Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Кеби бүтпөгөн Кумтөр


Жарык көргөн гезиттердин баары Кумтөр маселесине арналган талаштуу маселелерди жазып чыкты.

“Айат” гезити журналист Балбак Түлөбаевдин “Акыйкат үчүн жүрүш” аттуу макаласы аркылуу “Кумтөр” маселесине кайрылды. Аны чече албаган президенттин эң жакын ат кошчусу болгон өкмөт Шамалды-Сай, Жер-Үй, Терек-Сай, Талды-Булак, Андашты кантип чече алат? Бир ат үчүн Бабановду алып тындыңар эле, 400 тонна алтындын келечеги, Ош, Жалал-Абадда курулган үйлөрдүн жыйынтыгы Эсеп палатасында жатат. Тарыхта Африка, Иран жана башка өлкөлөрдө чет элдик компаниялар келип, элин бири-бирине тукуруп, бийлигин кулатып, байлыгын тартып алып турган, ушул эсиңерде болсун” деп жазды.

“Политклиника” гезити депутат Өмүрбек Текебаевдин маегин басты. Эл аралык мамилелер, коңшулар, Ооганстан, аскер базасы тууралуу сөз кылып келип, айтылуу саясатчы “Кумтөргө” токтолду:

- "Кумтөр" 20 жылдан бери жергиликтүү чиновниктерди алдап, жалдап, сатып алып, канадалыктар болсо алтыныбызды казып алып кетип жатат. Өзүбүз болсо көрүнгөн жерден карыз сурап жүрөбүз. Ошондуктан кайрылуу жасап, жергиликтүү чиновниктерди сатып алуу менен табигый байлыктарына ээлик кылгандарды биргелешип айыптап чыгышыбыз керек. Алтынды, байлыкты, кенди компаниялар жөн эле бере койбойт. Алар кен үчүн жарандык согуш уюштурушкан, алар менен тил таба албаган президент, өкмөт башчыларын өлтүртүшкөн, оппозицияга акча берип, тукуруп, төңкөрүш жасап, бийликти алмаштырышкан. “Центерра” да жөн эле кетип калбайт. Биздин чиновниктерди, маалымат каражаттарын сатып алышат, элди эки-үчкө бөлөт. Биз болсо бир чечимге келбей, он жылдап талашып отура беребиз, тигилер болсо алтынды тездик менен казып алып ташый берет,-деп айтты.

“Азия ньюс” гезитине маек курган энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бийлик элди дагы кыйнаганы калганын, кышка даярдыктын жоктугун, өкмөт менен министр тарифти көтөрүүнү көздөшкөн менен, бүгүн энергияга бааны көтөрүүгө эч кандай негиз жоктугун, Артыкбаев менен Сатыбалдиев андан көрө ушул тармактагы жүз миллиондогон уурдоолорду токтотушу керектигин кеп кылды.

Ушул эле гезит саясий эксперт Аркадий Дубновдун “Кыргыз элитасы өзүнө гана пайда издейт” деген, “Эркин Эл” саясий партиясынын лидери Мавлянбек Аскарбековдун “Намаз окуган министр Алиясбек өспүрүм кыздарды секске үндөгөнгө көмөктөш” деген интервьюларына окурман көңүлүн бурду.

“Асаба” гезити “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун “Бул өкмөттү кетирсек, жаңысы качан келип, “Кумтөрдү” качан чечет?” деген аталыштагы маегин тартуулады. Ушул эле гезитке мурдагы депутат Кубанычбек Исабеков “Кумтөрдүн акчалары солго солонуп атат” деп маек курса, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Үлүшүмдү ким тапса, ошол кишиге белекке берейин” деп интервью берди.

“Учур” гезити бул санын “Мародер менен “Кумтөрдөн” революция жыттанат” деген макала менен ачты. Электр энергиясына баанын жогорулашына оюн билдирген экономист Айылчы Сарыбаев:

- Элдин эсебинен тарифти көтөрүп баюу - элин шылдыңдаган менен барабар. Бакиев кезинде да адегенде энергияны көп колдонгондор үчүн көтөрөбүз деп баштап, анан карапайым калкка түшүп кеткен,-деп.

Айыл чарба адиси Жамин Акималиев:- Бийлик аябагандай чоң саясий-экономикалык ката кетиргени турат. Бийлик Бакиевди бийликтен кетирген так ушул электр энергиясынын баасын көтөрүү болгонун унутуп калды. Эгер кымбаттаса, сөзсүз элдин толкундоосуна алып келет,-деп,

Укукчу Качкын Булатов:- Жеп-ичкендерден арылмайын оңолбой калдык,-деп.

Саясат таануучу Марс Сариев:- Азыркы күндө бааны көтөрүш керек. Бирок кмдерге? Карапайым адамдарга таасирин тийгизбей, ири компанияларга, ишканаларга бааны кымбаттатыш керек. Элге кымбаттатса нааразычылыкты пайда кылып, кырдаал курчуйт,-деп жооп берди.

“Арена KG” гезити биринчи бетине “Кайрыгүл Сапатбаеванын баласында эмне күнөө?”, “Келдибеков, Мырзакматов, Ташиев биригет...”, "Өнөр багындырган бийиктик” деген баш темаларды алып чыкты.

“Параграф” гезитин караганда эле “Алымбеков алсырап, Кутушев “кутурууда”, “Ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман”, “Жекшенкулов жеңилбейм” дейт го...”, “Баткендин Лейлек килемдери Бишкекте көргөзмөгө коюлат”, “Ала-Арча” резиденциясында ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форум өттү” деген баш темаларды окууга болот.

“Асман press” гезити “Эро-китептер” эртеңибиздин душманы” деген теманын алдында эротикалык китептердин кыргыздын келечегине балта чаап жатканын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG