Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Аш-тойлор эпидемиясы


“Азияньюс” гезити президент тууралуу орус политологдорунун айткандарын жарыялады.

“Асман Press” гезити журналист Эркалы Өскөналынын “Бажы биримдиги баштарды оорутуп жатат” деген макаласы менен ачып, адегенде кыйын болорун, анан анын жакшы жагы тийерин, эгер ал союзга кирбесек Орусия менен Казакстан далысын ого бетер салып, мамилеси бизге начарларын кеп кылды.
Депутат Мирлан Бакировдун “Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү кыйын”, депутат Гүласал Садырбаеванын “Ата Мекендин” ынтымагы ыдырабайт”, “Кумтөр” көйгөйүнөн кутулабызбы?”, “Кыргызстандын инвестиция саясаты кыйын кырдаалда”, “Уурдалган ымыркай ак халатчандар аркылуу болгонбу?” деген макалалар бар.

“Айат” гезити аркылуу журналист Балбак Түлөбаев “Атамбаевдин өйдө-ылдыйы” деген макаласында “Кумтөрдүн” маселесин президент менен өкмөт болгонун болгондой кылып, баарын ачыкка чыгарып, проблеманы элдин алдына жайып бергенин, мамлекет башчысы ортодо мунаса табылбаса, “Центеррадан” 100 процент үлүштү алуунун жолдорун кароо сунушун өкмөткө тапшырганын белгиледи. Алмазбек Атамбаев мындай жагдай Кыргызстанга зыян гана алып келерин билдирип: Кумтөрдү ырбатып жаткандардын ою бир. Убагында 67 процент үлүштү 16 процентке түшүргөндөргө Кумтөрдүн да, элдин да кереги жок. Булардын максаты Кыргызстанды тынчытпай, өлкөдө бир балээ кылыш. Кайра эле баягы уурулардын заманы келсин деген тилек. Анткени мага эрегишкендердин баары ошол эски уурулар. Ошолор оппозиция болуп алышкан. Элди булар дүрбөтүп алганга жетишти. Кыргызстан үчүн канчалык зыяндуу болсо да эми улутташтырууга барышыбыз мүмкүн” деп айтканын шилтеме кылып, ошондуктан президентке таарынбай, аны коркутпай, анын бул кадамдарын колдоп берели” деп жазды.

Кумтөрдү бетке кармап алып Кыргызстанды эми бир төңкөрүшкө апкелүүнү самаган күчтөр барын белгилеген КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Григорий Михайлов: “Бийлик алмашуудан айрым саясатчылардан жана алар менен байланышкан криминалдык топтордон башка эч ким пайда таппайт. Нааразылык акцияга чыккан карапайым калк иш бүткөндөн кийин баррикадаларга ыргытылат. Аткаминерлердин айрымдары чет өлкөгө качып, айрымдары кайрадан мамлекеттик кызматка отурушат. Катардагы жарандар баягы эле өз көйгөйлөрү менен жалгыз калат. Кыргызстан жарыкка чыгуучу жолду улам эле төңкөрүш кыла коюп, бийлик алмаштыруудан издебеши керек. Бул мамлекетти жок кыла турган туңгуюкка алып баруучу жол” деп айтканын “Азия ньюс” гезити биринчи бетине басып чыкты.

Аталган гезитке ошондой эле орусиялык политолог Валентин Богатырев “Атамбаев командасын жаңылоого тийиш” деген макаласында: “Президент өлкөдө тартипти орнотом” деп бел байлаган соң, “бул биздики, бул чоочун” деп бөлбөстөн, өз кишилерине да аёосуз чара көрүшү керек. Алмаз Атамбаев душмандар менен жападан жалгыз күрөшкөн Дон Кихоттун образынан баш тартып, элдин кеңири катмарына таянышы зарыл. Ансыз антикоррупциялык кампания саясий каршылаштары менен күрөшүүнүн гана амалы катары кабылданат. Жалпы элге таянмайын коррупцияны жеңүү кыйын” деп айтты.
“ПолитКлиника” гезити аркылуу өкмөттүн 1-орун басары Жоомарт Оторбаев: Кумтөр токтосо биринчи эле ошол жерде иштеп, жакшы айлык менен үй-бүлөсүн багып аткандар жумушсуз калат. Андан сырткары аталган ишканага байланыштуу ишмердик кылып келген 700дөн ашуун чакан фирмалар жашоосун токтотот” деди. “ПолитКлиника” гезити бүгүнкү санына “Жогорку Кеңештин эң бай депутаттарынын” сүрөтүн, өткөн жыл ичинде тапкан кирешелерин, ошондой эле жакын туугандары менен үй-бүлөсүнүн тапкан кирешелерин таблица кылып жарыялады.

“Асаба” гезити бул санын “Швейцариядагы кыргыздар” деген макала менен ачты. Экс-депутат Бегалы Наргозуевдин “Кыргызстан бүгүн” деген аты бар, бирок ушактын акеси тургай атасын тааныткан интернет сайты барын, соңку кездери ыгы келсе деле, келбесе деле башкы прокурор Аида Саляновага асылганын токтотпой келатканын жазды.

“Асабага” “Градиент” бирикмесинин жетекчиси Эмир Сарпашевдин “Бажы биримдигине киргенге каршымын” деген маеги, профессор Тынчтык Чоротегиндин “Социал-демократ орустар падышалык бийликти айыптап кыргыздарга жан тартышкан” деген интервьюсу басылып чыкты.

Москвадагы “Бермет” студиясын жетектеген жаш кинорежиссер Бакай Эген маек куруп, ушу тапта Москвадагы кыргыз мигранттарынын чет жактагы жашоо-турмушун чагылдырган программа жасап жатканын, Орусияга мигрант болуп кетип аткан агым токтосо деген ойдо экенин, бул долбоордун бир жылдык бюджети 3, 5 млн. рубль тураарын, биринчи чыгымдарын студия өзү финансылап, андан кийинки жылдары өнөктөш болчуларды издээрин кеп кылды.
“Асабанын” ушул эле санына Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун “Кыргызстанда аш-тойлор эпидемияга айланды” деген аталыштагы маеги тартууланды.
XS
SM
MD
LG