Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Коңшуларды ким кагыштырууда?


“Жаңы агым” гезити Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев менен аңгемелешти.

“Планета” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Бийликти басып алчуларга “Темир шиш көчүгүңө кирсе бүттү, ириңдейт!” деген макаласы менен ачты. Автор келаткан күздө да митинг өткөрүп, бийликтин айласын кетиребиз, керек болсо Атамбаевди алып түшөбүз дегендерге президент колдорунан кокон келбейт дегендей катуу айтканын эске салып: “Бийликти ала койом дегендердин кебетесин жакшылап байкоого алсаң күлкүң да келет, жиниң да келет, алардын арасында мамлекетти эмес, көпкөн аялы менен балдарын башкара албагандар бар. Бийликтин эң эле жогорку тепкичинде отуруп караламан калк эмес, кара жанын баккан коррупционерлер бар. Көпчүлүк бүгүн ызы-чууну эмес, тынч турмушту, бала-чаканын, өлкөнүн келечегин каалап калды” деп жазды.

“Планетанын” бул санында мындан сырткары Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыктын башчысы Рафик Мамбеталиевдин, Ички коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Айтмамат Рахманов менен маектер бар.

“Жаңы агым” гезити Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев менен маекти тартуулады. Эл жазуучусу борбордук аянтта канын төгүп жатып жексур бийликти алмаштырган Апрель окуясын элдин эсине салды.

Адегенде эски бийликтин этек-жеңи тургай, коюн-колтугунда жүргөндөрдү жазага тартпай, азыркы бийлик туура кылды, эрегишүүдөн эмне чыкмак эле деп ойлогонун, бирок, тилекке каршы, кулаган бийликтин “күйөрмандары” бейкут жашоонун ордуна кылдан кыйкым издегенге, чыр чыгарганга өтүп, боор оорусаң боорго тээп келатканын, Бакиевдерди эми мындан ары эл бийликке алып келбесин билип турушса да, ошол Бакиевдердин доорун эңсегендер элди тынбай удургутуп жатканын айтты.

Бакиевдин этегинде жүрүп жанын багып келгендердин бүгүн кекчилдиги билинип калганын, ушундан улам ашынган реваншисттерге, алгачкы эки президенттин тушунда алкын агытып жеп-жуткандарга, мыйзамды көзүнө илбей ызы-чуу салып кыянаттык кылгандарга, эл бузарларга карата жок дегенде жеңил люстрация кылганда бүгүн минтип көрүнгөндүн башына отура калмак эмес деген оюн билдирди.

“Алиби” гезити жаңы санын гезиттин Баткен обулусу боюнча өз кабарчысы Кубатбек Айбашевдин чек ара маселесин талдоого алган макаласы менен ачты. Чек арада улам тутана калып жаткан опуртал жагдайларды сөзгө алган журналист макаласын аяктап баратып, АКШ Ооганстандан кайтып баратып курал-жарактарын Өзбекстанга таштап кетүүнү убада кылып келатканын, ошол эле убакта Борбор Азиядагы ордун жоготкусу келбеген Орусия Кыргызстандын армиясын 1 миллиарддан ашуун долларлык курал-жарак менен жабдыганы жатканын, айрым саясат иликтегичтердин божомолунда мындай жарыша куралдануунун арты жакшы эместигин, бөтөнзордукчул өлкөлөр келечекте Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдү куралдуу кагылышууга даярдап жатканын, анткени Фергананын үч бурчтугунда жайгашкан Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан өлкөлөрү аймактагы жер, суу жана кен ресурстары үчүн ансыз деле бири-бирине көптөн бери эле ичтери чыкпай келатканын эскертти.

Академик Кубанычбек Жумалиевдин “Алибидеги” маеги “Революцияны бизнеске айландырган Абдраим Касымов ушинтип ар кимди опузалап жан багат” деген ат менен жарык көрдү.

“Де-факто” гезити журналист Жылдыз Абдыкеримованын “Ушундай муун келди. Алар театрга кирбейт, китеп окубайт” деп аталган баштеманын алдында тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен маданият министри Султан Раевдин бүгүнкү коом жөнүндөгү айткан ойлоруна орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити “Мамлекеттик тил – “аталуу жетим” деген макаланы басты. Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун “Тарыхтан сабак албаган коом жазаланып келген” деген аталыштагы интервьюсун тартуулады. Маекте 16-жылдагы Үркүн жана бүгүнкү улут келечеги тууралуу сөз болот.

Чынтемир-Алтай деген ат менен жаза баштаган жазуучу Асыкбек Оморовдун “Санжыра экспедициясынын Кытайга сапары” баяны сандан санга жарык көрө баштады. Анда негизинен Кытайдагы кыргыз туугандар, алардын жашоо-турмушу, руханий дөөлөттөргө жасаган мамилеси жөнүндө кенен кеп болот.

“Тил маданияты” деген ат менен жарык көрө баштаган гезиттин алтынчы саны жарыкка чыкты. Гезитте маданият жана маалымат министри Султан Раевдин “Эне тил эне сүтүндөй”, Бүбү Токоеванын “Биз кимбиз, тил жана жоопкерчилик”, филология илиминин доктору Турусбек Марасыковдун “Котормо маселеси колго алынса, дүйнөлүк маданиятка жол ачылат” аттуу макала-маектери бар.
XS
SM
MD
LG