Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Кыргызстанга “Пиночет” келет


Кыргызстандагы башаламандык токтобосо Сомалинин кейпин киери айтылууда. Саруу, 8-октябрь, 2013-жыл
Кыргызстандагы башаламандык токтобосо Сомалинин кейпин киери айтылууда. Саруу, 8-октябрь, 2013-жыл

Саясат таануучу А. Грозиндин ойлору менен “Барометр” гезити аркылуу таанышсаңыз болот.

Бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити жаңы санын “Улуу таланттардын шакирти, соңку төкмө акындардын устаты” деген ат менен Коргол ырчынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына багышталган ой-пикирлер топтомунун баштемасы менен ачты.
Гезит жакында “Барометрдин” интернет баракчасы ачыларын, Кыргызстанда облустар жоюлганы калганын, Бишкекте жапон маданиятынын жумалыгы өтөрүн, судьялар Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыев Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганын, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу келип түшкөнүн кабарлады.

“Чет элдик басма сөз Кыргызстан жөнүндө” деген рубриканын алдында “Барометр” гезити эки макала жарыялады. Биринчи макалада “Кумтөргө” байланыштуу митингдер кайрадан жанданганын, анын атын жамынуу менен бийликке каршы аттанган мурдагы саясатчылардын тобу баш көтөргөнүн, анын бири генерал Өмүрбек Суваналиев каршылык акциясын эми Бишкекте өткөрүү үчүн даярданып жатканын белгиледи.

Бийликке нааразы болгон дагы бир саясатчы Аликбек Жекшенкулов болсо: “Атамбаев эчак эле түштүк облустардагы кадыр-баркын жоготкон. Эгер түндүктүн эли да ага каршы чыкса, 3-революциядан качып кутулуу кыйынга туруп калат” деп айткан сөзүн мисалга тартса, 2-макалада саясат таануу институтунун Орто Азия жана Казакстан бөлүмүнө башчылык кылган Андрей Грозиндин ой-пикири ортого салынды.

Грозиндин ою боюнча парламентте олтуруп алып, акча табуунун кыныгын алгандар канадалыктардын, орустардын, кытайлардын, казактардын капчыгын уй саагандай сааганды адат кылып алышканын, депутат болуп алып жеке, үй-бүлөлүк, партиялык, жек-жааттык, аймактык кызыкчылыктарын ишке ашырып, мамлекетте тартиптин жоктугунан пайдаланып, адамгерчилик, интеллектик деңгээлдеринин төмөндүгүнөн, Мекенди сүйүү сезимдери жоктугунан Кыргызстан эл аралык аренада Борбор Азиялык Сомалиге айлантып баратат. Эшегине жараша тушагы дегендей Кыргызстандын эли да ушундай депутаттарын ээрчип алган. Булардын ою боюнча чет өлкөдөн келген инвесторлор сөзсүз ошол кен чыккан аймакка бир нерсе курушу керек, акча таратышы керек, тууган-туушкандарын кызматка алышы керек, кыскасы бүт аймактын элин багышы керек. Мындай “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” “демократиясы” бар Кыргызстанда чет элдик инвестицияны коргоо мамлекеттик кепилдикке алынган деп айтууга ооз барбайт.

Андрей Грозиндин айтымында, өлкөдөгү абал такыр эле колдон чыгып бараткандыгын, кокус Кыргызстан ушул жол менен жорголоп кете берсе, көрүнгөн саясатчысы албууттанган адамдарды ээрчитип алып, көрүнгөн кокту-колотко ит терини талагандай талай бере турган болсо мамлекетке Пиночет өңдүү катаал өкүмдар керек болуп, ээнбаш элитаны жана эл арасынан чыгып жаткан телибай тентектерди дүңүнөн репрессиялоону баштайт, эгер минтпесе экономикасы акырындап эңшерилип олтуруп, Кыргызстан түбү жок түпкүргө өзү эле барып кулап түшөт. Грозиндин байкашынча Кыргызстан азыр Африкадагы Кениядан аз-маз эле айырмаланып турган кези.

Бүгүн “Барометр” гезитинен тышкары “Тил маданияты” гезити да жарыкка чыкты. Аталган гезит “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры биргелешип “Балет чакырат” аттуу программаны ишке ашырууну баштаганын, программада балет тууралуу лекциялар барын, балдар менен чоңдорго балет искусствосу боюнча сабактар өткөрүлүп, аларга театр менен артисттер тааныштырыларын маалымдады.
“Тил маданияты” гезитине К. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Светлана Батаканова окуу жайындагы тилге жасалып келаткан мамилени баяндап берди. Ушундай эле абалды Шубин атындагы музыкалык балдар мектебинин мисалында анын деректири Адылжан Абдуллаев да кеп кылды.

“Мектеп билим сандыгы, мугалим анын ачкычы” деген теманын алдындагы макаласында журналист Гүлнара Алыбаева “Жыл мугалими-2013” аттуу сынактын кандай өткөндүгүн, сынакта кимдер жеңүүчү болгонун баяндады.
Акын Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары да мына ушул “Тил маданияты” гезити аркылуу окурмандарга тартууланды.

Бишкектин Жусуп Турусбеков атындагы №2 шаардык китепкананын башчысы Клара Адылованын маеги “Китепкана-улут байлыгы” деп аталды.
XS
SM
MD
LG