Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Эгемендик баркы


“Барометр” гезити эгемендик тууралуу айрым адамдардын ойлоруна орун берди.

Эки күндөн кийин 31-август. Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болгон күнү. “Барометр” гезити мына ушул майрамдын мааниси жөнүндө айрым аттуу-баштуу адамдардын ой-пикирлерине орун берди.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев:– Мен бул майрамды дайыма күтөм. Бул чоң майрам. Манастан кийинки жоготкон эркиндигибизди кайтарып алган күн. Бирок кыргыз эли кандай чоң бакытка жеткенин баамдабай, баркын билбей, баалабай келаткансыйт.

Анын үстүнө демократия деп тескери кетип жаткан учурлар көп. Менин оюмча Кудайдын берген бактысын көтөрө албай атабыз. Экономика жагында уурулук тыйылбай койду. Эл эптеп-септеп оокатын кылып атса, кызматка келген эле чиновниктердин көбү мамлекетти уурдап-тоной баштайт. Мен ушуга капамын. Ошондуктан мага ийгиликтерди санагандан, кемчиликтерди санаган оңой. Кээ бирөө ойлойт “жакшы адамды шайласак эле заман оңолот” деп. Бирок бүгүнкү система өнүгүп-өсүшүбүзгө карама-каршы болууда. Ошондуктан системаны өзгөртүүнү мен эле эмес, эл да күтүп жатат,–деп;

Депутат Бөдөш Мамырова: “Эмнеден эгемен болдук?” деген суроо туулат. Эгемен дегенде көз карандысыз, бийлик элдин көзөмөлүндө болгон, элге кызмат кылган, эл үчүн кам көргөн, башка мамлекеттер менен тең ата болуп, экономикасы гүлдөп-өнүккөн мамлекет болсо деп тилейм.

Мына эгемендикке жеткенибизге 22 жыл болду. Анын алгачкы жылында төрөлгөн уул-кыздар азыр бойго жетип, керек болсо мамлекетти башкарганга жарап калды. Бирок кыргыз элинин бактысыбы же жаңылыштыгыбы, биз өзүбүз эңсегендей эркин, түз, таза жолду тандай албай жаткансыйбыз. Албетте жамандыр-жакшыдыр өз алдынча мамлекет катары жашап жатабыз.

Коңшу мамлекеттерден айырмаланып, көп жагынан демократиялуубуз, элди тоготпогон, элди укпаган бийликти эки жолу алмаштырганга жетиштик. Анткен менен элдин пайдасына чечиле турган үч чоң өзгөрүүнү мен көрө албай турам. Бийлик тарабынан майда-барат өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, бирок эл тарабынан бир топ өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Кандай өзгөрүү экенин айтпай эле коеюн, аны өзүңөр көрөсүңөр,–деп;

Депутат Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстан үчүн мындан чоң майрам жок. Эң маанилүүсү бул – эгемендүүлүк. Экинчиси – демократия. Үчүнчүсү – сөз эркиндиги. Эми экономикада чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Негизги өзгөрүш – бул система аркылуу иштеп, коррупциялык схемалардан кутулуу,–деп;

Депутат Каныбек Иманалиев: Мен бул күндү балдарымдын туулган күнүн күткөндөй эле күтүп алам. Бул эң ыйык майрам, улуттун туулган күнү. Эң башкысы – мамлекеттин бүтүндүгү. Болуп өткөн эки окуядан кийин азаттыктын баркын түшүндүк. 2010-жылы апрель жана июнь айларында курман болгондор азаттык үчүн курман болушту.

Үчүнчүдөн, Кыргызстан чыныгы рыноктук, демократиялык мамлекет катары Орто Азияда жана эл аралык аренада тааныла баштады. Эми парламенттин ролун күчөтүү зарыл. Чыныгы парламенттик-президенттик система иштеши керек. Анан коррупция менен реалдуу, чечкиндүү күрөшүү керек. Эл аралык долбоорлор иштей баштайт. Баткен-Исфана, Бишкек-Торугарт жолдору бүтөт.

Камбар Ата-1, Үстүңкү Нарын Каскады ГЭСтери курулуп, Түркмөнстандын газы Кыргызстан аркылуу өткөн жатат. Түндүк-түштүктүн экинчи чоң жолу Жумгал аркылуу салынышы мүмкүн, анан Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кредит бөлүнүп жатат. Ушул ири долбоорлор ишке ашса, бул эгемендүүлүктүн эң башкы үч окуясы катары тарыхта калат,–деп жооп берди.

“Барометр” гезитинин бул санынан укук илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин “Каада укугу” деген макаласын окуйсуздар.

Журналист Тамара Козубекованын сүрөтчү Кайыргүл Козуеванын чыгармачылыгын баяндаган сүрөттүү баяны да ушул санда. Сүрөтчүнүн кыл калеми менен “Дордой “ базарындагы мечит, “Супара” этнографиялык комплекси, Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон музейи жасалгаланган экен. Сиздер бул баяндан тобокелге башын байлап, эгемендиктин биринчи жылдарында Москвага кетип калып өзүн да, үй-бүлөсүн да турмуштук кризисттен чыгарып, сактап калып, аны менен эле тим болбой, Орусияда чыгармачылык зор тажрыйба топтоп, мекенине кайтып келип, үзүрлүү иштеп жаткан художниктин ишмердиги менен таанышасыздар.
XS
SM
MD
LG