Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Садыр Жапаровдун президент болуу дымагы


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“ПолитКлиника” гезити келаткан шайлоо кандай болорун божомолго алган эксперттердин ойлоруна орун берди.

Адаттагыдайле “Президентке кат!” деген рубрикасы менен бүгүнкү санын ачкан “ПолитКлиника” гезити Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл депутаттары менен айыл тургундарынын атынан Алмазбек Атамбаевге кайрылган катты басты. Кат “Алмазбек Шаршенович, ошондо “бир күн кайрылармын” деп айттыңыз эле” деген ат менен жарык көрүп, айыл башчысы Таалай Куланбаев менен айылдык кеңештин төрагасы Кубат Орозалиевдин мыйзамсыз иштери элди эзип келатканын жазган.

“ПолитКлиника” гезити “Апрель сабактары жана өзгөрүлмө Конституция” деген жалпы теманын алдында пикирлерди басты.

Топчубек Тургуналиев "келаткан шайлоо таза болбойт. Анткени арам акчага байыгандар абдан көп. Мына ошолор добуштарды сатып алып бурмалашат. Ошондуктан президент баш болуп мындайларды шайлоого киргизбегенге аракет кылуу керек. Ондогон депутаттарга каршы кылмыш иши бар. Аларды жарыялаш керек. Эгер өкмөт жарыялабаса, мен жарыялайм", - деп айтып чыкты.

“Азия ньюс” гезитиндеги “Атамбаевдин КСДПчы депутаттары сауна, сойкукана ачышып, сутенорго айланышты” деп аталган маегинде экс-депутат Бегалы Наргозуев бийликти катыра сындоо менен “кана, Атамбаев 5 жылдан бери кайсы коррупционерден миллиондогон долларды өндүртүп, казынага төктүрттү? КСДПчы депутаттар колго түшсө сауналарын, сойкуканаларын туугандарына, жакындарына каттатып койгон болот” деп айтты. Андан ары өлкөдөгү экономикалык абалды, электр энергиясынын кымбатташын, саясаттын туура эмес жүргүзүлүп жатканын белгилеп: “Кыскасы, Кыргызстан аттуу кемени сууга чөктүрүүчүлөр бийликте отурушат” деп билдирди.

“Асман плюс” гезитинде Садыр Жапаровдун маеги “Жел чыкса деле Бакиевдерден көрүшөт” деп аталып, шайлоого барарын, буюрбаса айла жоктугун, кокус президент болуп калса башкаруу системасын үч айдын ичинде түп-тамырынан бери өзгөртмөгүн, анткени азыркы система илгерки чириген система экенин айтты.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Кулча иштеп, байча жашаганды өздөштүрөлү” деп маек берди. “Уурдалган миң сом, абактагы арман кат” деген рубриканын алдындагы макалалар топтому түрмөгө болбогон жерден кесилип кеткен аялдардын армандуу тагдыры тууралуу баяндады.

“Баягы асаба” гезити бүгүнкү санына “Атамбаев эмнеге “Данакер” орденин алган, ыя?” деген ат менен көз карандысыз укук коргоочу Куван Бектемировдун макаласын басты. Макалага баш сөзүн жазган гезиттин башкы редактору Эрнис Асеков, аталган кат ага 2012-жылдын 15-сентябрында келгенин, ошондон бери бассамбы, же жокпу деп ойлонуп жүрүп, эми басып жатканын, автору Кван Бектемиров деп жазылган менен мындай киши бар экенинен да күмөн санарын, бирок макаладагылардын баары кашкайган чындык деп айталбастыгын, балким жөн гана президентке көө жабуу болушу мүмкүндүгүн, каттын көчүрмөсүн Башкы прокуратура менен президенттин басма сөз кызматына да жөнөткөнүн, макала кыскартылып жарыяланып жатканын жазып туруп тартуулады.

“Айат” гезитинин бүгүнкү башкы макаласы “Апрель революциясына 5 жыл” деген ат менен жарык көрдү. Апрель баатырлары Эмил Кыштообаев, Абдраим Касымов, Дүйшөн Маматов кандуу апрель окуясын эскеришти. 5 жыл мурун чыныгы революция болгонун, Бакиевдердин заманында бир үй-бүлөнүн башкаруусунда жашасак, азыр парламенттик башкарууга өткөнүбүздү, салыштырмалуу система өзгөргөнүн, Атамбаевди сындай бербей жалпылап жардам берсек өнүгүү болорун, мындан ары мындай кандуу тополоң кайталанбашын айтышты.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Беш жылдан кийин” деген рубриканын алдында “Бакиевдин “баатырлары” кайда?” деген макаланы окурмандарына тартуулады. Макалада Курманбек Бакиев жана анын командасы, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Данияр Үсөнов, Молдомуса Конгантиев, Бакыт Калиев, Марат Суталинов, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев тууралуу кыскача сөз болот.

Назгүл Калмамбетованын макаласында жаз келери менен Бишкектин эл көп жүргөн жерлерин гүл менен көрккө бөлөп, гүл өстүрүп келаткан шаардык жашылдандыруу курулуш ишканасынын №1 гүлбакчасынын бөлүм башчысы Мария Акматованын гүл өстүрүүдөгү сыры, гүлдүн кандай түрлөрүн өстүрөрүн, кантип өстүрөрүн баяндады.

XS
SM
MD
LG