Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

“Кумтөр” 5 жыл салык төлөбөйбү?


“Учур” гезитине экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев маек куруп, Кытай Кыргызстанга 3 миллиард доллардан ашык инвестиция салмак болуп бир катар ири долбоорлорго кол коюлганын, бул чоң өлкөнүн экономикалык экспансиясы тынч жана жай жүрөрүн, дагы беш жылдан кийин Кытай дүйнөдөгү № 1 өлкөгө айланарын, биздин 5 млн. калкы бар өлкө Кытайдын товары үчүн болбогон эле нерсе экенин, Кытай биз аркылуу 30 млн. калкы бар Өзбекстанга, андан да чоң өлкөлөргө барууну максат кылып койгонун белгиледи. Ошондуктан Кытайдан чочулап, бизди басып алганы калды деп ызы-чуу түшүү болбогон кеп экенин, андан көрө Кытай салчу жолдон өзүбүз үчүн көбүрөөк пайда көрүү жагын ойлонуштуруу керектигин айтты.

“Кумтөр” маселесине токтолгон Айылчы Сарыбаев эң жаманы “Кумтөрдү” 5 жыл бою 100 процент салыктан куткарып салганы болгонун, ушундай болот деп өмүрү ойлобогонун, киреше берип келаткан ишкананы 100 процент салыктан бошотуу деген Кыргызстанга кылган кыянаттык экенин, буга жол бергендерди элдин душманы десе жарашарын айтып, “биздикин 70, Канаданыкын 30 процент кылуу керек болчу” деп жаны кашайды.

Ушул эле “Учур” гезити Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Шейшенбек Байзаковдун өткөн жылдын апрель айында президент Алмазбек Атамбаевге жана УКМКнын ошол кездеги төрагасы Шамил Атахановго жазган жашыруун катынын көчүрмөсүн интернет булагынан алып жарыя кылды. Анда “атамекенчилердин” кандайча мародерчулук кылганы сүрөттөлгөн.

“Параграф” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Максим Бакиев менен биргелешип түзүлгөн “Балыкчыгейт” операциясы” деген макаласы жарык көрүп, анда 2009-жылдагы мөөнөтсүз президенттик шайлоонун шайтан оюндарынын сырын баяндалды.

Ушул эле гезит “Кыргыз тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген теманын алдында эне тилин даңктаган ырларга орун берди.

“Айат” гезити “Кыргызстанда сотторду коргоо комитети түзүлдү. Мунун кереги барбы? Аталган комитет Соттор кеңешинин ишине тоскоолдук кылбайбы?” деген суроо менен кайрылды.

Депутат Курманбек Осмонов: Сотторду коргоо комитети коомдук уюм. Негизи бул коом сотторду үстүртөдөн карап, көзөмөлгө алып, адилеттүүлүккө чакырат,-деп,

Коомдук ишмер Дүйшөн Маматов: Соттор кимдерден коргонуп жатат деп таң калдым. Негизи кереги жок болчу. Андан көрө соттор чыгарган өкүмдөрдү коргоо комитети деп түзсө жакшы болмок. Өздөрү бийликтин бир бутагы болуп туруп, эмнеден коргонуп жатканына түшүнбөйсүң. Менин оюмча соттор өздөрү чыгарган мыйзамсыз өкүмдөрдөн, күнөөлүүлөрдү качырып жиберип, ошонусун коомчулуктан коргоп жатабы деп олйойм,-деп,

Рита Карасартова: Мыйзамды тебелеп, акылга сыйбаган чечимдерди чыгарган сотторду коомчулукка ачык алып чыгабыз. Сот оңолсо, Кыргызстан оңолот. Сот оңолмоюнча алга жыла албайбыз,-деп жооп берди.

“Асман press” гезити оппозиция Нарын дайрасын ууландырганы жатат деп чуу салган Эрлан Өмүралиев жана аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Садыр Жапаровдун маегинен улам Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге 8 суроо менен кайрылып, жооп сурады.

Ушул эле санда “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү “Ата Мекендин” ичин тазалаш керек” деген идеяны айта баштаганын, Турсунбек Акунду колдогондор жер-жерлерде көбөйүп баратканын, жакында Алманбет Анапияев Дубайдан кайтып келет экен деген имиш сөздөр тараганын кабарлады.

Аталган гезит “Тогуз коргоол” федерациясынын президенти Камчыбек Касымовдун “Тогуз коргоолчулар жетим балдардай кароосуз калабы?” деген маегин жарыялады.
XS
SM
MD
LG