Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Үзүлүп бараткан үмүт


Гезиттер бийликтин жүргүзүп келаткан ишине ичи чыкпаган жарандардын ойлоруна орун берди.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити “Ажо Атамбаевди оор тагдыр күтүп атат” деген баштеманын алдында айрым жарандардын ойлорун тартуулады.

Экс-депутат Максат Кунакунов: –Акаев менен Бакиевдин түбүнө жеткендер Атамбаевди да жардан алыс ыргытат,–деп,

Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев:– Атамбаевдин ордуна Путин келсе деле так ушинтип кыйналмакпыз, кеп Атамбаевде эмес, кеп токтоп калган сааттай болгон башкаруу системасында. Биз ошол системаны оңдобой жатабыз. Андан көрө Кудай сактап, бийлигибизди мыйзам жолу менен алмашсын деп тилейли,–деп,

Депутат Равшан Жээнбеков:–Атамбаевдин эки гана жолу бар. Биринчиси - ал мындан ары да бийлигин бекемдөөнүн үстүндө иштей берет. Анда аны Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтөт. Экинчиси - Атамбаев өкмөт менен парламенттен тартып алган функцияларын өкмөткө өткөрүп берип, күчтүү өкмөт түзөт да, өзү мыйзамда каралган милдеттерин аткара баштайт, анда президент тарыхта калат. Минткенге азыр анын толук мүмкүнчүлүгү бар,–деп,

“Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев:– Бакиевдердин кан менен бүткөн доорунун артында азыркы президент Атамбаевдин “куйруктары” турат. Жакын арада Атамбаев жана анын бийлиги экономикада өзгөрүү жасабаса Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтүп турат,–деп,

Депутат Эсенгул Исаков: –“Бүгүн Атамбаев өлкөнү башкара албай калды, мунун аягы жаман бүтөт” деген пикирлерди кезинде Бакиевдин айланасында жан багып жүргөндөр айтып жатат. Ошондуктан Атамбаев бардык айтылган ой-пикирлерди текшертип, кимдин ким экенин эртерээк билиши керек. Ал эми президенттин айланасындагы жан-жөкөрлөрүнүн кылып аткан иштери чын эле жакпайт,–деп,

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова:– Учурда бир эле Атамбаевдин эмес, жалпы эле Кыргызстандын абалы оор. Туура, Атамбаевдин кадр саясаты менен айланасы өтө чабал, ишке жарамсыз болууда. Мен эле эмес, жалпы коомчулук деле Атамбаевдин “нафталин” жыттанган, сабатсыз, ишке чоркок, эл арасында кадыр-баркы жок кадрларынан тажап, үмүтүн үзүп бүттү. Социалдык программалар иштебей, бардыгы уурдалып атат. Ошондуктан Атамбаев айланасына тажрыйбалуу, күчтүү, билимдүү кадрларды апкелбестен азыркыдай иштей берсе, бул бийликтин арты да жаман бүтүшү мүмкүн,–деп айтты.

“Азия ньюстун” бул санында депутат Садыр Жапаровдун, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун интервьюлары да бар.

“Параграф” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Карфаген кайталанбаса экен” деген макаласын жарыялады. Автор макаласында кыргыз жеринде жашап, байлыгын ушул жерден топтоп, кыргыздын нанын жеп, суусун ичип, жашап жүрүп кыргыздын далысына бычак сайгандарды, тагыраак айтканда Ошко от жагып отуруп, өрткө айланткандарды Карфагенди жер менен жексен кылган Рим тарыхындагы мамлекетти ичтен жеген саясатчыларга салыштырды. Бактыга жараша Карфагендин тагдыры кайталанбаганын, Ош кайрадан калыбына келип, кадимкидей жашап жатканын белгилеп, ылайым эки элдин ортосун кара мышык аралабай, ынтымак өкүм сүрсө экен деп тилек кылды.

“Параграф” гезити ошонодой эле “Батукаевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин эмне себептен өкмөт аткарбай жатат деп ойлойсуз?” деген суроо менен кайрылды эле, буга:

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: –Бул чалмакейди салган өкмөттүн өзү болсо, чечимди аткармак беле?–деп,

Депутат Курманбек Осмонов: –Чечим президентке жолдонгон. Азырынча эч кандай реакция жок. Бул жакшы жышаан эмес,–деп жооп берди.

Кыргызстандын таянган эки таягы болсо, бири – “Кумтөр”, экинчиси – Энергетика тармагы. Мына ушул энергетика тармагы Акаев менен Бакиевден бери келаткан Ширшовдун схемасы менен иштеп келатканын, мурдагы эки бийликтин мурдуна чүлүк тагып туруп жетелеп алган Ширшовдун өлбөс-өчпөс схемасын жоем деп келип, бийликке келгенине эки жылга жакындап калган Атамбаевдин бийлиги да жойо албай жатканына, энергетиктер өздөрү “жойо албай жатабыз” деп моюндарына алып келаткан бечаралыгына өкүнүчүн билдирди.
XS
SM
MD
LG