Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Саясат тушаган өлкө


Гезит жамааттары четинен эмгек өргүүсүнө кетип отуруп, бүгүн чыга турган гезиттерден “Азия ньюс” гана жарык көрдү.

Аталган басылма “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун “Икрамдын талпагын ташка жаям” деген аталыштагы маеги менен бүгүнкү санын ачты.

Кезинде Алмазбек Атамбаев менен саясатта бирге жүргөн Кубанычбек Кадыров анын бир кездеги шоопуру Икрам Илмияновду дөңгөлөк чыгарып, кайра салгандан бөлөк чеке жылытарлык ишин көрбөгөнүн, эми минтип машинанын дөңгөлөгү менен рулунан башканы билбегенди болгондо да мамлекеттин аппарат башчылыгына дайындап, “эки тизгин, бир чылбырды” карматып койгонун, албетте жалпы шоопурлардын намысына тийейин деген ою жогун, эгер президент чындап эле шоопурун жакшы көрсө администрациясынын гаражына деректир кылып койсо деле болмогун, анын үстүнө Икрам Илмяновдун жогорку билими бар болгонуна күмөнү барын, ал шоопурлукка чейин Орто-Сай базарында эт чаап, касапчы болуп жүргөнүн, эгер Кудай буйруп Ички иштер министрлигин жетектеп калчу болсо ишти Илмияновду казуудан баштарын айтты.

“Азия ньюс” гезити Кыргызстандын карызы 30-апрелге карата 2 млрд. 964 млн. долларды түзүп, киши башына бөлө келгенде ар бирибизге 600 доллардан туура келерин да маалымдай кетти.

Бул санда “Мадумаров менен Ташиев “саясий өлүктөрбү"?” деген теманын алдында айрым атуулдардын ой-пикирлери жарыяланды.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин маеги “Биз жакшы системаны калыбына келтиребиз” деген аталыш менен тартууланып, ал анысында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жасап жаткан иштери тууралуу баяндады.

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Кубнычбек Кулматов кабарчынын “Ата-Түрк” паркында сизге жана жакындарыңызга катталган 3 жер тилкеси бар экен. Мыйзамсыз жер үлүшүн алганыңыз тууралуу түшүнүк бере кетпейсизби?” деген суроосуна:

–“Ата-Түрк” паркындагы жерлерди менин ата-энеме мамлекетке сиңирген эмгектери үчүн экс-президент Аскар Акаев өз буйругу менен берген. Менин ага тиешем жок,–деп жооп берди.

“Мадылбековду эл колдоп...” деген рубриканын алдындагы ой-пикирлердин топтому “Атамбаевге каршы эми Чүй толкуганы калды!” деген аталыш менен жарыяланды.

Анда Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун 9 жылга кесилишине каршы пикирлерин Сокулуктан Төлөн Сарманов, Кеминден Бахтияр Курманалиев, Панфилов районунан Эмир Аманкулов, Кара-Балтадан Болот Мамбетов, Москва районунан Асанбек Асылбеков билдирди.

Алар жазган сөздөрүндө: “эмне үчүн Ошто жолду бууп, кылмыш кылган балдарын бошотсо болот да, чүйлүктөргө болбостугун, эгер Атамбаевдин колу кычышып атса, Батукаевди качыргандарды жазага тартып, камаса болмогун, бул жерде бул иш Турат Мадылбековдун мизин кайтарыш үчүн жасалып атканын, ошондой эле Акмат Бакиевди качыргандардын бири дагы жоопко тартылбай кала бергенин, бул саясий заказ экенин, ушинте берсе жакында Чүйдүн эли Кеминден баштап Чалдыбарга чейин чыгарын белгиледи.

Аталган гезит буга улай эле Ысык-Көл облусундагы “Кыргызстан жаштар кыймылынын” 500дөн ашуун өкүлү катышкан жыйын бийликке 9 талап коюп, аны аткарууга 15 күндүк мөөнөт бергенин басып чыкты. Талаптардын негизги бөлүгү “Кумтөргө” байланыштуу болду.

Жакында эле “Такси жана телефон” аттуу жаңы кино тасмасын тартып, Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартуу кылган кинорежиссер Эрнис Абдыжапаровдун маеги чыгармачылыкка арналды. Ал акыркы жылдары режиссер катары күчүн театр спектаклдерин коюу менен да сынай баштаганын, бүгүн кыргыз киносу кыйын да, кызыктуу да учурду башынан өткөрүп жатканын, жалаң эле акча табуунун артынан кубалап, эптеп эле чампалай салган кинолор да тартылып жатканын, бирок эл деген тараза болорун, эл акырындап жакшы-жаманын ылгап, тандап, салыштырып көрө баштарын, ушинтип отуруп, кино өнөрүнүн сапатын мамлекеттин каалоосу менен эмес, элдин өзүнүн тандоосу менен көтөрөрүбүздү кеп кылды.

Опера ырчысы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Сапар Исмаиловдун сахнадагы жолун баяндаган интервьюсун да гезиттин ушул санынан окуй аласыздар.
XS
SM
MD
LG