Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Антты бузгандар калкты бузат


“Ачык саясат плюс” гезити медицина тармагын, министр Динара Сагынбаеваны сынга алды.

“Ачык саясат плюс” гезити кош бойлуу аялдар ооруканага каттоого турганы келсе Чолпон-Атанын врачтары “бизде ручка алганга да акча жок” деп, “анда ручкага акча-тыйын берели" десе, "жок, мына бул номерлерге элүүдөн единица салып койчу” деген обужок жорукту ойлоп табышыптыр. Эми телефондоруна бирдик салдыра баштаган ак халатчандарды катуу жазалаш керек” деп;

“Саламаттык сактоо министри болуп КСДП партиясынын квотасынан барган Динара Сагынбаеваны жакшы иштеп жатат деген бир жан жок. Бийлик тез аранын ичинде министрди иштен албаса, медицина дагы талкаланат” деп кабар таратуу менен “ишине кайдыгер караган ак халатчандарга кандай чара колдонулушу керек?” деген суроо менен кайрылганда:

Укук коргоочу Азиза Абидрасулова: Ооруканалардын азыркы абалын көрүп ыйлагың келет,-деп;

Депутат Ташболот Балтабаев: Төрөт үйүнүн башкы дарыгерине жана күнөө кылгандар кылмыш жазасына тартылышы керек,-деп;

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Медиктердин айлык акыларынын аздыгы да себеп. Бирок жалпы мамлекеттеги реформанын жоктугу. Системанын коррупциялашып, чирип бараткандагысы,-деп жооп берди.

“Ачык саясат плюстун” бул санына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров “Каккан казыктай, темирдей тартип орномоюнча, Кыргызстан эч качан алдыга жылбайт” деген аталыш менен интервью берди.

“Алиби” гезити Бажы биримдигине байланыштуу Дайырбек Меймановдун “Башыбыз баталгага байланбайбы?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Макала “Мигранттар сүйүнбөй эле коюшсун”, “Базарларыбызга жеңилдик болбойт”, "Бажыга кирген Казакстанды деле кыйратып ийген жок” деген подтемалардан турат. Аталган гезит Наргиза Козубаеванын “Жиндиканага жаткырып, үйүн тартып алыптыр” деген жана “Дүйнөдө экинчи жолу Айтматов төрөлбөйт” деген макалалары бар.

“Фабула” гезити “Дене-бойду титиреткен кылмыштар” деген атайын беттин алдына Бакыт Букаевди 4 жолу бычакташканын, Ысык-Көлдө дагы бир айбан өз энесин өлтүргөнүн, адвокат Айткуловдун колу-бутун сындырып кетишкенин кабарлады. Гезиттин өткөн сандарынын биринде журналист Баратбай Аракеев "Кыргызстанга жазанын эң катуу түрү болгон “атууну” кайра киргизмейинче кылмыштын тамыры кыркылбай калды окшойт" деп мындай көрүнүштөргө кабатыр болгон эле. .

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматов - Кыргыз элинин сыймыгы жана символдору” деп сүйлөгөн сөзү менен ачып, Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" мемориалдык күмбөзүнүн ачылышын баяндаган сүрөттүү баянды жарыялады.

Догдурбек Юсуповдун макаласы “Коррупция - улуттук коопсуздуктун башкы коркунучу” деген жана Коргоо кеңешинин жыйынынан жазылган “Саясий жана чырмалган коррупциянын себептери жоюлат” деген, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Коррупция түндүктөн түшкөн кут эмес, эл-жерди куруткан жут!” деген макаларын окууга болот.

“Де-факто” гезити “Көөдөндү көөдөй көөлөгөн көмүр көйгөйү же Кыргызстандагы энергетикалык кризис” аттуу макала менен баштап, политолог Мурат Мусабаевдин “Кыргызстан “кагаздагы кемеге”, кыргыздар мекенинде мейманга айланып калышы мүмкүн” деген маегин басты. Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен маек, белгилүү ырчы Гүлнара Тойгонбаева жөнүндө замандаштарынын ойлору да окуганга кызык.

“Жаңы агым” гезити “Бакыт Букаевди өлтүрүп, адвокатты сабагандар кимдер?” деп суроо койду. Гезит андан ары жакында “Замандаш-Современник” партиясынын өкүлү Таалайбек Сагынов Кыргызстан элинин 72 проценти Бажы союзуна кирүүнү жактайт” деп билдиргени боюнча айрым атуулдардын ойлорун укту.

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: Бажы союзуна кирүүнү жактаган 72 процентти көрсөткөн элдин 40 проценти кыргыз эместер. Алар Орусияга кошулгусу келет. Калган 32 проценти орусча ойлонуп, орусча сүйлөгөндөр. Бажы союзуна кирсе эле мигранттар укмуш жашайт деген болбогон жомок. Азыр Орусияда расизм, фашизм күч алды,-деп;

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун башкаруучу деректири Мирсулжан Намазалы: 72 проценти жактайт дегенди Орусия менен Казакстандын камчысын чапкан Евразиялык өнүктүрүү банкы чыгарыптыр. Эл менен жолугушсам, баары эле Бажы союзуна кирсек өлдүк деп атышат. Демек элде, коомчулукта Бажы союзуна кирүүгө каршы пикир көп, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG