Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Бириккиси келбеген оппозиция


Бишкекте өткөн оппозициянын митинги. 10-апрель.
Бишкекте өткөн оппозициянын митинги. 10-апрель.

10-апрелде сатыкка чыккан гезиттери бүгүнки опозиция, өкмөт, саясий кырдаал тууралуу жазышты.

“Баягы, баягы Асаба” гезити "Бүгүн өтө турган оппозициянын митингинен эмне күтөсүз?" деген суроо менен айрым адамдарга кайрылганда коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: "Мен буга чейин ушул оппозициянын башында жүргөн адамдар улутка эмне кылды деген суроого жооп таба албай койдум. Өздөрүн улуттук оппозиция деп атаганы менен он жылда мамлекетке эмне кылды? Алардын оозунан качан болсо “Бул бийлик начар. Биз бийликке келсек мыкты болобуз” дегенден башка бир дагы жыргаткан сөз уга элекпиз" деп;

депутат Дастан Жумабеков: "Алар өкмөткө Кумтөр, Батукаев боюнча талаптарды коюшат" деп;

аткаминер Аалы Карашев: "Митинг демократиялык өлкөдөгү жакшы эле көрүнүш" деп;

депутат Акуналы Досалиев: "Булар бийликке суусагандар, эптеп тополоң кылып максатыма жетсем деген гана маселелерди күтүп жатышат. Башка ойлору жок. Бирок бу жолку митинг тынч өтөт" деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезити саясий эксперт Аркадий Дубновдун “Быйылкы жазда төңкөрүш болбойт” деген интервьюсун орус тилинен которуп жарыялады. Жаңыдан түзүлгөн Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн техникалык өкмөт деп баалаган эксперт анын негизги милдети элдин нааразылыгынын буусун чыгара турган “клапан” экенин, жаңы өкмөт ашып кетсе кийинки жазга чейин же кайрадан абал курчуй баштаганга чейин гана иштей турганын белгиледи. Аркадий Дубнов андан ары Кыргызстандагы азыркы оппозицияга баасын берип, ал саясий маани-мазмунга ээ болбогон жасалма, бири-бирине куралгысы келбегендерден куралган, бири-бирине кошулгусу келбегендерден кошулган, карама-каршылыктуу түзүм экенин, буга оппозициянын башына Равшан Жээнбеков менен Камчыбек Ташиевдин теңтөрага болуп жатышынын өзү эле эң сонун далил болуп жатканын, бул ишмерлер эптеп эле бийликке жетип алыш үчүн шашылыш “клейлей салган” теңтөрага боло калышканын ырастап турганын көчөдө олтурган кишиден бери эң жакшы билерин, ошондой эле оппозициянын ресурстары канчалык экенин баамдаш үчүн Ташиевдин жакында болуп өткөн басма сөз жыйынындагы сөзүн угуп коюу жетиштүү болорун, ал андагы сөзүндө: “Мен Ак үйдүн дубалынан эл үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн секирдим. Митингге катышууну каалагандарга бир гана талап коюлат - ташы, арматурасы, таягы, куралы жок келгиле” деди. "Ушунун өзү эле бул оппозиция саясий, социалдык талаптар менен баш кошпогон ар кошкон аламан элди көчөгө алып чыкканы жатканын, мындай кыймыл быйыл жайында, балким ага да жетпей тарап кетерин, ошондуктан Кыргызстанда быйыл эч кандай төңкөрүш деген болбой тургандыгын" айтты эксперт Аркадий Дубнов.

“Асман плюс” гезити Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Исках Масалиевдин “Кызматтан эбак эле кетким келип жаткан” деген маеги менен бүгүнкү санын ачты.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун “ГЭСтерди көп курсак Борбор Азияда таасирдүү оюнчуга айланабыз” деген маеги да ушул гезитте.

“Айат” гезити КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев менен интервьюсун басты. Кубат мырза айрым массалык маалымат каражаттары ал жөнүндө акыркы кезде калп каралоо, жалган ушак таратып келатканын, маселен, ага нааразы болуп кол койгон жети продюсердин ичиндеги “Айтыш” коомдук фондунун башчысы Садык Шер Нияз ошол кат жарык көргөндөн кийин анын наамына кат жолдоп: “Биздин ал кайрылууга эч кандай тиешебиз жок. Биздин атыбызды жамынып жазышкан” деп билдиргенин, ушул эле кайрылуудагы “Теңир -Тоо Ынтымак” коомунун Жаштар төрагасы Урмат Акунов дагы байланышып, бул катка тиешеси жоктугун жазып берип кеткенин айтып бергенин, айтор, Улуттук каналга кызыккан оңду-солду күчтөр көп экенин, айрымдар атайылап эле бирөөлөрдүн акчасына азгырылып ушундай кыянаттык иштерге барып жатканын айтты.

“Учур” гезити бул санын “Опулдаган оппозициянын ою ишке ашабы?” деген баш тема менен ачты. Журналист Жолдошбек Токоев макаласында “Мамлекеттүүлүк бекемделеби же бошойбу?” деген суроого жооп издеди. Ушул эле “Учур” гезити “7-апрелдеги элдин максат-мүдөөсү ишке аштыбы?” деген суроону айрым жарандарга берип жооп алды.

“Мекен инфо” гезити “Бишкек мэри шаар аралады” деп сүйүнчүлөдү.
XS
SM
MD
LG