Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Көчө мыйзамы өкүм сүргөндө...


Бир адамдын айынан карапайым мигранттар азап тартууда
Бир адамдын айынан карапайым мигранттар азап тартууда
Өткөн жуманын кечинде Москва шаарында жергиликтүү тургундар менен ОМОН ортосунда мушташ чыккан. Албууттанган москвалыктар Егор Щербаковду бычак менен жүрөк тушка сайып өлтүрүп кеткен кишини таап бергиле деп Бирюлев районундагы мигранттар кармап турган жашылча базарына чаң-тополоң салып жиберген. Өлгөн жигиттин кызынын айтымында, кылмышкер кавказ улутундагы адам болгон имиш.

Аталган гезит бул окуяга байланыштуу орустун аттуу-баштуу бир катар адамдарынын ойлоруна орун берди.

Мамдуманын депутаты Борис Резник: "Бизде кандай гана чыр-чатак чыкпасын улуттар аралык мамилелерге барып такай койчу толгон-токой саясий күчтөр бар. Минте салуу от менен ойногонго барабар. Ошондуктан жергиликтүү элдин да, күч органдарынын да арасында түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек",-деп,

Кавказ элдеринин конгрессинин Орусиядагы жаштар менен иштөө комитетинин башчысы Султан Тогонидзе: "Эми бул үчүн кавказдыктардын баарын четинен түрмөгө тыгыш керекпи? Жок, кылмыш кылган адамды табуу керек. Кылмышкердин улуту болбойт",-деп;

Коомдук палатанын мүчөсү Вениамин Роднянский: "Киши өлтүргөн адамды мыйзамдын жолу менен эмес, ушинтип көчөгө жулунуп чыккан эл таап берип калган күнгө жеттикпи? Өткөн күндөрдөн сабак албаганыбыз аябагандай өкүнтөт",-деп;

“Родина” партиясынын президиумдагы бюросунун мүчөсү Александр Босых: "Бул жашылча базасын бул жерге кимдер алып келип курганын эске албастан эле кайрадан кавказдыктарды күнөөлөп чыгышууда. Базаны “кормушкага” айлантып алган чиновниктер жазаланмайын эч нерсе өзгөрбөйт. Бийлик “Мосгордумага” шайлоо болордун алдында так ушул округдук “княздардын” проблемасы менен иштеши керек, кокус анте албаса мигранттардын проблемасы менен эл өзү иштешип калышы мүмкүн",-деп,

Госдуманын депутаты Алексей Митрофанов: "Бизге келип орношуп алып, өзүлөрүн көчөнүн ханы сезген мигранттардын кереги жок. Бизге келип акча таап, кайра кетип турган мигранттар керек. Мен мигранттар деген түндүк кореялыктардай болушун каалайм. Алардын парторгу, комсоргу бар, иштегенден кийин бири да жатаканадан сыртка чыкпайт. Аларды көчөдөн да көрбөйсүң",-деп;

Дин кызматкери Всеволод Чаплин: "Кылмышкерди таап чыкса, мамлекет бар экен деп билебиз. Эгер табалбаса анда Орусияда мамлекет да, мыйзам да жок. Бүгүнтөн тартып биз өзүбүздүн кандаштарыбызды коргоо үчүн биригишибиз керек. Чыныгы хиристиандар ушундай кылат. Чыныгы мусулманмын дегендер да, буддисттер да ушундай кылат",-деп жооп берди.

Гезит андан ары кечээ эртең менен Москванын мэри Сергей Собянин Бирюлев районундагы тополоңдун кандай болгонун президент Путинге баяндап чыкканын, сүйлөшүүдөн кийин тартипке салуу үчүн кошумча күчтөр, ошону менен бирге эле миграция кызматтары тартылганын, ушул күндөрү окуя болуп өткөн жашылча базаны текшерүү жүрүп жатканын жазды. Текшерүү бүткөндөн кийин бул базаны жабуу чечими чыгат.

Мэрдин айтымында, жакын арада бир эле ушул база эмес, Москвадагы бардык соода түйүндөрү комплекстүү түрдө тешерүүгө алынат.
XS
SM
MD
LG