Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Келдибековдун камалышына ким кызыкдар?


Бүгүн “Искра” жана “Көк асаба” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдык мааракесине карата салым кошуу марафону ушул жылдын 9-апрель күнү саат 10до Токтогул атындагы филармонияда өтө турганын кабарлады.

Аталган гезит “Мамлекеттик кызматчы кандай болуу керек?” деген аталыш менен айрым адамдардын ойлоруна орун берди.

“Кыргызстан” аттуу Улуттук энциклопедиянын башкы редакторунун орун басары Закон Бейшеевдин маеги “Энциклопедияны даярдоодо ар бир томуна 600-700дөн автор катышкан” деген ат менен жарыяланды.

Сапарбекова Айганыш Керим кызынын макаласы “18 күндүк Манас айтуу" деген ат менен жарык көрүп, Ч. Айтматов атындагы китепканада күн сайын "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылып, ал 18 күнгө созуларын маалымдады.

Жазуучу Ракыя Жусупованын сандан санга жарык көрүп келаткан “Таттыбүбү” деп аталган эскерүү баянын уландысы да бар. Журналист Салтанат Кыдырбаеванын интервьюсу кыргыздын сөөк коюу салтын айтып берет. Кочкор өрөөнүнүн аталышы кайдан пайда болгонун Кайырбек Коңурбаевдин баянынан окуп алсаңыздар болот.

Абасбек Жусупбек уулунун макаласы “Чоңорбай абам сөөк сыныгын колу менен ордуна келтирчү” деп аталды.

“Искра” гезитинин жаңы саны да жарыкка чыгып, Атамбаевди сындаган макалалардын баш темасына орун берди. Макаланын автору Адилет Айтикеев “Президент Атамбаев кыргыз элинин абийирин, ар-намысын кайдагы бир сасык, аферист соодагерге сооодалап жиберди” деп жазат. Депутат Курманбек Осмоновдун маеги “Мырзакматовдун эмгеги чоң” деген ат менен басылып чыкты.

Журналист Адилет Айтикеевдин дагы бир макаласы “Кырдаал” деген ат менен жарык көрүп, бийликтеги кырдаалды сынга алды.

“Акматбек Келдибековду соттогусу келгендер кимдер?” деген макала басылды. Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи май райсотунда Акматбек Келдибековдун соту жүрүп жатканын кабарлаган гезит, мындан ары сот жүрүшүнөн алынган видеоматериалдардын негизинде стенограммаларды жарыялап турууну чечкенин белгилеп, бул ирет Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаровдун сөзүн тартуулады.

Аталган гезит бүгүнкү санына “24-мартта президент Аскар Акаевдин бийликтен кеткенине 10 жыл толот. Анын Кыргызстанга келишине кандай карайсыз?” деген суроо менен төрт кишиге суроо салды.

Болот Жанузаков: Аскар Акаев кайсы убакта келем десе өзүнүн эрки. Ар ким билгенин айта берет. Ал кыргыз мамлекети үчүн эң зор кызмат кылып берди,- деп;

Садыр Жапаров: Кыргыз мамлекети үчүн кылган кызматы зор болгон. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Биринчилерден болуп сомду киргизген. Бийлик аны кеңешчи кылып пайдаланса болмок,-деп;

Өмүрбек Абдрахманов: Акаевдин тарыхый жасаган көрүнүктүү иши– менчик институтун кийиргени, негизги кемчилиги Конституцияны бузуп, үч мөөнөт президент болгону,-деп;

Дайырбек Орунбеков: Кандай болгон күндө дагы Кыргызстандын тунгуч президенти. Ал кишинин учурунда Кыргызстандын тышкы саясаты абдан жогорку деңгээлде жүрүгүзүлчү. Кемчиликсиз жетекчи болбойт. Ошондуктан Кыргызстанга кайтып келиши керек. Курманбек Бакиев да кайтып келиши керек деп эсептейм. Алар кандай болгон күндө дагы мамлекетти башкарган кишилер,- деп жооп берди.

Саясатчы Шаирбек Маматтокторовдун маеги “24-март Кыргызстандагы мыйзамсыздык башаты” деп аталды.

“Нурбеков – алгачкы диссидент, анык аристократ” деген макала да гезиттин ушул санында.

XS
SM
MD
LG