Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

Күн тартибинде кайрадан алтын


Кыргызстан менен “Кумтөрдүн” ортосундагы меморандум боюнча “Планета” гезити жазды.

“Планета” гезити “Улуттар биримдиги” партиясынын башчысы, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Нарын шаарынын 145 жылдык мааракесине катышканы барып, Кочкорго токтоп, партиянын райондук бөлүмүн ачуу жөрөлгөсүн жасап козу сойдуруп, Кочкор-Ата мазарына сыйынганын, аны Таластын экс-губернатору болгон Болотбек Бейшенбеков өңдүү ар кайсы партияда “чөп башылап” жүргөн саясатчылар коштоп жүргөнүн, кечээ Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардын башкы архитектору Алмазбек Абдыкадыровго ачууланып, кызматтан кетүүсүн буйрук кылганын, себеби Бишкектин Түштүк дарбазасы жактагы Аалы Токомбаев жана Байтик көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын бир тарабы кимдир бирөөгө менчикке берилип, аны сатып алган адам курулуш үчүн шаардын Фрунзе кезинен бери жайкалып өсүп турган 50дөй багын заматта кыркып ыргытканын, мэрдин “кет” дегенин чымын чакканча көрбөгөн Алмаз Абдыкадыров үн катып да койбогонун, кызматынан кетүү арызын да жазбаганын, демек “сен сүйлөй бер, менин “крышам” чоң, кыгыма да куурай саялбайсың деди окшойт” деп жазды.

Аталган гезит андан ары “Тейиттеги өрттүн башында Текебаев турганбы?” деген маалыматты таратып, мародерчулук боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Иликтөө башкармалыгынын атайын тобу абактагы Абдулла Юсуповду алып, Сузак районунда болуп келгенин, Юсуповдун “Бакиевдердин Тейиттеги үйүн өрттөөгө тапшырма берип атканда Өмүрбек Текебаев бизге курал-жарак, ок-дары берген, кийин аны эмне кылайын десем, Текебаев ошол жакка көөмп сал дегенинен мен мүрзөлөрдүн арасына алып барып көмүп салгам” деген сөзүнүн чын-бышыгына жетүү максатын койгонун, чын эле тергөө тобу мүрзөлөрдү каздыртып, курал-жарак, ок-дарыларды таап чыкканын, бүгүн Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев маалымат жыйынын өткөрүп, чоң сенсацияларды шардана кылганы турганын кабарлады.

“Планета” гезити Кумтөр маселесине кайрылды. Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен сүйлөшкөндөн кийин жаңы меморандум кабыл алышканын, ага ылайык Кумтөр долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүп, эки тараптын үлүшү 50х50 проценттен болорун маалымдады. Буга карата депутат Максатбек Сабиров пикирин билдирип, “Өкмөт менен Кумтөрдүн жаңы келишими чийки бойдон. Мисалы “Кыргызстан менен Кумтөрдүн” акциялары 50х50дөн болот” деп жазылып турат. Бул кандай? Жалпы ишкананын кирешесиненби же казылып алган алтынданбы? Буга так жооп ала алган жокмун.

Экинчиден, жаңыдан түзөбүз деп аткан биргелешкен ишкана “Центеррадан” бөлүнүп чыгып, биз 50 процентке теңелиш үчүн 10 жылга 100 млн. АКШ долларын насыяга алат экенбиз. Ал каражат канча процент менен берилет? Анын үстөк процентин 10 жыл бою биз төлөп келсек, анда ооз көптүрүп аткан 50 процент кирешебиз кандай болот? Үстөк проценттен ошол 100 млн. долларды качан төлөп бүтөбүз? Кыскасы ушунун баары ачык, түшүнүктүү болуп алдыбызга келген жок. Мен өкмөткө айттым: “Силер алды менен элге барып түшүндүрүп бергиле, эл ичинде бизден акылдуу, бизден маалыматтуу адамдар бар, ошолор уксун, ошолор таанышсын дедим" деп айтты.

Ушуга улай эле пикирин билдирген тоо-кен адиси Орозбек Дүйшеев:– Бул бар болгону меморандум гана. Мындайча айтканда алдын ала гана сүйлөшүү. Юридикалык күчү жок. Анын үстүнө абдан татаал жазылган, көп маселе чечилбей туюк бойдон калган.

Биринчиден, башкаруу маселеси жарым-жартылай гана чечилген. Биздин өлкө 50 процент эмес, 51 процент акцияга ээ болсо чечүүчү күчкө ээ болмок. Экинчиден, экономикалык жагы да туюк. Өз ишин жакшы билген адистер катышуусу керек эле. Бирок андайларды комиссияга кошкон жок. Жакшы же жаман деп айтуу кыйын, бирок түшүнүксүз жерлер абдан көп,–деди.

Мурдагы депутат Кубанычбек Исабеков: - 50 процент акцияны Кыргызстанга өткөрүп бергени менен 100 млн. долларды Кыргызстан 10 жыл ичинде төлөп бериши керек экен. Ошол аралыкта биз аны төлөп бүтөлү дейли, бирок ага чейин алтындын запасы түгөнүп калса эмне кылабыз? Акцияны алтындын баасы көтөрүлгөндө сатпасак, алтындын запасы түгөнгөндө сатсак ал куру кагаз болуп калат. Эгер биз 50 процент эмес 51 процент акцияга ээлик кылганга жетишкенде, блокировкалык пакет бизде болуп, толук башкаруу укугуна ээ болот элек,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG