Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Гезиттер: пейил бузулду


Жабылган казинолор кайра ачылбашы керектигин жазган “Арамдыктан алыс жүрөлү” деген жана парламенттик шайлоо жакындаган сайын бийликти көксөгөндөр жанданып, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны бүгүн 350гө жеткенин, эл тынчып калган кезде кайрадан уруу-урук, көчө-көчөгө бөлмөй башталарын жазган “Камылга” деген макалалар менен жаңы санын ачкан “Фабула” гезити “КТРКда бир айдан кийин бийлик алмашат”, “Жакупова жанын жеди”, Камчы менен "Карышкырдын" башы бир СИЗОдо кантип кайнаар экен?” деп кабар таратты.

Журналист Баратбай Аракеев “Пейилдин бузулушун” Толстой оңдогон... Кыргыз турмушун ким оңдойт?” деген макаласында Замира Акбагышева Шопоков шаарындагы кайсы бир саламаттыкты сактоого тиешеси бар эки кабат имаратты менчиктеп ала койгонун, бул фактыны Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева шардана кылганын, "Кыргызстан аялдар конгрессин" башкарган, теледен кетпей жакшылыкка, ыйманга чакырып жүргөн Замира Акбагышеванын кылганы ушул болуп отурса деп, ошентип кыргыздын кызматчымын деген улуу-кичүүлөрүнүн ичинен таза деген жан калбай калган турбайбы” деп кейиди. Бүгүн кыргыздын пейили бузулуп турганын, пейил оңолмоюн, барга көппөй, жокко ач-кыйкырык салбай, эл байлыгын жеп алганы аз келгенсип, артынан тууган-туушкандарын, айыл-апасын дүрбөтүп, “таза бололу” дегенди намаз кылып алган наадандардан тазаланалы” деп жазды.

“Фабуланын” бул санында гезиттин жаңы кожоюну Мелис Карыбековдун “Кыргыз журналистикасына жаңылык алып келейин дедим” деген, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин уландысы кийинки санга калтырылган “Эне тилди бузгандар” деген маектери басылып чыкты.

“Алиби” гезити Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчысы Чыныбек Ажыбековдун “Суроо көп, жооп жок” деген макаласын тартуулады. Мектеп, окуучулар проблемасын кеп кылган автор акыркы кездери тиешеси барына деле, тиешеси жогуна деле башын тыгып, Батыштагы кожоюндарынын айдактоосу менен иш кылган өкмөттүк эмес уюмдар күчөгөндөн күчөгөнүн, бирдеме болсо эле “мыйзамды бузуп жатасыңар!” деп кыйкырып чыга калмайды адат кылып алганын, демократиялык коом курчубуз деп атып ата-бабалардан калган салтыбызды тебелендиге калтырганыбызды, эми башкасы түгөнүп бүтүп “балдардын укугу” дегенди сүйрөп кирип, балдарды коомдук иштерге тартууну мындай кой, мугалим катуураак эскертүү жасаса “укугун бузуп жатат!” деп кыйкырып турган бейөкмөт уюмдар минтип жүрүп отурса бара-бара баланы мугалимдин, баланы мектептин таасиринен ажыратып, андан кийин карачечекей ата-энелери менен соттоштуруп, анан ата-эне салты менен сакталып келген кыргызды кылымдык ата салтынан ажыратууну максат кылганын айтып чыкты.

Кабарчы губернатор Эмил Каптагаев айткан мисалга кайрылып, Ысык-Көлдү мектеп окуучуларынын көмөгү менен таштандыдан арылталы деп демилге көтөрсө, “Балдарды эксплуатациялоону токтоткула!” деп ызылдап чыккан укук коргоочулардын каарына калганын, класста отуруп алып жаратылыш, экология боюнча китеп окуган бир башка, ал эми жаратылыштын өзүнө чыгып, жерди желедей басып бараткан желим баштыктардан арылтуу бир башка экендигин белгиледи. Өз кабарчы муну менен бирге эле Билим берүү министрлиги чырактай кыздарды хижабга ороп-чулгагандарды токтотуп, бирдиктүү мектеп формасына эмдиги жылдан баштап өтө тургандыгын да кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Президенттин коррупция боюнча жарлыгын эл кандай кабыл алды?” деген суроо менен кайрылды.

Саясий эксперт Токтогул Какчекеев:- Коррупцияга малынып, анысы айкын болгон чиновник өмүрү өткөнчө мамлекеттик кызматта иштебеш керек. АКШда так ушундай мыйзам бар. Ал эми бизде паракордугу менен коомчулукка таанылган адам кайра-кайра кызматка келип иштей бериши кадыресе адатка айланган. Саясий коррупциянын эң жаман түрү “Кумтөр” маселесинен көрүндү. Митинг дүйнөлүк деңгээлдеги демократиянын эң ачык түрү деп элди көчөгө алып чыгып жатышат. Жолдорду бууп салуу, жумушту токтотуп салуу деген экономикалык диверсия, өтө оор кылмыш. Мисалы, Ош-Бишкек жолун үч күн бууп салуу ишкерлерге 1 млрд. сом чыгаша алып келген. Эми ошол эбегейсиз чыгымга учуратуу митингин уюштурган саясатчылардын бири жоопко тартылдыбы? Жок. Кайсы гана мамлекетте болбосун кылган күнөө өз жазасын алууга тийиш. Жазаланбаган жерде мыйзам кол жоолукка айланат. Жазаланбаса жайылып кетет. Кээ бир саясатчылар он баланы төрөп, чайпалып араң баскан байбичелерди жолдун ортосуна сүйрөп чыгып, саясатка аралаштыргандан уялышкан жок. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин саясий коррупцияга каршы күрөшүү жарлыгы өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуунун арга кеткендеги аракети деп ойлойм,-деп жооп берди.

“Кыргыз туусу” гезити мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Коррупция түндүктөн түшкөн кут эмес, эл-жерди куруткан жут” деген маегинин акыркы бөлүгүн жарыялады. Ач көздүк, кайдыгерлик, арадай жерге чарадай кылып чуу салмайлык, кошоматчылык, дүнүйөкорлук, ашкере саясатчылдык деген кыргызга жабышкан дарт болгонун, ушул дарттан айыкмайын кыргыз оңолбой тургандыгына эл жазуучусу кенен токтолду.
XS
SM
MD
LG