Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Элдин мүнөзү өзгөргөндө тагдыр өзгөрөт


Бүгүн “Искра” жана “Көк асаба” гезиттери жарык көрдү.

Гезиттердин катарын бүгүн чыкпай калган “Искра” гезити толуктады. Башкы редактору Адилет Айтикеев, редакциялык кеңештин мүчөлөрү журналисттер Арслан Капай уулу, Уран Ботобеков жана Нарын менен Таластын бир кездеги губернатору Бейшен Болотбеков.

Гезит ачканда эле Адилет Айтикеевдин “Салянова акпы же карга карганын көзүн чокубайбы?” деген макаласын тартуулады. Андан кийинки майда кабарлар “Бүгүн Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасы каралат”, “Кайран паспорт кимдерге гана берилбейт”, “Журналист Айбашовду тузакка алгысы келген “үч тамгаларга” ким чара көрөт?”, “Элвира Сариева эл үмүтүн актаган жок”, “Оштогу Кетбуканын осуяттары кайда кетти?”, “Атасын уятка калтырган Темирбек суудан кургак чыгабы?” деген темалардан турат.

Андан кийинки макала “Мелис Мырзакматовду куугунтукка алуудан Атамбаев кандай пайда тапты?” деген макала басылды. Макаланын автору Адилет Айтикеев “Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүү президенттин Оштогу кылтылдап турган кадырын ого бетер жокко чыгарды” деп жазса, Уран Ботобеков ушул эле гезиттеги маегинде мурдагы башкы прокурор “Салянова жеке өзү Мырзакматовго каршы кылмыш ишине кол койбогонун, эгерде анын күнөөсү далилденбесе иш козгогон прокурорлор жоопко тартыларын убагында эскерткенин маалымат жыйынында кабардар кылды. Бул деген Мырзакматовго ачылган кылмыш иштин талаштуу экенин, ага карабай бийлик өз оппонентине саясий куугунтук жасап жатканын ачык айгинелейт” деп айтты.

Андан ары ал кандай болгон күндө да Салянова билдирүүлөрү менен Кыргызстандын саясий турмушун бир топ жаңылантканын, эми мындан аркы окуя ал билдирүүгө карата президенттин жообуна жана Салянованын андан кийинки саясий жүрүштөрүнө жараша болорун, Салянова мындан ары акыйкаттык үчүн күрөшөбү же ушундай ыкма менен мурда боло жүргөндөй бийлик менен соодалашууга барабы, аны жакын арада эле убакыт өзү көрсөтөрүн билдирди.

“Искра” гезити “Учурда мамлекеттеги абал бардык жагынан алганда жардын кырында турат. Сиз абалдан чыгуу үчүн президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кандай жолду сунуштайт элеңиз?” деген суроого айрым жарандардан жооп алды.

Жогорку Кеңештин кызматкери Тимур Абылаев: Президенттик администрация үч бийлик бутагынын ич ара ишине аралашпашы жана алардын бири-бирине машташуусуна жол бербеши керек, - деп;

Кубатбек Айбашев, “Башат.Kg” сайтынын башкы редактору: Саясий жактан Орусиянын кол баласына айланарыбыз турган иш,- деп;

“Алиби” гезитинин башкы редактору Канышай Мамыркулова: Кыргызстан башынан өткөргөндөрдүн баары саясатчыларга сабак болуш керек эле. Тилекке каршы, мансапкорлук канына сиңген улуттун мамлекет башында турган адамдары жоопкерчиликти сезген жерлери жок. Эч кимге буга чейинки болгондор, аянтта курман болгон балдардын кырчын кезинде кыргыз элинин келечеги үчүн деп кыйган өлүмү таасир берген жок, - деп жооп берди.

“Көк асаба” гезити Индира Раимбердиеванын “Элдин мүнөзү өзгөрүүдө, демек тагдыры да өзгөрүлөт” деген макаласын тартуулады. Макала саясатчыларга багышталып, өлкөнү азыркы абалдан чыгарып кетүү үчүн үч факторго көңүл буруу керектигин, алар эмнелерден турарын талдоого алып кеңешин берген.

Жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” эскерме баяны уланууда. “Көк асабанын” жаңы санында “Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы кыргыз студенттеринин жашоосу кандай?” деген макала бар. Чүй обулустук мектеп-гимназиясынын директору Бүбүкан Жусупова макаласын “Энесин укпаган кыз, күйөөсүн угабы?” деп атап, кызды кантип багып, кантип тарбиялоо керектигине кеңешин берди. Буга улай эле “Кыргыз кызы кандай болушу керек?” деген суроонун алдында ой топтом басылып, ага жигиттер өз ойлорун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG