Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Салмактуу акчага сапатсыз иш


“Планета” гезити “жолдон семирген кыздар” тууралуу суроону транспорт министри Калык Султановго берди.

“Планета” гезити бүгүнкү санында 2010-жылдын июнь коогалаңынан кийин Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү ишинде чет өлкөдөн келген акчанын жардамы менен өтө чоң иштер жасалганын, 92 объект кайрадан тургузулуп, 1092 батирге үстүндө үйү жок калган адамдар кирип жашап калганын жазып келип, бирок азыр ошол үйлөрдүн айрымдары бат эле авариялык абалга жетип, туш-тушунан жарака кетип, пайдубалы чөгүп, жылуулук системалары иштен чыгып жатканын жазып: “миллиондогон акчанын күчү менен курулган бул үйлөрдүн абалына эми Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ошол кездеги деректиринин орун басары жооп береби же деректири жооп береби, кимиңер жооп бересиңер?” деп Жусупжан Жээнбеков менен Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылды.

Экинчи “оңтойсуз суроо” транспорт жана байланыш министри Калык Султановго багышталды.

– Урматтуу министр! Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам жолу аркылуу Кытайдын салмагы 40 тонна эмес, 60-70 тонна оор жүк тарткан машинелери ээн-эркин каттаганын токтоткон жок. Сиз ошол жүктөрдүн салмагын текшерип өткөрүүгө дайындаган тараза пунктундагы кыздар акчадан улам тайдай семирип бүткөнүнөн кабарыңыз барбы? Сиздин “таразачылар” кытайлык айдоочулар менен быгышып алып, мүшөк-мүшөк күрүчтөрдү, челек-челек майларды, курулуш материалдарын өздөрүнө тартуу катары алуу менен ченемден эки эсе оор жүктөргө көз жумду кылып келатышат? Муну сиз эмне үчүн укпай, көрбөй келесиз,–деген суроо койду.

Көпчүлүк гезиттер өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишмердиги тууралуу саясатчылардын ой-пикирин сурай баштады.

Генерал Өмүрбек Суваналиев: Жантөрө мырзада адамдык абийир деген калбай калган. Кызматынан кетсин,-деп;

Депутат Ташполот Балтабаев: Жантөрө бийликтин куурчагына айланды. Бул адамда омуртка деген жок. Себеби омурткасы жок немелер кайда, каякка болбосун пружина сымал ийилип, кайрыла берет. Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргызстандын 22 жылдык тарыхында Акаев менен Бакиев мезгилинен бери кыргыз элинин байлыгын шыпырган адам катары гана билем,-деп;

Вице-спикер Чолпон Султанбекова: Жантөрө мырзанын өкмөт болгондон бери жакшы иш кылганын такыр көргөн жокмун,-деп;

Эмгек ардагери Кыялбек Сейдибалиев: Деги эле өкмөт башчыга жарыган жокпуз,-деп;

Жаш саясатчы Бактыяр Калпаев: Өкмөт элдин үмүтүн актаган жок. Өмүрбек Бабанов башында турган мурдагы өкмөт баштаган реформаларды улантып кетүү колунан келбеди. Эгер мамлекетибиздин өнүгүшүн кааласак, анда ошол жерге прогрессивдүү, билимдүү адамдар келиши керек болчу. Ошондо гана биз азыркы кризистен ылдам чыгабыз,-деп жооп берди.

Ушул эле “Планета” гезитине окурман Жекшен Кийикбаев кайрылып, өлкөнүн каржы министри Ольга Лавровага төмөнкүдөй суроолорун берди.

“Бир кезде өндүрүштүү шаар катары таанымал Кара-Балта шаары эгемендик алгандан баштап кемелинен кетти. Өндүрүш токтоду, жумушсуздук каптады. Башка көптөгөн проблемалар менен кошо таза суу маселеси да кыйнап бүттү. Ырас. Өткөн жылы өкмөт Кара-Балта шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча калың убада берип, ала жаз менен жаңы суу түтүктөрүн койо баштаганда баарыбыз сүйүнгөнбүз. Финансы министри Ольга Лаврова айым да “Эркин-Тоо” гезитине курган маегинде: “Кара-Балта шаарынын таза суу долбоорун ишке ашыруу максатында 5 млн. евро бөлүндү” деп өз оозу менен айткан болчу. Ошону менен Кара-Балта шаарынын борбордук чоң көчөлөрүнүн бири болгон Ильич атындагы көчөнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу иши быйылкы жылдын 11-апрелинен башталып, 29-майында бүттү деп, ишке берилген. Тилекке каршы, иш өтө сапатсыз бүткөндүктөн, казылган жерлер көмүлбөгөн аң бойдон, суу кудуктары ачык бойдон кала берди. Баары аз келгенсип, суу мурдагыдан да аз чыгып, кайрадан “кургак бакага” айландык. Күнүнө 2-3 саат гана суу койо берилбесе, андан кийин суу жок. Шаар бийлигинин эшигин жырткан менен жыргаткан жооп ала албадык.

Ушундан улам министр айым айткан 5 млн. евро “кимдир бирөөнүн кулкунуна куюлуп кеткен экен” деп шек санап турабыз. Болбосо ушундай чоң акчага ушундай сапатсыз иштер жасалмак беле? Суроомо ачык жооп берип койсоңуз деген тилек менен Кара-Балта шаарынын Ильич көчөсүнүн 11-үйүнүн тургуну Жекшен Кийикбаев” деп кат аяктаган.
XS
SM
MD
LG