Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жакшылык кагаз менен өлчөнбөйт


Өтүп кеткен жылан жылы эмне таптык, эмнелерди жоготтук? 24.kg маалымат агенттиги ушундай суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев:- Бул суроону өндүрүштө иштегендерге же мугалимдер менен дарыгерлерге, жөнөкөй адамдарга бериш керек эле. Эгер мына ушул адамдар жашоо-турмуш жакшырды деп жооп беришсе, анда чын эле жашоо жакшы жагына өзгөргөн болот. Анткен менен кенедей жакшылыктын өзү да жакшылык. Жакшылык дегенди кагаздагы проценттик көрсөткүчтөр эмес, элдин чыныгы турмушу көрсөтүп турат.

Өткөн жыл эң башкысы өлкөдө туруктуулуктун сакталышы жана коррупцияга каршы күрөш менен эсте калды десек болот. Казынаны уурдап жеп келген өтө чоң кызматтагы адамдар, депутаттар суралып, кылмыш жоопкерчилигине тартыла баштады. Алгач эл бул күрөш кандай болор экен деп күтүп турду, анан түшүнүксүз каршылыктар-митингдер башталды. Бирок биз мындан да өттүк. Уурдап-жегендер ээлеген кызмат даражасына карабастан жоопко тартылышы керек. Ошону менен бирге эле бир дагы журналист соттолбогону, бир дагы гезит жабылбаганы кубандырат,-деп,

Технолог Орозгүл Темирова: Биз өзүбүз болсо үйүбүздү жакшылап ремонттоп алдык. 90-жылдарга салыштырганда жашоо жакшырды. Балдар үчүн жаңы борборлор, менчик бала бакчалар ачылууда. Ата-энелер балдарынын билими үчүн акча төлөгөнгө жарап жатышат. Аракет кылган адамга жашоо акырындап оңолуунун үстүндө. Жашоого жалкоолор гана нааразы. Жолдордо кымбат баалуу машиналар, шаарда бийик-бийик үйлөр, жаңы соода борборлору, укмуштай ресторандар курулууда. Ушуларды карап туруп жетиштүү жашагандар улам көбөйө баштаганын көрүп ичиңден кубанасың. Анткени байлык деген өнүгүүгө себеп болот,-деп;

Пенсиядагы мугалим Нина Васильевна: Жакшырып баратат деп айтуу эртелик кылат. Жалаң пенсия менен жашай албайсың. Мугалимдердин айлыгы күлкү келтирерлик. Мен бир жарым ставка үчүн 9 миң сомдун тегерегинде айлык алам. 48 жылдык стажым үчүн алганым ушул. Дептер текшергениң үчүн айына араң 300 сом төлөнөт. Дагы Германияда жашаган кызыма рахмат, чет өлкөнү көргөзүп келди,-деп;

“МК Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов: Мен бул жылды 10-15 жыл мурдагы жылдардан айырмалуу болду деп айталбас элем. Баягы эле уурдап-жеген чиновниктер, мекенинен иш таппай башка өлкөлөргө кетип аткан баягы эле мигранттар. Эгер президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин маалында бийликти сындаган журналисттер соттолуп, куугунтукталып турса, азыркы президенттин тушунда деги эле журналист дегендерди бийлик тоготпой калды. Кандай сын материал болбосун, кандай курч публикация болбосун, кайдыгер чиновниктердин таш көөдөнүн тешип өтө албай турат,-деп;

Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов: Сөз жок, өткөн жыл мурдагыга караганда жакшы болду. Менимче шаар бир кыйла өзгөрдү. Көчөлөр асфальтталып, тротуарлар оңдолуп, жарыктар жаңыртылды. Жылыштар болду. Бир гана өкүнткөнү мага каршы кылмыш иши козголду,-деп;

Ысык-Көлдөгү майыптар союзунун төрайымы Гүлмира Казакунова: Мен үчүн жашоо кыйын болду. Пенсиямды 100 сомго көбөйткөндөн кийин алганым, биринчи топтогу майып катары 3 миң 900 сом болду. Ушул акчага кийинип, тамак жеп, дарыларды сатып алып, коммуналдык төлөмдөрдү төлөп турушум керек. Айткылачы ушул акчага жашоого болобу? Эл катары гезит сатып алып, кино көргүң келет. Тилекке каршы мен сыяктуулар адам катары жетиштүү жашай албай жатабыз,-деп;

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин деректири Мурат Саралинов: Бир кызыгы, агенттик мурдагы жылдардагыдай эле финансыланып жатканына карабастан өткөн жылы биздин спортто көп жетишкендиктер болду. Көрсө спортсмендердин духу кыйынчылыкта күчтүү болот экен. Бул деген бизде тренердик мүкүнчүлүк бар экенинин, патриот спортсмендер бар экенинин далили.

Бүгүн армияга чакырылган балдардын 90 проценти аскер кызматынын талабына жооп бербейт. Көбү итирейип кичинекей, көбү оорукчан. Ошондуктан таза жашоо образын үгүттөп, улуттун ден соолугу үчүн кам көрө турган мезгил келди.

Өткөн жылы Азия чемпионатында бокс боюнча алтын медал уттук. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы акыры спорт проблемасына көңүлүн бурду. Жалаңкат каалоо, курулай ой-максат менен жашаш кыйын. Эгер спортубуз ушул деминен жанбаса, быйылкы жыл биз үчүн жакшы жыл болот,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG