Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

"Эшек секирмей"


Шейшембиде "Фабула", "Алиби", "Кыргыз Туусу" гезиттери жарык көрдү.

“Алиби” гезити Канышай Мамыркулованын “Кыргызстанда үчүнчү революцияны кытай мигранттары эле жасап коюшат” деген макаласын жарыялады. Макалада уруксат менен да, уруксаты жок да жашынып келип иштеп жүргөн кытай жарандары тууралуу сөз болду. Автор кыргыз жарандары үчүн Орусияда же бөлөк мамлекеттерде паспорт, үй, жана башкалар менен камсыз болуш эң кыйын маселе болсо чет элден келгендер үчүн Кыргызстандын паспорту менен кызын алыш текейден арзан экенин, маселен 100 кытайдын алган паспортунун баасын бир эле Аблязов төлөп, Аламүдүн райондук паспорт үстөлүнүн кызматкерлеринин пенсиясына чейин жете тургандай акча берип коюптур деген кеп бекер айтылбай аткандыгын белгилеп, бүгүн кыргыз милийсасына, УКМКнын кызматкерлерине биздин жерде жашап жүрүп 83 кытай кол көтөрсө, эртең эле алардын саны 83 миңге жетерин, бийлик үчүн бул маселе “бүгүн эрте болгону менен эртең кеч” болуп каларын эскертип, коңгуроо какты.

Ушул эле “Алиби” гезити “Ата Мекен” менен “Ата-Журт” биригеби?” деген суроого өзү жооп берип, чакан кабарында Камчыбек Ташиев баштаган депутаттарды кадимки Болот Шер Манас районунда өз үйүндө коноктоп, кементай жаап, ак калпак кийгизгенин таластык саясатчылар, учурда бийлик мародерчулук боюнча Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер баштаган депутаттарга “согушту” кайрадан баштаганына байланыштуу “атамекенчилер” “атажурт” менен биригип, бийликке каршы аттанганы калган тура” деп айтып жатканын маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити “Сох анклавындагы иштер создуктурулбасын”, “Билимсиздик менен жумушсуздуктун куу чеңгелинде”, “Башкаруу коалициясы ыдырабайт, кайра күчтөнөт”, “2001-жылдан бери шайлоочулардын тизмеси өзгөрө элек” деген макалаларды жарыя кылды.

”Ат-Башыдан арман кат” деген рубриканын алдындагы кайрылуу кат президент, спикер, өкмөт башчысына багышталып, ал: “Бышпаган мыйзам, чийки депутаттар” деген ат менен жарык көрдү. Катта маселен Ат-Башыга аким болом дегендердин алды буга дейре 25-30 миң сомдон берсе, арты 15-20 миң сом таратканын, акимдин шайлоосун элге салган күнү деле ушул көрүнүш кайталанарын, Кыргызстанда баарын акчага сатып алуу нормага айланып бүткөнүн жазуу менен өзүнүн сунуштарын киргизди. Акын Исабек Токтогуловдун бир бет ыр топтому да ушул “Кыргыз туусу” аркылуу тартууланды.

“Фабула” гезити Алмазбек Темирбек уулунун “Бет тырмалыкты токтотуп, мыйзам менен жашайлы!” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, азыркы бийликтин мажүрөөлүгүнөн 7-апрелден кийин жоопко тартыла турган Бакиевдер менен анын табакташтары татыктуу жазаларын албай калып, анан июнь коогалаңында упай топтоп, бир заматта элдик баатырга айланып чыга келишкенин, мыйзамдын кол жоолукка айланганына эл Батукаев менен Ташиевдердин окуясынан кийин даана ишенгенин, эгер тээ башында эле Үсөн Сыдыков өңдүүлөр адегенде үй камагына чыгарылып, андан кийин такыр бошоп кетпестен мыйзам чегинде жазаларын алганда, бүгүн Ташиевдер Ак үйдүн дубалынан секирмек эместигин, эми Ак үйдүн дубалынан секиргендер акталгандан кийин, эми мындан ары аянтта эс алып жүрүп, бекерпоздуктан тажаган балдар келип алып аркы-терки секире берсе болорун, себеби секирип түшкөнүң мындан ары “кылмыш” деп эсептелбей турганын, мындан ары республикадагы мамлекеттик мекемелердин тосмолорунан “иттин уулу Байгара” деле секирип өтө берсе болорун, баса бул илдет эми өнөкөткө айланарын жазды.

Ушуга улай эле Баратбай Аракеев “Кадам ушул” деген макаласында “Соттордун өзүн соттой турган соттор табылар бекен?” деп бийликтен эмес, Кудайдан тилек кылды.

Маркум Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов интервьюсун “Байкемдин өлүмүн соттор бизнеске айлантып алышты” деп атады.

Айбек Шамшыкеевдин кезектеги макаласы “Крутой” машинелерди уурдаган “Банда” кармалды” деген аталыш менен тартууланды.
XS
SM
MD
LG