Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Факт талаштуу да болот


“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Мейкин Азия” менен дүйнөлүк мейкиндикке” деген баш тема менен ачты.

Гезит Орусияда өткөн Универсиада, президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз чемпиондорун сыйлаганын алдыңкы беттерге алып чыккан макалалары аркылуу баяндап, алтынга байланган экономиканын аз-аздан жанданып баратканын жазды. Академик Кубанычбек Жумалиевдин президент менен өкмөт башчысына, башкы прокурорго, күч министрлерине кайрылуусу басылып чыкты. Анда ага жалган жалаа жаап, жалган ушак таратып келаткан Абдраим Касымов жөнүндө сөз болот.

Чаткалдык 200дөн ашуун киши кол койгон кат “Чуулгандан арылып, жакшы иштерге өтсөк” деп аталды.

“Планета” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Факты деген актанганга алдырбайт!” деген макаласын басты.

Аракеев мародерчулук маселесине кайрадан кайрылып: “Эмне үчүн генерал Рысалиев жана ага пикирлештер дапдаана эле Мадылбеков менен Төлөгөновду талап-тоноочулукка катышы бар деп жатат? Анткени тиги эки депутаттын 7-апрелдеги жүрүштөрү шектүү болуп жатпайбы. Болуптур, Юсупов деген жанкечти аферист болсун, анда ошол аферист менен тиги эки депутат эмне үчүн байланышкан? Таяке-жээнби? Же шерине жешкен тели-теңтуштарбы? Андай эмес экен. Эгер “атамекенчилер” акактай аппак болсо анда эмне себептен Рысалиевди министрликтен айдап түшүрдү? Эмне үчүн Текебаев аны каматыш керек?” деп жатат” деген өңдүү бир катар суроолорду койду.

“Планета” гезитинин бүгүнкү жаңы санында ушул эле автордун Каракол-Бишкек жолу менен салыштырганда Кеген-Түп жолу эки өлкөнүн аралыгын алда канча жакындатарын, аны таш жол деп таштап койбой, курулушун улантса убакыт да, күйүүчү май да үнөм болорун, бул жолдун ушундай ыңгайлуу экендигин түптүктөр эле эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар түшүнүп жатканын жазып чыкты.

“Планета” гезитинде ошондой эле таланттуу актер Марат Жантелиев, таланттуу ырчы Кенже Дүйшеева, Казан шаарындагы дүйнөлүк мелдеште алтын медаль утуп келген балбан жигит Нурбек Кожобеков менен кызыктуу маектер бар.

“Манастагы” майлуу коррупция” деген башкы тема менен жаңы санын ачкан “Алиби” гезити журналист Адилет Айтикеевдин “Үчилтигин” тартуу кылды. Анда Текебаевдин: “Мен ишенем, президент Алмазбек Атамбаев Зарылбек Рысалиевди жоопко тартат” деп алдын ала айтканына таң калганын, таластыктар өкмөттөн нан же суу сурабаганын, алар талаштуу жер көйгөйүн чечүүгө келгенде кыргыз тарапты тоготпогон казак бийлигин ийге келтириш үчүн сууну бууганын, ага дейре ыргыштап турган Жамбыл облусу суусу жок калганда гана жалпалактап сөзгө келгенин жазып чыкты.

“Коомдук форум” деп аталган рубриканын алдындагы макалада айтылуу ишкер Аскар Салымбековдун “Прогрессивдүү демилгелер фонду” уюштурган “Акыл кубаты” деп талган 1-коомдук форум болуп өткөнүн, анда бир катар конкреттүү маселелер талкууга алынганын, форум көздөгөн максатына жеткенин маалымдады.

Ушул эле “Алиби” гезитине СССРдин Эл артисттери Кайыргүл Сартбаев, Самара Токтакунова башында турган атактуу өнөр адамдарынын жалпы коомчулукка жана күч органдарына кайрылуусу жарык көрдү. Кайрылууда кыргыздын чолпон жылдыздары Бүбүсара менен Таттыбүбүнүн түбүнө жеткен да жалган жалаа, ушак-айың болгонун, бүгүн ушундай чагымчылдыкка Кыргыз эл артисти Роза Аманова туш болуп атканы, адамдык керт башына асылып, ээн ооздукту катынган гезиттер, гезит аркылуу жалган маалымат тараткандар жоопко тартылыш керектиги белгиленди.

“Кыр кашкан кыргыз спорту” деген макалада кыргыз балбандарынын Универсиада оюндарындагы ийгилиги жөнүндө сөз болсо, Дастан Сарыгулов менен Сазыкбай Турдумалиевдин сунуш кылган долбоору “Өлкөнүн жаңылануу багыттары” деген ат менен жарыяланды.

Мугалим Алымбай Кызаевдин сандан санга жарык көрүп келаткан макаласы “Могол мамлекети жана кыргыздар” деп аталды.
XS
SM
MD
LG