Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Эсептегичти ким иштетет?


“Кыргыз Магомаеви” аталып, баш байгени утуп келген кыргыз ырчысынын маегин “Көк асаба” гезитинен окусаңыз болот.

Бүгүн жарык көргөн “Планета” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Эркиндикке жоопкерчиликтин кереги жокпу?” деген макаласы менен ачты.

Автор үч жылдан бери кыргыз журналистикасы эркиндиктин атын минип, каалаганын каалагандай жазып келатканын, эркиндикти өтө катуу сүйгөн, айрыкча “башы да, аягы да жок эркиндикти” өзгөчө сүйгөн жан болгондугубуздан Кудай берген ырысыбызды көтөрө албай, намысы бар бир дагы адам өлкө башчысын бөлөк-бөтөн элдин көз алдында жаманатты кылбай турганын эске албай, өлкөсүн, өлкө башкарган кишисин жамандаган өз элин, өз журтун жамандаган менен барабар экенин билбей, керек болсо энеден туума жылаңачтап, керек болсо итке мингизип, керек болсо саясатчылардын төшөгүнө чейин кирип, аялдарынын, кыз-уулдарынын баскан турганына чейин асылып, жалган, жалаа, жаман ушактарды жазып, “сары пресса” же “сасык пресса” деген атка конгонубузду неге жашырабыз?” деп суроо салды.

Тынчтык Алтымышев муну менен катар эле массалык маалымат каражаттарынын коомдогу ордуна, анын аткарып келаткан алгылыктуу жакшы иштерине да кенен токтолду.

“Планета” гезити “Акылдуу эсептегич” кимге иштейт?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Журналист Тынчтыкбек Кожобеков: Бул эсептегичтин жакшы экенин интернеттен окуп билдим. Чочулоонун кереги жок. Бирок баланча киловатт деп чектеп койгону рынок шартында туура эмес,-деп;

Ишкер Чынара Сулайманова: Электр энергиясын уурдоо ушуну менен тыйыла турган болсо мен каршы эмесмин,-деп;

Мамлекеттик кызматкер Рахат Сулайманов: “Акылдуу эсептегич” койсо эле ууруларга акыл кирип, уурдабай калат” дегенге ишенбейм,-деп;

Коомдук ишмер Мурат Жетимишов: Элдин электр энергиясын уурдагандар жалаң ресторан, кафе, СТО, ишкана, фабрика, цех, хан сарайлары бар, торпоктой иттерди баккан, үйүнө ата-энесинен башкаларды баш бактырбаган, күнүгө эртең менен Кудайга эмес, капчыктагы акчасына сыйынган байлар. “Акылдуу эсептегичтин” акылы болсо карапайым калкка эмес, так ушундай байлардын үйүнө орношу керек болчу. Бизде кайсы бийлик болбосун ушундай байлардан мыйзамдуу карызын доолап алалбай, качан болсо карапайым калкты баса калат,-деп;

Журналист Мелис Айдаркулов: Бул эсептегичтердин орнотулушун колдойм,-деп;

Укук коргоочу Эсенбек Чоткараев: “Акылдуу” тургай “гений” эсептегич болсо дагы чор тамандардын баскан изин эсептейт дагы, хан сарайларга жетпейт. Бийлик “акылдуу эсептегич” жасаткандан көрө “акылдуу министрлерди” “жасап” чыкса болмок,-деп жооп берди.

“Көк асаба” гезити комуздун керемет сырларын мыкты билген чоң комузчу Кенжебек Алдаяр уулунун “Кербез күүлөр баяны” аттуу кербез күүлөрдүн башка күүлөрдөн айырмасын, өзгөчөлүгүн, салты менен сапатын, мүнөзүн ачып берген макаласын жарыялады.

Казакстандын Чымкент шаарында өткөн романсиада кароо-сынагында Гран-Прини утуп алып, экинчи Магомаев атка конгон, 1-топтогу майып, кыргыз ырчысы Бакыт Жакыповдун маеги басылып чыкты. Мындай конкурска биринчи жолу катышканын, калыстар “Буга чейин байгелүү орун алалек эле, Кыргызстан биринчи жолу алды” дешкенин, декабрь айында Москванын “Колонный залында” өтө турган Гала- концертке чакыруу алганын, өзү менен чогуу барган эки баланын бири биринчиликти алып, экинчиси дипломат болуп келгенин айтты.

Ырчы Бакыт Жакыпов маегинде казактар баш байгени талашып, кыргызга бергиси келбегенин, бирок ушул романсиаданы уюштурган, калыстар тобундагы Орусиянын эмгек сиңирген артисти Галина Сергеевна Преображенская, Орусиянын Эл артисти Арестрах Ливанов баш болгон 8 адамдын алтоо добуш берип жеңип чыкканын, композиторлор Чайковский менен Светлановдун “Средь шумного бала” жана “Свет любви твоей” деген ырларын ырдаганын, бул ырды кезинде эң мыкты ырдаган атактуу Муслим Магомаев болгонун, ырдап бүтөрү менен угуучулар “юный Магомаев” деп куттукташканын баяндады.

Бакыт Жакыпов ырдаганды үйрөткөн Мамырбаева Гүлнара эжесине, консерваториядагы агайы Керим Орозбаев менен аспирантурада окуткан агайы Темирбек Каримовго чоң ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз эл артисти, айтылуу комузчу Нурак Абдракмановдун “Аппак сүйүү” деген ыры байбичеси Аман Төрөгелдиевга арналганын, анын башка дагы кызыктуу интервьюсун “Көк асаба” гезитинин бүгүнкү чыгарылышынан окуйсуздар.
XS
SM
MD
LG