Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Үмүт жандырган жыл


Гезиттер “жыл мыктыларын” аныктай баштады.

“Алиби” гезити “Аркар, кулжадан айрылсак, атабыздын башына ак илбирсти сактайбызбы?!” деген баш макала менен жаңы санын ачты.

Мамлекеттин ички байлыгын талап-тоноп, саткандары аз келгенсип, канча жылдан бери кайберендерди атып да, сатып да келаткан баягы эле өзүбүздүн чиновниктер экендиги кейиш менен кеп болду бул макалада.

Аталган гезит “Жылдын мыкты адамы” деп атаган айтылуу ишкер Аскар Салымбеков “Бийликке интеллектуал, чынчыл адамдар келмейинче өлкө өнүкпөйт” деп маек куруп, Кыргызстан деген Кытайдын бир кичинекей эле шаарындай экенин, казынадагы акчанын көбү чиновниктерди багууга кетип жатканын, мамлекеттик кызматтарга шылуун, аферист, акылман көрүнгөн алдамчы адамдар кирип алганын, ушундайлардан арылмайын Кыргызстан өнүгө албай тургандыгын сөз кылды.

“Кыргыз милициясынын кырааны” деген макалада ички иштер министринин 1-орун басары Бактыбек Жусубалиевдин жакшы иштери жөнүндө сөз болду.

Канча күндөн бери массалык маалымат каражаттарынын сый-урматынан түшпөй келаткан депутат Карганбек Самаковдун атуулдук салымы тууралуу да “Алиби” басылмасы кенен жазып чыкты.

"Кыргыз туусу" гезити бүгүнкү санын “Чемпионго тулпары жарашты” деген баш тема менен ачты. Анда атактуу спортчу Каныбек Осмоналиевге Чүйдүн 23 жылдыгында жеңил автомашина тартууланганын кабарлады.

Кыргыз гезиттери жылды жыйынтыктап, ар кимиси өздөрүнүн “мыктыларын” атай баштады. “Кыргыз туусу” гезитинин мыктылары бул жолу өлкөбүздүн жер-жерлериндеги мыкты деп табылган айыл башчылары болду. Ушул эле гезитте “Жетиген” журналынын сыйлыгын жеңгендердин да аттары аталды. Анда “Жылдын Бакай атасы” Бексултан Жакиев, “Жылдын алтын үнү” Керим Турапов, “Жылдын мыкты депутаты” Бөдөш Мамырова, “Жылдын мыкты редактору” Бекен Назаралиев, “Жылдын мыкты кызматкери" Зарылбек Рысалиев, “Жылдын мыкты курулуш компаниясы” наамына Бейшенбек Иманалиев башкарган курулуш мекемеси жана башка көптөгөн адамдар татыктуу болду.

“Фабула” гезити “Зарылбек Рысалиев аткарчу иштер алдыда” деген ат менен Баратбай Аракеевдин макаласын жарыялады. Зарылбек Рысалиев мародерчулук кылгандардын бетин ачыкка чыгармай болгондо аны министрликтен Текебаев алып түшкөн деген сөз элди аралап келатканын, бул да чындык экенин, Текебаев да кыргыз саясатчыларынын мыктысы экенин, демек коррупцияга, кылмышка каршы күрөштө экөө эрегишпей: “Мен эр болсом, сен шер экенсиң!” деген принцип менен иштегенде өлкө үчүн эң туура болмогуна токтолгон автор Зарылбек Рысалиев жерде калчу жигиттерден эместигин, ал жөнүндө Атамбаев да терең ойго батып жатканын, анткени ал өзү таянган мыкты жигиттердин бири “жинди саясаттын” курмандыгы болуп жатканын айтты.

Аракеев коррупцияга каршы күрөштө милиция башчылары Бакыт Жусубалиев, Мелис Турганбаев, Сүйүн Өмүрзаков, Капар Батырканов, Рафик Мамбеталиев, Раад Мырзаканов, Эмил Салиев өңдүү ондогон азаматтар барын, алардын катарында генерал Зарылбек Рысалиев да турарын белгиледи.

Ушул эле автордун “Ыйманыбызды коррупционерлерге тепсетпейли!” деген макаласы басылып, Түлеевдин, Келдибековдун, Өмүркуловдун, качып жүргөн Пирматовдун, Балкыбековдун, Сулаймановдун байлыктарын карапайым элге таратса, анда эле эки-үч райондогу жакыр жашагандардын жашоосун орточо деңгээлге жеткирсе болорун, кыскасы кыргыздын “экинчи “Кумтөрү” дал ушул эл эсебинен байыгандардын чөнтөгүндө жатканын, эми Кудайга тобо кылып, келаткан жыл ыймандын, пейилдин жылы болсун деп тилейли деп жазды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Миң-Куштагы уран калдыгынын Көкө-Мерен аркылуу бүтүндөй Орто Азияны каптоо коркунучу бар” деп интервью берди.

Коомдук ишмер, белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков бүгүнкү күндө өлкөдө Атамбаев менен Текебаевдан башка саясый фигура жоктугун, бай адамдардын саясаттагы күнү бүтөрүнө аз калганын, келечекте байларга саясаттан орун болбостугун, келаткан жылда элдин турмушу да, пейили да акырындап оңоло баштарын, коррупцияга каршы күрөш эл күткөн жакшылыктарды алып келерин айтты.
XS
SM
MD
LG