ашырам деген күчтөр маселенин курчуп кетишин каалап турат. Биз ушул боюнча иштеп жатабыз,–деп айтты.

“Фабуланын” ушул эле санына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Мелис Турганбаевдин “Шаардагы кылмыштуулукту 20 пайызга азайттык” деген аталыш менен интервьюсу жарык көрдү.

Мелис Турганбаев борбор шаардын четинде жайгашкан ондогон жаңы конуштарда 15-20 жылдан бери милийса участкалары жок болсо, бүгүн Ак-Ордо, Арча-Бешик, Калыс-Ордо жана башка айылдарга жалпы жонунан 40 милийса участогу ачылганын, эл буга ыраазы болуп атканын, айлыгын жеке демөөрчүлөр, айрым бөлүгүн АКШнын элчилиги көтөрүп бергенин кеп кылды.

7 жылдан бери өткөрө албай келаткан мыйзам кабыл алынганын, жаңы мыйзам ишке кирсе, бардык иштер сот аркылуу болуп каларын, Көлбаев чыгып кетет экен деген кептер жүрүүдө деген суроого Турганбаев, биздин өлкөдө баарын күтсө болорун, маселен, жөнөкөй кылмышкерлерден тартып, мыйзамдагы ууруларды, паракор чиновниктерди кармап келе берерин, бирок аларды кайра эле чыгарып жиберип жатышканын, азыр шаарда абал тынч экенин белгиледи.

Мелис Турганбаев кыз зордуктагандарды бычып салуу жеңил жаза болорун, мындай аңгилерди турган жеринде эле атып жоготуу керектигин, ошондой эле көптөн бери талашка айланып келаткан өлүм жазасын киргизүүнү жактаарын, өлүм жазасы киргизилсе, адам кейпин кийген жырткычтардын саны азаймагын, анын арты менен далай оор кылмыштар кан буугандай токтолмогун да билдирди.
XS
SM
MD
LG