Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Эшек этинин чуусу, жабылган самсаканалар


Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” гезити жарык көрдү.

Гезит Беларуста жашап жаткан Бакиевдерге байланыштуу акыркы окуялар тууралуу кенен кеп кылды.

“Редакцияга белгилүү болгондой 21-февралда Беларус президенти Александр Лукашенко Минскиден Курманбек Бакиев менен жолуккан, жолугушуу 1 саатка чейин созулуп, сөз бүткөндөн кийин Лукашенко Курманбек Бакиевди резиденциясынан мурдагыдай узатып чыккан эмес” деп кабарлаган басылма, сыягы, Лукашенконун мээсине да акыры бирдеме жеткен окшобойбу деп жазып, бирок Бакиевдин арыгына мурдатан суу буруп жүрүп көнүп алгандар Анапияев өлгөндөн аз өткөрбөй эле эл ишене берет кылып, Анапияевди Кыргызстандын атайын кызматы өлтүрттү деп ушак таратып жибергенин, эгер Кыргызстандын атайын кызматы мындай ишке барса, анда Алмамбет эмес, ажал башкалардыкы болмогун белгиледи.

“Дело №...” андан ары өткөн окуяларды эске салып, Жаныш Бакиевдин буйругу менен Медет Садыркуловду өлтүргөндөрдүн бири катары качып жүргөн милициянын ошол кездеги подполковниги Айбек Абдыразаков Адылов Айдын Кадырович дегендин наамына жазылган Беларустун паспорту менен жашынып жүргөнүн, анан 2012-жылы Казакстандын Жамбул шаарынан дал ушул Айбектин агасы Пайзуллабек Рахманов кармалганын, ал да Беларус жараны Пазыл Ташиев дегендин наамына жазылган паспорт менен жүргөнүн, Жаныш Бакиевдин дагы бир желдети, улуту чечен Рустам Сайдуевдин паспорту да Беларус жаранына жазылып, ушул кезде ал Роман Александрович Деменьтев болуп жашап жатканын, бирок Бакиевдер үчүн Анапияевдин өлүмүнөн кийин Беларустун таңы бейпил болбой, үстүлөрүнөн кара булут айлана баштаганын төрт бетке толтура макалалар менен баяндап берди.

Аталган гезит ошондой эле Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге тиешелүү килем сатыкка коюлганын, төөнүн жүнүнөн жасалган килемдин узундугу 5 метр, туурасы 2 жарым метр экенин, килемге түрк тилдүү мамлекеттердин ошол Акаев учурундагы башчыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөнүн, убагында ал 25 миң долларга сатылып алынганын кабарлады.

Гезиттин дагы бир макаласы кыргыз элин кыжаалат кылган эшектин этине байланыштуу окуяга арналды. Гезиттин жазганы боюнча, эшектин эти менен бизнес кылып жүргөндөр алгач “эшектин этин Кытайдын Гонконг шаарына экспорттоп келатабыз” деп танып чыкканын, жанталашкан сөздүн жалган экенин ветеринардык надзордун инспекторлору жокко чыгарганын, эт экспорттоо үчүн “Кайтал” аттуу фирмага мамлекеттен эч кандай документ берилбегенин далилге тартканын, андан көп өтпөй эшектин кулагынан бир кездеги Мамлекеттик финансы надзорунун төрагасы болуп иштеген Юруслан Тойчубековдун кулагы чыга түшкөнүн, эшек союп акча жасаган “Кайтал” аттуу акционердик коомдун негиздөөчүлөрүнүн бири Юрусландын уулу Сейтек Юрусланович болуп чыкканын, кийин Бишкектеги кафелердин биринин ашпозчусу эшектин этинен тамак жасап жүргөнүн айтып бергенин, ал интернет аркылуу дүйнөгө тарап кеткенин жазып чыкты.

Гезит ошону менен бирге эле эшектин этин француздар, италиялыктар, Батыштын бир катар өлкөлөрү жей берерин, бирок мусулмандар, анын ичинен арабдар жебестигин, арабдар жылкынын этин да жебестигин эске салып, Бишкек акырындык менен чөгүп бараткан кемени эске саларын, майда мантыканалар менен самсыканалар биринин артынан бир жабыла баштаганын, фарш дегендер өтпөй калганын, бир топ түйүндүү маселелер артта калып, алдыңкы планга эми эшектин эти жана анын айланасындагы ыз-чуу чыкканына токтолду.

“Дело №...” гезитинин бүгүнкү санына ошондой эле “Таштандыдагы жипке муунуп өлдү” деген макала басылды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бир кездеги күйөө баласы, кийин кайнатасы менен мамилеси теңирден тескери кетип, кызы менен ажырашып, кызматынан куулуп, чет өлкөгө качып барып президентке оппозиция болгон Рахат Алиев Австриянын түрмөсүндө жаткан жеринен муунуп өлгөнү жөнүндө макала басылып чыкты.

XS
SM
MD
LG