Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Арзандын тузу татыбайт


Кыргызстандагы электр энергиясынын тарифи дүйнөдөгү эң арзан экенин “Барометр” гезити кеп кылды.

Бүгүн жарык көрүүчү “Барометр” гезити мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, жумушчу топтун жетекчиси, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун төрагалыгы менен жыйын өткөнүн, жыйында Кыргызстандын азыркы маданиятынын мыкты үлгүлөрүн өнүктүрүп-өстүрүүгө багытталган ар түркүн пландагы телевизиондук берүүлөрдү көрсөтүү үчүн “Маданият-Тарых-Тил” телеканалын түзүү жана аны ишке киргизүү боюнча маалымат угулганын кабарлады.

Гезит ошондой эле көптөн бери Коргоо министрлиги менен Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин ортосундагы талашка чекит коюлуп, имарат мындан ары биротоло мектепке акысыз пайдаланууга берилгени маалым болгонун жазып чыкты.

“Барометр” гезити Отун-энергетика комплексиндеги айкындуулук демилгесинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Валентина Касымованын энергетиканын бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги тууралуу сөз кылган макаласын окурмандарга тартуулады.

Валентина Касымова макаласында Кыргызстан эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары коомубузда алдым-жуттум көрүнүш түптөлө баштап, акыры ал тамырын кенен жайып, момун, Кудайга калп айтпаган адамгерчиликтүү адамдарды тебелеп-тепсеп, алдыңкы планга жулунуп-жутунган шылуун кишилердин бүтүндөй армиясы пайда болгонун, мындай шумпайлар башкаларды уурдап-тоноп пайда көргөнү аз келгенсип, электр энергиясын да уурдап пайда табууга өткөнүн, 20 жыл ичиндеги башаламандыктын кесепетинен энергетика тармагы таланып-тонолуп, ортомчу бөлүштүргүч компанияларга берилген электр энергиясынын 20 проценттен ашыгы коммерциялык жоготуу катары бааланып калганын баяндады. Дал ушул схема “Ширшовдун схемасы” деп аталып, ага ылайык атайылап эле бул дүйнөдө эзели жашабаган “өлүү жан” абоненттердин тизмелери тизилип, асмандан алынган киловаттар эсепке киргизилип, шылуун контролерлор кафе, ресторан, сауна, казино жана кабат-кабат хан сарай үйлөрдүн кожоюндары менен сүйлөшүп алып Кыргызстанды кадимкидей талап-тоногонго өткөнүн айтты.

Валентина Касымова андан ары КМШ өлкөлөрү эле эмес, дүйнө жүзү боюнча биздикиндей арзан тариф жоктугун, маселен биздин электр энергиясына болгон тариф Тажикстандыкынан 2 эсе, Өзбекстандагыдан 3 эсе, Орусиядагыдан 4 эсе, Кытайдыкынан 5 эсе, Казакстандыкынан 6 эсе, Молдаваныкынан 10 эсе арзан экенин белгилеп: “Эмне кылуу керек?” деген суроого жооп берди.

Адистин пикири боюнча, эң алды менен жашап турган үйлөрдү жылуулоо маселесин чечүү керек. Ал үчүн кышында жылуу, жайында салкын болгудай шарттарды түзүү зарыл. Бул үчүн азыр арзан баадагы курулуш материалдары жетиштүү.

Экинчи маселе. Уурулук менен күрөшүү. 2009-жылы “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамга – Электр энергиясы–товар, аны уурдаган адам кылмыш жообуна тартылат” деген норма киргизилген, бирок мыйзамы аткарылбаган Кыргызстанда бул мыйзам да кагаз жүзүндө калган бойдон келатат. Калктын бир катмары жана жүздөгөн коммерциялык мекемелер электр энергиясын уурдашат. Мындай уурулукка электр энергиясына тиешеси бар адамдардын катышы бар. Ошондуктан мындай илдеттен башкаруу ыкмаларын өзгөртүү, техникалык жаңы эсептегич аппараттарды орнотуу менен кутулса болорун белгиледи Валентина Касымова.

Аталган гезит бүгүнкү санына жакында эле көзү өтүп кеткен таланттуу обончу Жалил Сыдыковдун чыгармачылыгын сөз кылган “Көп кырдуу талант” деп аталган баянды окурмандарга сунуш кылды. Обончунун чыгармачылыгы жөнүндө анын курбулары: Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын деректири Темирлан Сманбеков менен Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев кеп кылды. Жалил Сыдыков дүйнөдөн эрте кетсе да артында өлбөй турган ырлары калганын, маселен анын Нарынды, туулуп-өскөн жери Ак-Талааны, Соң-Көлдү даңктаган жана “Мен кыргызмын” деген ырларын Үч-Теректин үч кызы Анапия, Дилбар, Лира Раимбековалар, “Жүрөгүм толкуйт Нарындай” деген ырын Асел Турдалиева жана башка көптөгөн ырчылар ырдап келатканын айтып эскерди.

Мындан тышкары “Барометр” гезитинин жаңы санында спорт маселеси боюнча бир катар макалалар, журналист Аманбек Жапаровдун Айша аттуу кичинекей пианист кыз тууралуу кызыктуу баяны бар.
XS
SM
MD
LG