Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Гезиттер: кубулуп турган саясат


“Алиби” гезити Наргиза Козубаеванын “Кыргызстандын суу чарбасын К. Таштаналиевге окшогондор талкалады” деген аталыштагы баянын жарыялады. Анда Таластын Көк-Сайындагы талаштын бутасына айланып, чуу болгон жер-суу маселеси жөнүндө кеп болду.

Ушул эле Көк-Сайдагы чек ара көйгөйү тууралуу Анарбай Корчубеков өзүнүн “Солдаттар бизди эмес, биз солдаттарды кайтарабыз” деген макаласында кенен кеп кылды. Жергиликтүү аткаминерлердин элге да, Кудайга да жакпаган чалмакей иштерин кеп кылган автор бийликте сайрап отурганда дегеле оору дегенди билбеген эргулдар камакка алынары менен миң түркүн дарты бар оорукчан болуп чыга келерин, анан алардын адвокаттары каяктагы кагаздарды бетке кармап, аларды үй камагына чыгарууга далбас урарын, ошентип көбү үй камагы дегенге чыгарыларын, ал эми жөнөкөй жаран кармалса, дароо он жылга кесилип кетерин, мындан улам түкшүмөл ой пайда болорун, Акаев, Бакиев кадрлары азыркы Атамбаев бийлигин көрө албай, атайлап ушундай былгытма иштерди жасап, тынч жаткан элди ийне менен сайгылап көтөрүп жатабы деген ой келерин, демек бүгүн кызматта турса сопсоо, кызматтан түшөрү менен ооруп жыгылган, анан айыгып алып элди козутуп кыйкырып жүргөн кадрлардан арылуу зарылдыгын кеп кылды.

Эл алдында чыркыраган чындыкты айтымыш этип, ал эми көшөгө артында тирукмуш оюндарды жүргүзгөн саясатчылардан карапайым калк тажап бүткөнүн, буга 24-августта Соң-Көлдө өткөн курултай далил болгонун, курултайды Нарындын жаштары уюштурду деген менен аны жакында эле мандатынан ажыраган Садыр Жапаров, Талант Мамытов, милийсанын экс-чоңдорунун бири Кубанычбек Кадыров жана саясатчы Аликбек Жекшенкулов башкы уюштуруучулар болгонун, атактуу жайлоодо баягы эле күпүлдөгөн куру сөздөр “Кумтөр” туурасында жүргөнүн, баарыдан да аты курултай деп аталган бул бир ууч жыйынга 60тай киши катышканын Асанбекова аттуу автор маалымдады.

Эс алуудан кайтып кайра чыга баштаган “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Формасы майрам, сапаты кайда-ан?!” деген көлөмдүү макаласын тартуу кылды.

Алмазбек Темирбек уулу даярдаган “Оңтойсуз суроолор” “Кантип байыганыңызды айтып бере аласызбы?” деп депутат Акматбек Келдибековго, “Мародер” деген жаман ат жабышты, Куран кармап Кудайды күбө тартып, касам ичкенге эркиңиз жетеби?” деп депутат Райкан Төлөгөновго, “Ширшовдун үйүндө жашап атканыңыз чынбы? Сатып алгансызбы же басып алгансызбы?” деп депутат Туратбек Мадылбековго, “Москвага тынбай каттап, өкмөт башчылыгына Орусиянын төбөлдөрү аркылуу жетүүнү көздөп, тымызын иштерди жүргүзүп жатканыңыз чынбы?” деп депутат Марат Султановго, “Токтогул суу сактагычындагы сууну сатып ийди деп Максимден көрчү элек, азыр аны кимдер сатып жатат? Кыш келери менен Бакиевчесинен “тезек терип алгыла” деп айтканга күчүңүз жетеби?” деп энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге суроо салды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Атасыз 300 наристе, 328 сөөк Кыргызстанга жөнөтүлдү, 2313 адам түрмөдө отурат” деген баш тема менен ачып, эмгек мигранттарынын жашоо-турмушун жазып жөнөткөн журналист Адылжан Жажановдун макаласын окурмандардын ой элегине салды.

Азимжан Ибраимовдун макаласы “Өкмөт мамлекеттик башкаруу реформасын сунуштоодо. Ага элдин даярдыгы кандай?” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле гезитке элеттик акын Жекшенбай Курмановдун “Айланайын апалар, асылзаттар!” деген ыры басылып чыкты.

Абалтан эркектерге акылдаштар,
Ар бириңде тоодой сый, кадыр-барк бар.
Качан салтта бар эле жолду буумай,
Кагылайын апалар, асылзаттар.

Душман болуп калбасын бир-бирине,
Дел өзүңөр төрөгөн жатындаштар.
Жаман жорук жол буумай энекелер,
Душман укса бул ишти келекелээр.

Барктан тайып, балдарды жер каратып,
Баштан качаар урмат-сый, берекеңер.
Арам акча, бийликке баш ургандар,
Алда качан абийрин качыргандар.

Аңга салып акыры басып кетер,
Артыңарга силердин жашынгандар.
Жолду буусак абалдан чыгабызбы,
Жосуну жок жорукту тыябызбы?
Өзүбүзгө өзүбүз орду казып,
Өзүбүздү өлтүрүп тынабызбы?!
Айланайын апалар, асылзаттар!
XS
SM
MD
LG