Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Гезиттер: саясаттагы шах-мат жүрүштөр


Жарык көргөн басылмалар Кыргызстандын ички турмушундагы окуяларга өзгөчө басым жасады.

“Фабула” гезити өкмөттө чоң өзгөрүүлөр болорун, көпчүлүк коалиция кеңеши өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун иштеп чыкканын, 70 миллионго тартылган “Курманжан датка” фильми 29,6 млн. сом чогултканын кабарлады. Гезит кабарчысы Эрнис Балбаков баш макаласын “АКШ азапты эми салабы?” деп атады.

Туризм департаментинин директору Максат Чакиев “Чыныгы кыргызчылык “Кыргыз кодексинде” деген макаласында депутат Карганбек Самаковдун демилгеси жана жеке каржылоосу менен кыргыз элинин байыртадан келаткан ата салттарын, асыл дөөлөттөрүн чогултуп, ушул китепке киргизгенин, китеп бир айдан кийин толук басылып бүтөрүн билдирди.

“Жаңы агым” гезити эркек саясатчылар жапырт шайлоого даярдана баштаганда экс-президент Роза Отунбаева 2-3-мартта өтө турган Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна даярданып жатканын, Бириккен улуттар уюму да Роза айымдын бул демилгесин колдоого алганын белгиледи. Тынчтык Алтымышев макаласын “Шыкмаматов кеткен менен шылтоо кала берет” деп атаса, депутат Феликс Кулов маегин “Өкмөт өзү реформага муктаж, бизге сегиз министрлик эле жетмек” деп атады. Ушул эле “Агым” гезитине учкай маек курган президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев эки күндө эле галстуктан кыйналып кеткенин, массалык маалымат каражаттарын эки-үчкө бөлбөй иштерин кеп кылды.

Орустун азыркы мыкты акыны Иван Переверзиндин ырлары кыргыздын таланттуу котормочусу Мукан Асаналиевдин котормосунда бир бет болуп жарык көрдү. Белгилүү журналист Жаркын Темирбаеваны эскерүү баяны маркумдар Шамшыбек Өтөбаев менен Шералы Назаркуловго арналды.

“Алиби” гезити коомдук ишмер Жолдошбек Токоевдин “Баскан жерин кетмендеш керек” деген макаласы менен ачып, президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевди катуу сынга алды. Ушул эле гезит “Ак үйдөгү ак карга” деген рубриканын алдындагы ой-пикирлердин топтомун “Айтканын аңдабаган Атамбаев, жаркылдаган Жанар, журтта калган журналистика” деп атап, жаңы дайындалган басма сөз катчы Жанар Акаев тууралуу депутат Равшан Жээнбековдун, пиар-менеджер Авланбек Жумабаевдин жана журналист Эрнис Кыязовдун Жанар тууралуу калыс пикирлерин жарыялады. Ушул “Алибидеги” өткөн сандан бери жарык көрүп, бүгүн аягына чыккан мыкты макалалардын бири тилчи-терминолог, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары Четин Жумагуловдун “Кыргыз тилиндеги өздөштүрүүлөрдүн жана термин жасоонун бүгүнкү абалы” деп аталды. Айрыкча журналисттер менен жазуучулар, бардык эле кыргыз тилине күйгөндөр окуп койсо жаңылбайт эле.

“Де-факто” гезити аркылуу депутат Алмазбек Батырбеков сөз алып “Оппозиция элден колдоо таппасын билгени үчүн сырттан колдоо издеп жүрөт” деп атап, өлкөдө жалпы туруктуулукту курчута турган кырдаал бүгүн жоктугун айтты.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев “Нарын элине президентиби, премьериби, парламентиби, башкасыбы, башын ийип рахматын айтыш керек” деген маегинде чынында эле жаратылышы катаал, кашайып канча жылдан бери жыргатып кар жаабай, жети ай бою карандай суук какшап турган Нарындын эли намыскөй, кайратман, кыргыздын нукура салт-санаасын, нарк-насилин сактап келаткан эл экенин, кыргызстандык жалпы элдин төрт гана процентин түзгөнүнө карабастан Кыргызстандын жарымын, ал тургай кошуна казактарды да эт, картошка менен камсыз кылып жатканын, ошондуктан нарындыктарды багып жатабыз деген сөз туура эместигин айтып чыкты.

"Айбат” гезитинин жазгандары “АКШнын Украинага жасаган “жардамынын” Кыргызстанга кереги барбы?” деген, “Шыкмаматовдун отставкасы – “Ата Мекен” партиясынын кезектеги “шах-мат” жүрүшүбү?” деген, “Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү керекпи?” деген, “Мекенчилден” кылтыйган Садыр Жапаровдун кулагы” деген, “АКШ Кыргызстанга элчи кылып атайын “революциячыл” жана сексуалдык азчылыкты жактаган элчини жөнөттүбү?” деген макалалардан турду.

“Кыргыз туусу” гезити Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалаловдун “Жаңы долбоор ишке ашса, калкыбыз таза суу менен камсыз болот” деген маекти жана Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айыл аймагы тууралуу айыл башчысы Турдумамбет Рысбековдун иштөө ыкмасын чагылдырган баянды окурмандарына тартуу кылды. Бул санда “Аксакалдык парзын аткарган Маматемин аба” деген макала да бар.

“Кул болгусу келбегендер Курултайга келгиле!” деп чакырык таштоо менен 30 миң нуска менен атайын таратылган “Арена Kg” аттуу гезит орус-кыргыз тилиндеги макалалар менен жарык көрдү. Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун интервьюсу “Чыңгыз хан, анын уулдары кыргыз калпагын башынан түшүрбөптүр” деп аталып, Дастан аке Чыңгыз хан менен Аксак Темирдин кыргыз экенин аныктай турган бир топ жагдайларды ортого салды.

XS
SM
MD
LG