Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Гезиттер: Оппозиция опузасы


Эгемендик жөнүндө суроолорго “Азия ньюс” гезити аркылуу тарыхчылар К. Молдокасымов, Б. Ааматов, Т. Чоротегин жооп берди.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити Камчыбек Ташиев түрмөгө түшкөн маалда үн катып койгонго жараган жок деп “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевди “суу жүрөк генерал” деп;

“Ахматбек Келдибеков агабызга карата бийликтегилер чалма ыргытып, темир тор ичине тушаганга аракеттенип жатканы боюнча каңшаар тарады” деп, “Аликбек Жекшенкулов агабыз ШКУ бүткөндөн кийин эл үчүн башты байлап, калайман салары анык боло баштады. Жини биротоло кашайды, эми президент аны бал тилге салып, балмуздакка көндүрө албайт го!” деп, “Камчыбек Ташиев Чыңгызхан болуу идеясынан кайтпаптыр” деп, мурдагы өкмөт башчысы Кубанычбек Жумалиев “Учур” гезитин 10 млн. сом айыпка жыгуу үчүн сотко бериптир. Соттошуу эми башталат” деп кабар таратты.

“Каны бузуктар Кыргызстанды талкалаганы калдыбы?” деген башкы теманын алдында кыргыздын тарыхын жакшы билген адамдарга суроо салды.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов: 22 жыл ичинде толук кандуу эгемендүүлүккө жете алган жокпуз. Саясий элита Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрүүнүн ордуна талап-тоноп, мамлекетти кыйроо абалына алып келди,-деп;

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: Өлкө саясий чечим менен Бажы союзуна кирсе базарларда иш токтойт. Себеби биздеги бажы пошлинасы көтөрүлсө, кытайлар арзанына бой уруп товарын Орусия жана Казакстанга темир жол аркылуу ташый баштайт. Элдин жумушсуздугу күчөйт. Жерибизди пулу барларга калтырып, элибиз башка өлкөлөргө тентигенге аргасыз болот. 22 жыл ичинде өлкөнү коррупция талкалады. Өлкөнү таламайга алып, элдин мүлкүн тоноп, темирлерин Кытайга саткандар 22 жылдан бери элди алдаган уурулар. Мына ушул адамдар бийлик талашып, эки өйүз болуп алып, элдин канын төгүп келди. Буларды бирден камап, Сталин жок кылгандай жок кылыш керек,-деп;

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин: Кыргызстан кыйла эле торолуп, чыңала баштады. Албетте көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүбүз абзел. Бир гана кубаттуу өлкөнүн этегине эрмешпейли. Кемчиликтерди кеп кылсам саясый элитабыз эгемендикти чыңдоого татыктуу салым кошо албастан чабалдыгын, саясый түркөйлүгүн көрсөтүп келди,-деп жооп берди.

“Арена kg” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана анын партиясына сырттан 160 миң долларлык машине келгени тар чөйрөдө сөз болуп жатат” деп,

“Оппозициянын желегин желбиреткен Өмүрбек Суваналиевдин бир тууганы жакында эле бажы кызматынын орун басарлыгына отурду” деп кабар таратты.

Ушул эле гезитке “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов интервью берип, негизинен Соң-Көлдөгү оппозиция өткөргөн курултай тууралуу сөз кылды. Жергиликтүү бийлик курултайды болтурбоого тоскоол болгонун, курултайга 1000 киши келбесе да, аны өткөрүүдө кемчиликтер болсо да курултай максатына жеткенин, курултай саясатты өзгөртүү маселесин коюп, айлык-акыларды, пенсияларды көбөйтүү маселесин коюшканын белгиледи.

Курултайда жаштар криминалга, коррупцияга ачуулары келгенин, мамлекетти сактап, элди кыйынчылыктан куткаралы деген саясий күчтөр көбөйгөнүн айтты.
Ушул эле гезитке экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков маек куруп, анысын:

“Мени жаман атты кылганын токтотушпаса бийликтин айласын кетирем” деп атады. Исабеков “Кумтөр” менен 45 жолу соттошконун, эгер өз кызыкчылыгын ойлогон болсо мындай иштерге бармак эместигин, ар дайым ак жана таза иштегенин, “Кумтөрдөн” канчалаган ири суммадагы компенсацияларды өндүрүп бергенин, ал жаманаттыга чыдай албай ар-намысын коргоо үчүн Башкы прокуратурага арыз таштаганын, 500дөн ашуун барактан турган документти кошо бергенин белгилөө менен: “Эгер бийлик мага жалаа жапканын койбосо жетиөгүздүктөрдүн башын бириктирип, бийликтин айласын кетирем” деп айтты.

Аталган гезит “Калыстыкты, адилеттүүлүктү талап кылган жаштардын үнүн угалы!” деген жалпы теманын алдында Соң-Көлдө” өткөн курултайга катышкан жаштардын ойлоруна орун берди. Ошону менен бирге эле 5 пункттан турган “Соң-Көл декларациясынын” толук текстин жарыялады.

Декларацияда эмгек акы, пособиялар көбөйтүлсүн, жумуш орундары түзүлсүн, “Кумтөр” боюнча макулдашуу жокко чыгарылсын, элдик ишенимдүү өкмөт түзүлүп, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болсун, мамлекеттик кызматка билимдүү жаштар жана тажырыйбалуу адистер тартылсын деген талаптар бар.
XS
SM
MD
LG