Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кезектеги "кит"


Гезиттер коррупцияга каршы күрөштүн күүсү Бишкек мэри Иса Өмүркуловго да жеткенин жазып чыкты.

"Кыргыз туусу" гезити бүгүнкү санын акын Байтемир Асаналиевдин президент Алмазбек Атамбаевге арнаган “Урпагысың Манас менен Барсбектин” аттуу ыры менен ачты. Азимжан Ибраимов жана Бермет Маткеримованын макалалары өлкө президентинин эки жылдык ишмердигин талдоого алды. Ушул эле санда Бажы биримдигине кирүү жагдайында кеп болду. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы деректири Кубат Оторбаев менен окурмандардын түз байланышы эки бетке толтура болуп чыкты.

“Мэр менен жер” деген рубриканын алдында “Кезектеги “кит” кылтакка илинди” деген ат менен Мырзакат Тыналиевдин макаласы жарык көрүп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен кылмыш иши козголгон Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов Башкы прокуратура тарабынан суракка алынганын жана баш коргоо чарасын сот чечкени калганын кабарлады.

“Алиби” гезити академик Дөөлөтбек Шадыбеков Ташкаратегиндин Айтматов жөнүндө эскерүүсү, Динара Акун кызынын кыргыздын туңгуч композитор кызы Жылдыз Малдыбаева тууралуу макаласы басылды. Ушул эле санга көмөкөй менен ырдаган алтайлык ырчы кыз Ирина Кензина менен журналист Дайырбек Мейманов кызыктуу маек курду.

Аталган гезит муну менен бирге эле боору катуу дартка чалдыгып, азыр абалы оор болуп бараткан журналист Кенжебек Арыкбаевге чет өлкөдөн дарылатуу үчүн 50 миң доллар керек болуп жатканын баяндап, президент менен өкмөт башчысынан жардам сураган кайрылууну басты.

“Алиби” гезити булардан тышкары Кара-Кечеде көмүрдөн чыр чыгып, дагы аткылашып, Чаектин 38 жаштагы Айбек аттуу жигити окко учканын, Ошто митингчилер облакимчиликке кирүүгө аракет жасаганын жазып чыкты.

“Фабула” гезити эки генерал Токон Мамытов менен Исмаил Исаков соттошкону калганын, Бишкектин көчөсүндөгү жол кырсыгын жасап, адам өлүмүнө алып келип, качып кеткен Жанаркүл Аманбек кызы 17 күндөн кийин кармалып, соттук териштирүү бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына бир айга камалганын, Келдибековдун тууган-туушкандары Бишкектеги маалымат жыйынында Ош, Жалал-Абад, Баткенди алып, андан чыгып Нарын, Көл, Таласты басып, Бишкекке келип эсептешерин, “же жеңебиз, же жеңилебиз” деп дөөгүрсүп, бийликти басып алууга чакырык таштаганын, атүгүл айткандарынын өтөсүнө чыгуу үчүн кечээ Ош облакимчилигин алууга аракет жасашканын, мындай мыйзамсыз жорукту Ош шаарынын мэри колдой турганын жашырбаганын, Башкы прокуратура элди тымызын козутуп, Кыргызстандын, кыргыз улутунун бүтүндүгүн бүлдүргүсү келип жаткандарды көзөмөлгө алуусу керектигин эске салды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аманбай Кайыпов Нарын облусунун губернаторлугуна дайындалып, мурдагы губернатор Канатбек Муратбеков Осмонбек Артыкбаевге барып, энергетика министринин орун басарлыгына отурганын, КСДП партиясынын өкүлү Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголгонун, Иса Өмүркулов президент Алмазбек Атамбаевдин кан досу, жердеши экенин, үй-бүлөлүк байланыштары да күчтүү болгонун, бирок бул жигит да колун булгап алганын, арам дүйнөгө азгырылганын, “кан досум президент” деп ашкере ишенип алганын, Атамбаевдин: “менин тууганым болобу, досум болобу акча уурдаган болсо сөзсүз камалат” деген кебин элес албаганын, адыраңдап барып, акыры аласалганын маалымдады.

Паракорлордун бет пардасы ачылып, катары менен камала баштагандан бери эл байлыгын жегендердин далайы алапайын таппай калганын, депутат Курманбек Осмоновго кылмыш иши козголор замат көзүнө операция жасатуу шылтоосу менен Орусияга чыга качканын, дагы бир депутат Исхак Пирматов да Мекенинен алыс кеткени айтылып жатканын кабарлады.

“Фабула” бул санына “Нариман мырзанын санаса сан жеткис байлыгы мамлекетке өтөбү же өзүндө калабы?” деген ат менен Айбек Шамшыкеевдин макаласын тартуулап, Түлеевдин Бишкектеги үйлөрүнүн саны араң эле 17ге жетерин, үйлөрдүн көбүнүн баасы 150дөн 200 миң долларга чейин экендигин, мындан тышкары жер жайнаган жеке менчик ишканалары барын, алардын саны бери дегенде эле 20дан ашарын фактылар менен санап чыгып: “Анан ушундай чириген бай адамды мамлекеттин казынасынан бир тыйын алган жок деп кантип айтабыз? Демек мамлекеттин байлыгын мамлекетке кайтара турган мезгил келди. Эми шаардык сот ага кандай чечим чыгарат болду экен? Ташиев, Мамытов, Жапаровго окшоткон сценарий кайталанса, анда соттордун таптакыр “өлгөнү” деп айта берсек болот” деп айтты.
XS
SM
MD
LG